Орусиядан он күндө дээрлик 100 миң өзбекстандык кайтып келди. Буга эмне себеп?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Би-Би-Синин Өзбек кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Өзбекстандын Миграция агенттигинин маалыматына караганда, августтун аягы жана сентябрдын башындагы он күндүн ичинде Орусиядан 96 миңден ашуун Өзбекстандын жараны өлкөгө кайтып келген.
Орусиядагы айрым басылмалар муну акыркы жылдардагы мигранттардын эң ири агымдарынын бири катары чечмелеп, буга кирешелердин азайышын жана Орусияда миграциялык саясаттын катаалдашын себеп катары көрсөтүүдө.
Бирок Өзбекстандын расмий өкүлдөрү кайтып келгендердин баары эмгек мигранттары болгонун айткан эмес. Ошондой эле алардын канчасы Өзбекстанда кала турганы же кайра Орусияга же башка өлкөлөргө иштөө үчүн кетери тууралуу маалымат жок.
Бул Орусиянын Өзбекстандын эмгек миграциясындагы орду акырындап өзгөрүп жаткан учурга туш келүүдө. Орусия дагы деле өзбекстандыктар үчүн негизги эмгек рыногу бойдон калууда, бирок акыркы маалыматтар Европага жана Чыгыш Азияга багыт алган миграциянын мааниси өсүп жатканын көрсөтөт.
Он күндө 96 миңден ашуун адам кайтып келген
Миграция агенттигинин маалыматына караганда, 25-августтан 5-сентябрга чейин Орусиядан Өзбекстанга 96 415 жаран кайтып келген. Алардын 54 885и Орусиядан түз келген, ал эми 41 530у Казакстан аркылуу келген.
Бирок бул санды Орусиядан дээрлик 100 миң эмгек мигранты биротоло кетти деп чечмелөөдө этият болуу керек.
Агенттиктин билдирүүсүндө кайтып келген 96 415 адамдын баары эмгек мигранттары экени айтылган эмес. Алардын канчасы Орусияга кайра барууну пландап жатканы же Өзбекстанда калгысы келери тууралуу да маалымат берилген жок.
Ошондуктан бул сан азырынча көп сандагы жарандардын Орусиядан кайтып келгенин көрсөтөт, бирок өзбекстандык эмгек мигранттарынын Орусиядан мынчалык санда биротоло кеткенин билдирбейт.
"Акыркы жылдардагы эң ири агым"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын ультраконсервативдүү православ багытындагы "Царьград" басылмасы бул көрүнүштү акыркы жылдардагы мигранттардын эң ири агымдарынын бири, башка бир материалында болсо "акыркы жылдардагы эң чоң агым" деп атаган. Басылма буга кирешелердин азайышын, рублдин алсызданышын, миграциялык саясаттын катаалдашын жана өзбекстандыктар үчүн альтернативдүү эмгек базарларынын пайда болушун себеп катары көрсөткөн.
Бирок "эң чоң агым» деген баа Өзбекстандын Миграция агенттигине эмес, "Царьград" басылмасына таандык экенин баса белгиеп коюу керек. Өзбекстан тарап буга чейинки жылдардын ушул эле мезгилинде Орусиядан канча жаран кайтып келгенине байланыштуу салыштырма статистиканы келтирген эмес. Ошондуктан бул чындап эле акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүч экенин азыркы маалыматтардын негизинде тастыктоо мүмкүн эмес.
Өзбекстандын Upl.uz сайты да жарандар Орусиядан "массалык түрдө" кайтып жатканын жазып, буга айлык акынын төмөндүгүн, туруксуз кырдаалды жана коопсуздукка байланыштуу тынчсызданууларды мүмкүн болгон себептер катары көрсөткөн.
Миграция агенттиги Орусияда убактылуу иштеп жаткан жарандардын кайрылуулары жекече тартипте каралып жатканын билдирген. Агенттиктин маалыматына караганда, жумушсуз калган адамдарга альтернативдүү жумуш мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо, оор кырдаалга кабылган адамдарга жардам берүү жана мекенине кайтууну каалагандарга көмөк көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.
Кайтып келген эмгек мигранттарынын айрымдарына жеке ишкерликти баштоо же иштеп жаткан бизнесин өнүктүрүү үчүн грант алуу мүмкүнчүлүгү да сунушталууда. 2026-жылдын сентябрында Миграция агенттиги менен Эл аралык миграция уюмунун кызматташтыгынын алкагында 2025–2026-жылдары чет өлкөдө иштеп, Өзбекстанга кайтып келген жарандар үчүн сынак жарыяланган. Ага ылайык, татыктуу бизнес-долбоорлорго 60 миллион сумга (444 000 кыргыз сому) чейин грант берүү каралган. Программа Швециянын Юстиция министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Грант алуучуларды тандоодо бизнес-идеянын негиздүүлүгү, жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү жана долбоордун туруктуулугу эске алынат. Аялдардын катышуусун колдоого да өзгөчө көңүл бурулган. Арыздар 2026-жылдын 21-сентябрына чейин кабыл алынары белгиленген.
Мындан тышкары, 2024–2026-жылдары Британиянын сезондук жумушчулар программасына катышып, кайтып келген өзбекстандыктар үчүн да өзүнчө бизнес-грант программасы бар. Талапкерлер бизнес боюнча окуудан өтүп, өз бизнес-планын сунушташы керек.
Бирок бул программаларды 25-августтан 5-сентябрга чейин Орусиядан кайтып келген 96 миңден ашуун адамдын баарына арналган атайын жардам пакети деп айтууга болбойт. Расмий билдирүүдө 96 415 адамдын баары эмгек мигранттары экени да айтылган эмес.
Бизнес-грант белгиленген талаптарга жооп берген жана сынактан өткөн кайтып келген эмгек мигранттарына арналган.
Орусия дагы эле негизги багыт
Орусиянын Өзбекстандын эмгек миграциясындагы үлүшү азайып баратканына карабастан, өлкө дагы деле өзбекстандыктар үчүн эң ири тышкы эмгек рыногу бойдон калууда.
Августта жарыяланган маалыматтарга караганда, дээрлик 1,4 миллион Өзбекстандын жараны 40ка жакын өлкөдө иштеген жана алардын дээрлик 60 пайызы Орусияга туура келген.
Ошол эле учурда миграциянын географиясы өзгөрүп жатат. Борбордук банктын маалыматтары Европага жана Чыгыш Азияга багыт алган миграциянын өсүп жатканын көрсөтөт.
Бул тенденция акча которуулардан да байкалат.
2026-жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстанга чет өлкөдөн которулган акчанын көлөмү өскөн, бирок анын ичиндеги Орусиянын үлүшү бир жыл мурдагы 77,6 пайыздан 72,4 пайызга төмөндөгөн. Борбордук банк муну, анын ичинде Орусияда иштөө үчүн патенттердин кымбатташы, рублдин курсундагы өзгөрүүлөр жана эмгек миграциясынын багыттарынын кеңейиши менен байланыштырган.
Ошондуктан Орусиядан келген акча кескин азайып жатат дегенден көрө, Өзбекстанга келип жаткан акча которуулардагы Орусиянын үлүшү азайып жатат деп айтуу такыраак.
Азыркы маалыматтар Орусия өзбекстандык мигранттар үчүн маанисин жоготконун көрсөтпөйт. Ал дагы эле негизги эмгек рыногу жана акча которуулардын эң ири булагы бойдон калууда.
Бирок башка тенденция да байкалууда: Өзбекстандын жарандары үчүн Европада, Түштүк Кореяда жана башка эмгек базарларында иштөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Өзбекстан эмгек миграциясынын багыттарын диверсификациялоого аракет кылууда.
Ошондуктан он күндүн ичинде 96 миңден ашуун жарандын Орусиядан кайтып келиши көңүл бурууга арзырлык сан болгону менен, муну азырынча өзбекстандык эмгек мигранттарынын Орусиядан массалык жана биротоло кетиши деп баалоого жетиштүү негиз жок.
Бул үчүн кайтып келгендердин канчасы эмгек мигранты болгону, канчасы Өзбекстанда кала турганы жана канчасы кайра чет өлкөгө иштөө үчүн кетери тууралуу кошумча маалымат керек.
Азырынча айта турганыбыз - Орусия Өзбекстан үчүн негизги эмгек миграциясынын багыты бойдон калууда, бирок өзбекстандыктар иштөө үчүн барып жаткан өлкөлөрдүн географиясы барган сайын кеңейип жатат.
































