Аяз Баятов Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Сүрөттүн булагы, Official
Ал бул кызматты коомдук негизде аткарат. Баетов буга чейин юстиция министри болуп иштеп, жакында эле Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына дайындалган.
"Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Баетов Аяз Батыркулович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды" деп айтылат.
Президент Садыр Жапаров ушул күндөрү АКШда жүрөт. Ал Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Юта штатына барып, аймактын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле бул сапарынын алкагында президент Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарынын алкагындагы иш-чараларга катышат.
Аяз Баетов Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп 8-сентябрда дайындалып, Аида Касымалиеванын ордуна барган.
Баетов ага чейин беш жылдай юстиция министри болуп иштеген. Президент Садыр Жапаров анын "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстанга кайтаруу процессине салым кошконун бир нече жолу айткан.
Акыркы жылдары Баетов мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу боюнча ишти жетектеп, вице-премьер-министрге тең ыйгарым укуктарга ээ болгон.
Анын жаңы кызматы Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп турган учурга туш келди. Быйыл июнда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган.
































