АКШнын Конгресси Орусияга каршы "тозоктун санкцияларын" жактырды

Сүрөттө: АКШ акыры Орусиянын көмүскө флотуна каршы Европанын санкцияларына кошулуп жатат

Сүрөттүн булагы, UK MoD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: АКШ акыры Орусиянын көмүскө флотуна каршы Европанын санкцияларына кошулуп жатат
    • Author, Алексей Калмыков, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

АКШнын Конгресси Украинадагы согуш үчүн Орусияга каршы "тозоктун санкцияларын" киргизүү тууралуу мыйзамды биротоло кабыл алды. Сенаттан кийин эле Өкүлдөр палатасы документти бекитип, президент Дональд Трампка кол коюуга жиберди. Эксперттер Трамп мыйзамга кол коет деген ишенимде, бирок ал Кремлге жана анын союздаштарына, биринчи кезекте Кытай менен Индияга кысым көрсөтүү үчүн жаңы рычаг катары дароо колдонорунан күмөн санашат.

Мыйзам АКШнын Орусияга каршы президенттик жарлыктар менен киргизилген санкцияларды бекемдеп, теориялык жактан Трамптын калеми менен чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Ошол эле учурда документ президентке каалаган санкцияларды өз каалоосуна жараша токтото туруу, ошондой эле Орусиядан мунай жана газ сатып алган же ага санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берген өлкөлөргө соода согушун жарыялоо укугун берет.

"Согуштун чыгымдары андан түшкөн пайдадан ашып кеткенде гана тынчтык орнойт. Владимир Путин өтө узак убакыттан бери мунайдан жана газдан түшкөн кирешелерге, финансылык схемаларга жана анын Украинага каршы согушуна көмөк көрсөтүүгө даяр шериктерине таянып келди. Бул мыйзам дал ошолорго каршы багытталат", - деди республикачыл конгрессмен Брайан Фицпатрик, ал Украинаны жана Орусияга каршы санкцияларды жигердүү колдойт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык конгрессмендерге ыраазычылыгын билдирди. Ал эми тышкы иштер министри Андрей Сибига Украинанын бардык өнөктөштөрүн санкцияларды дагы да күчөтүүгө, согушка катышкандарга виза бербөөгө жана Орусиянын көмүскө флотун толугу менен бөгөттөөгө чакырды.

"Биз Путинди бул согушту улантууга мүмкүнчүлүк берген ресурстардан ажыратканда гана аны токтото алабыз", - деди ал.

Бирок мыйзам кабыл алынса эле АКШнын Орусияга жана анын союздаштарына каршы жаңы санкциялары ошол замат киргизилет деген кепилдик жок. Ал үчүн Трамптын эрки талап кылынат.

Эмне үчүн Трамп жаңы санкцияларды киргизбеши ыктымал?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамп жаңы санкцияларды колдонууга ашыкпашы ыктымал. Эмне үчүн? Эксперттер бери дегенде төрт себепти белгилешет.

Биринчиден, Ак үйгө экинчи мөөнөткө кайтып келгенден бери Трамп Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырмак тургай, тескерисинче жеңилдиктерди көп берди. Ак үй жаңы санкциялар Путинди сүйлөшүүлөрдү баштоого көндүрүү аракеттерин токтотушу ыктымал деп түшүндүргөн.

Путин сүйлөшүүлөргө көңүлдөнгөн жок, Трамптын өкүлдөрү менен Кремлдин сүйлөшүүлөрүнөн да майнап чыккан жок, мына ушул нерсе Трамптын Орусияга кысымды күчөтүү үчүн жаңы мыйзамды ошол замат колдонбошунун экинчи себеби.

Сүрөттө: Мыйзам республикачы, Украинанын жакын досу Линдси Грэмдин ысымы менен аталган. Сенатор июлда Киевге баргандан кийин каза болгон.

"Президент Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатат жана ага мындай куралдын кереги жок, - деди АКШнын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) эксперти Скотт Миллер. – Тышкы саясаттын көз карашынан алганда, жаңы санкциялар артыкчылык эмес".

Трамптын тышкы саясатынын артыкчылыктары чындыгында эле башкача. АКШ бир эле маалда эки согушту жүргүзүүдө: ал Иранга каршы согушту жана бүт дүйнөгө, анын ичинде Американын союздаштарына каршы соода согушун жүргүзүп жатат. Соода согушунун башкы куралы – тарифтер.

Трамп АКШ менен көптөн бери соода жүргүзбөй келген Орусияга каршы санкцияларды киргизбестен, жаңы мыйзамды АКШнын соода өнөктөштөрүнө каршы бажы алымдарын киргизүү үчүн колдонушу ыктымал.

Трамптын тышкы саясатта жакшы көргөн куралы болгон тарифтик союл мыйзамга киргизилгенден кийин гана ага жол ачылды. Бул союлду Трамп негизинен АКШнын союздаштарына – Канада менен Европага каршы колдонуп, ал эми Орусияны көрмөксөнгө салып койгон.

Төртүнчүдөн, мыйзам Трамптын тышкы саясатына гана эмес, ички саясатына да каршы келет. Анын партиясы ноябрга белгиленген шайлоодон кийин Конгресстин бир же эки палатасында тең көзөмөлдү жоготуп алышы ыктымал. Трамп мунун баарына кымбат дизель күнөөлүү деп, Зеленскийди жана украиналык дрондордун Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна чабуулун айыптап жатат.

Эгерде Трамп Орусиянын мунайын жана газын сатып алган же Кремлге санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берген 5 өлкөнүн товарларын АКШга импорттоого 100 пайызга чейин бажы алымын киргизүүгө мүмкүндүк берген жаңы мыйзамды колдонсо, дизель азыркыдан да кымбаттайт.

Бул чаранын башкы ыктымалдуу буталары – Индия жана Кытай. Дал ушул өлкөлөрдө Ирандагы согуштун аякташын күтүп жаткан мунайды кайра иштетүү боюнча негизги бош кубаттуулуктар жайгашкан. "АКШнын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна ашыкча жүк түштү, ошондуктан Азияда орусиялык мунайды кайра иштетүүгө киргизилген жаңы чектөөлөр баанын кайрадан көтөрүлүшүнө алып келет", - деди Скотт Миллер.

Сүрөттө: Мыйзам республикачы, Украинанын жакын досу Линдси Грэмдин ысымы менен аталган. Сенатор июлда Киевге баргандан кийин каза болгон.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Мыйзам республикачы, Украинанын жакын досу Линдси Грэмдин ысымы менен аталган. Сенатор июлда Киевге баргандан кийин каза болгон.

Анда эмне себептен бул мыйзам кабыл алынды?

"Конгресс жалпысынан Украинаны колдойт, согуш талаасындагы кырдаал аларды тынчсыздандырат, ошондуктан көптөгөн конгрессмендер кандайдыр бир чараларды көрүүнү талап кылышууда", - дейт Миллердин CSIS'теги кесиптеши, Конгрессте 20 жыл иштеген жана чечимдерди кабыл алуу механизмдерин жакшы билген Билл Райнш.

"Мен Капитолий дөбөсүндө лоббист болуп жүргөндө, "иштебей турган мыйзамды кабыл алуу канчалык зарыл?" деп көп сурачумун. Буга дайыма бир жооп алчумун: биз эч чара көрбөй коё албайбыз, жок дегенде бир нерсени кылышыбыз керек. Азыркы мыйзам да ошолордун бири", - деди Билл Райнш.

Сүрөттө: Мыйзам Трампка орусиялык мунайды сатып алгандарга, биринчи кезекте Кытайга жана Индияга басым жасоо үчүн рычаг берет. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бир жума мурда эле Путин менен жакшы мамиледе экенин ырасташкан.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Мыйзам Трампка орусиялык мунайды сатып алгандарга, биринчи кезекте Кытайга жана Индияга басым жасоо үчүн рычаг берет. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бир жума мурда эле Путин менен жакшы мамиледе экенин ырасташкан.

Ошентсе да, мыйзам Кремль үчүн жагымсыз жаңылык болду. Мыйзам күчүнө киргенден кийин 30 күндүн ичинде Трампты Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө жана аларды жарым жыл сайын кайра карап чыгууга милдеттендирет.

Документте аталган аткаминерлер менен уюмдар – Путинден баштап "Сбербанкка" чейин – көптөн бери америкалык санкциялардын алдында, бирок эми бул чектөөлөр президенттин жарлыгы менен эмес, мыйзам менен бекитилет.

Мурда Трамп санкцияларды биротоло алып салып, жарлыктарды жокко чыгара алчу, эми болсо убактылуу гана алып сала алат. Чынында, жол-жобо анчалык деле оор эмес: президент эмне себептен санкцияларды жеңилдетүү АКШнын кызыкчылыгына туура келерин кыскача түшүндүргөн катты Конгресске жибергени жетиштүү болот.

Мыйзамдын долбоору эчак эле жазылган жана бир аз башкача болчу. "Тозоктун санкцияларын" республикачыл сенатор Линдси Грэм сүрөгөн, бирок сенатор июль айынын ортосунда каза болгондон кийин гана мыйзамга жол ачылган. Мыйзамга көмүскө флот, Иранга каршы санкциялар жана эң негизгиси, Трамптын жеңилдиктерди жана өзгөчө учурларды берүү укугу кошулду.

Ак үйгө кайтып келгенден бери Трамп "көмүскө флот Американын жээктеринен алыс жүргөндүктөн, ал европалыктардын баш оорусу" деген позицияны карманып келген. Европалыктар да чара көрүүгө киришти: алар быйыл биринчи жолу жасалма желек менен жүргөн, Орусия менен байланышы бар танкерлерди кармай баштады.

Ошол эле учурда Евробиримдик танкерлердин санкциялык тизмесин тынымсыз кеңейтип келет, себеби көмүскө флот кулачын жайып, жаңы шарттарга ыңгайлашып жатат, ал эми кемелер оңой эле кайра каттоодон өтүп, аталышын өзгөртүп, кайрадан эле деңизге чыгууда.

Эми АКШ колдон чыгарганын тез эле калыбына келтире алат – эгерде союздаштары: Евробиримдик, Улуу Британия жана башка батыш демократиялык өлкөлөрү буга чейин эле ушундай кылса, мыйзам Трампка эч кандай текшерүүсүз эле кемелерди санкциялык тизмеге киргизүүгө жол берет.

Бирок баары бир Трамптын айтканындай болот.

Мыйзам долбооруна ылайык, АКШ президенти Орусия согуштук аракеттерин толугу менен токтотконун, Украинанын эркин жана көз карандысыз бийлиги менен тынчтык келишимине кол койгонун Конгресске расмий түрдө тастыктагандан кийин гана Кремлге каршы санкциялар биротоло алынат.

Ошонун өзүндө да Конгресске бул чынбы же жокпу деп текшерүүгө жана атайын резолюция менен санкцияларды алып салуу чечимин убактылуу бөгөттөөгө убакыт берилет. (ZMa)