Садыр Жапаров: Кыргызстан санкцияга кирген бир да товарды Орусияга жөнөткөн эмес

Жапаров АКШдагы сапарынын алкагында 21-сентябрда Америка-Кыргыз бизнес кеңеши уюштурган жыйынга катышты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапаров АКШдагы сапарынын алкагында 21-сентябрда Америка-Кыргыз бизнес кеңеши уюштурган жыйынга катышты
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкө Орусияга санкцияга кирген товарларды жөнөтпөгөнүн билдирди. Ал бул тууралуу АКШдагы сапарынын алкагында 21-сентябрда Америка-Кыргыз бизнес кеңеши уюштурган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Жапаровдун билдиришинче, Кыргызстан Орусияга товарларды мурдатан эле экспорттоп келген. Ал акыркы жылдардагы соода өсүшүн Украинадагы согуштан кийин пайда болгон реэкспорт менен байланыштыруу туура эмес деген позициясын билдирди.

"Орусия менен Украинанын ортоундагы согуш болгонуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын же Европанын товарын Орусиягы ташып, экономикасы ошондон көтөрүлүп жатат, болбосо көтөрүлбөйт эле деп, "Нью-Йорк Таймс" бул жерде туура эмес айткан. Анткени биз Орусияга мурдатан эле товарларды сатып келебиз. Кытайдан да экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Санкцияга кирген бир да даана товарды документтик же факты түрүндө Орусияга жиберген жокпуз. Биз дагы санкцияны сыйлаган, Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз".

Жапаров Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө реэкспорт эмес, башка факторлор таасир этип жатканын айтты. Ал экономиканын өсүшү үчүн кылмыштуулук жана коррупция азайышы керетигин билдирип, мамлекеттик жетекчилер бюджеттик каражаттарды уурдоого жол бербеши керектигине токтолду.

"Мен эртең дагы бул боюнча өз сөзүмдө айтам. Экономиканын көтөрүүнүн үч эле себеби болот. Кайсы мамлекет болбосун, бул Кыргызстанга эле тиешелүү эмес. Биринчи - криминал деген жок болушу керек. Анткени сырттан келген инвестор коопсуз сезип, бизнесине салган акчасын кайра кайтарып алат. Эки-үч эсе кайтарып алам деп ишениши керек. Экинчи - коррупция, чиновниктердин дээңгээлинде, жогорку жакта болобу, ортоңку, ылдый жагында болобу, жок болушу керек. Үчүнчүсү - эң негизгиси, башчы, президент өзү уурдабаш керек. Башкаларга да уурдатпаш керек, министрлерге дагы. Мына, ошондо бюджетиң толот. Мына, ошондо экономикаң көтөрүлөт. Элиңдин турмушу жакшырат. Мисалы, 2020-жылга чейин ИДПнын киши башына карата көлөмү 1000 доллардын тегерегинде болсо, азыр 4000 долларга жакындап калды. 2030-жылга чейин биз андан да көбөйтөбүз деген пландарыбыз бар".

Жапаровдун бул билдирүүсү The New York Times басылмасы Кыргызстандын экономикасынын акыркы жылдардагы өсүшү тууралуу жарыялаган материалдан кийин айтылды.

15-сентябрда жарыяланган макалада Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11% өскөнү, ал эми өсүштүн бир бөлүгү Орусияга багытталган реэкспорт менен байланыштуу экени жазылган. Басылма Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына таянып, акыркы төрт жылда реэкспорт өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн 30–40%ын камсыздаганын белгилеген.

The New York Times материалында Кыргызстан аркылуу Орусияга автоунаалар, электроника жана жарандык да, аскердик да колдонулушу мүмкүн болгон айрым жабдуулар өткөнү айтылат. Ошондой эле Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин Кыргызстан Кытайдан жана Батыш өлкөлөрүнөн келген айрым товарлар үчүн Орусияга алып өтүүчү маанилүү багыттардын бирине айланганы баяндалган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле учурда Кыргызстандагы экономикалык өсүштү бир гана реэкспорт менен түшүндүрүү туура эмес экени белгиленген. The New York Times материалында алтындын баасынын өсүшү, каржы жана криптовалюта секторлорунун кеңейиши, ошондой эле мамлекеттик курулушка кеткен чыгымдардын көбөйүшү да экономикалык өсүштүн факторлору катары көрсөтүлгөн.

Эл аралык валюта фонду да Кыргызстандын соодасында реэкспорттун кескин өскөнүн белгилейт. Аталган фонд 2026-жылдагы баяндамасында 2025-жылы өлкөгө импорттолгон керектөө товарларынын олуттуу бөлүгү Евразия бажы биримдигинин башка өлкөлөрүнө, негизинен Орусияга кайра экспорттолгону айтылат. Фонд мындай соодада көзөмөлдөнгөн товарлардын уруксатсыз кайра экспорттолушу жана башка өлкөлөргө багытталып кетүү коркунучу бар экенин белгилеген.

Кыргыз өкмөтү буга чейин санкцияга кирген товарларды көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн айтып келген. The New York Times басылмасына берген комментарийинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдик, АКШ жана Улуу Британия белгилеген санкциялык товарлар эске алынарын жана алар катуу көзөмөлдөнөрүн билдирген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын киши башына эсептелген ИДПсы азыр 4 миң долларга жакындаганын айтты.

Президент Садыр Жапаров ушул күндөрү АКШда жүрөт. Ал буга чейин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Юта штатына барып, аймактын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөргөн. Ошондой кыргыз президенти АКШдагы сапарынын алкагында БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясына катышары айтылган.