Алайда милицияга көрсөтмө бергени келген жаран ооруканага түштү: ОИИБ түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Коомдук сайттарда Алай райондук милиция бөлүмүнө көрсөтмө бергени кирип, бирок оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жаран тууралуу видеолор тарап жатат.
Анда Нурбек Жусубалиев аттуу жергиликтүү депутат Кум-Бел кен казуу участогунда "сары таш" казуу боюнча териштирүүнүн алкагында милицияга чакырылып, көрсөтмө берип жаткан маалда эс-учун жоготкону айтылат.
"Жусубалиев Нурбек саат эртең менен сегизде үйүнөн чыккан. Тогузда РОВДга келген. Биз бирде бул жерге келгенбиз. Бизге жолуктурбады, "үстүндө, күтө тургула" дешти. Анан башка комнатада отурсак, "чыккыла, мунун кимиси болосуңар, без сознания болуп калды" дешти. Тез жардамды чакырышыптыр", - дейт бул тууралуу ооруканага түшкөн жарандын жакыны.
Бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгы Алай райондук милициясынын имаратында эс учун жоготуп, ооруканага түшкөн жарандын окуясы боюнча түшүндүрмө берди.
Расмий маалыматка ылайык, 16-сентябрда Алай райондук ички иштер башкармалыгы Таш-Короо айылынын Кум-Бел участогундагы кен казууга байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Анын жүрүшүндө 17-сентябрь күнү окуяга тиешеси бар делген Ж.Н. жана А.А. аттуу эки жергиликтүү жаран тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө чакырылган.
Ж.Н. аттуу жаран милицияга ар кандай мазмундагы үч башка арыз менен кайрылып, жергиликтүү милиция алардын баарын каттоого алганын айтууда. Алардын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери да башталган.
"Ж.Н.арыз жазып бүткөндөн кийин, кан басымы көтөрүлүп,эс-учун жоготкондуктан, тез жардам унаасы менен Алай райондук ооруканасына жеткирилген", - делет бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынин маалыматында.
Жергиликтүү милиция Кум-Бел кен казуу участогундагы таш казуу иштерине байланыштуу "Жолметкен" жоопкерчилиги чектелген уюмунун үстүнөн текшерүүлөр жүргүзүп жатканын Би-Би-Сиге тактады.
































