Орусиядагы шайлоо: "Бирдиктүү Орусия" алдыда, "Адилеттүү Орусия" Думага өтпөй калабы?

Орусиядагы шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы шайлоо
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоодо үч күнгө созулган добуш берүү аяктады. Расмий маалыматтар боюнча ал акыркы 15 жылдагы шайлоочулар эң көп катышкан добуш берүү болду. Көз карандысыз шайлоо аналитиктери бул көрсөткүчтү массалык бурмалоолордун жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин административдик жол менен мобилизациялоонун белгиси деп эсептешет. Жекшембиде Москвада кагаз бюллетень менен добуш берүүнү каалагандар кезекке турууга аргасыз болушту - буга хакердик чабуул себеп болгону айтылып, добушканаларда бюллетень берүү үзгүлтүккө учураган.

Орусияда 20-сентябрда үч күнгө созулган добуш берүү аяктады. Акыркы болуп Калининград облусундагы шайлоо участоктору жабылды. Шайлоодо Мамлекеттик Думанын IX чакырылышынын депутаттары, губернаторлор жана аймактык парламенттер шайланды.

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун 82,19% эсептелип чыккандан кийин Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиялык тизме боюнча 57,76% добуш алып жатат. Бул Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматтарынан көрүнүп турат.

КПРФ 13,89%, ЛДПР – 8,77%, "Жаңы адамдар" – 7,97%, "Адилеттүү Орусия" – 4,99% добуш алууда. Ал эми калган партиялар үч пайыздан төмөн добуш алышкан. "Адилеттүү Орусия" Думага өтпөй калышы мүмкүн экени айтылууда.

Жекшембинин кечинде маалымдалгандай, шайлоочулардын жалпы катышуусу 56,66% болду. Мамлекеттик Думага 2021-жылы өткөн шайлоодо шайлоочулардын 51,72% добуш берген. Ал Украинага каршы толук масштабдуу согуш башталганга чейин өткөн.

"Интерфакс" агенттиги белгилегендей, "Бирдиктүү Орусия" конституциялык көпчүлүккө (301 мандаттан ашык) ээ болушу ыктымал: партиялык тизмелер боюнча алган жыйынтыгы ага болжол менен 125 мандат берет, мындан тышкары ал бир мандаттуу 181 округда жеңип чыгууда.

Согушка каршы чыккан жалгыз партия "Яблоко" алгач катталып, бюллетенге киргизилген, бирок кийин Кремлди колдогон "Родина" партиясынын доо арызынын негизинде шайлоодон четтетилген.

Украина мунай иштетүүчү заводдорго сокку ургандан улам Орусияда жайында башталган күйүүчү май кризисинин фонунда "Яблоконун" рейтинги кыйла өскөн, ал эми социологдордун баалоосуна караганда, коомдо бийлик "атайын аскердик операция" деп атаган нерсеге карата сынчыл мамиле басымдуулук кыла баштаган.

"Электрондук шайлоо операциясы"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шайлоочулардын катышуусунун өсүшүнө караганда, бийлик быйыл административдик мобилизацияга жана электрондук добуш берүүгө басым жасаган. Электрондук добуш берүүнү атүгүл системалуу оппозиция да ачык-айкын эместиги, көзөмөлдөө жана бурмалоо мүмкүнчүлүгү үчүн сынга алууда. Ошол эле КПРФ өз тарапташтарын жекшембиде кагаз бюллетень аркылуу добуш берүүгө чакырды.

Жалпысынан Москвадан тышкары 32 аймакта онлайн добуш берүүгө мүмкүн болгон, борбор калаада өзүнчө система иштейт. Электрондук добуш берүүнү колдонулган бардык аймактарда, Москвадан тышкары, система аркылуу алдын ала катталуу талап кылынган. БШКнын маалыматына караганда, жыйынтыгында шайлоого мындай жол менен 3,6 миллиондон ашык шайлоочу катышкан. Москвада электрондук система аркылуу 3,4 миллиондон ашык адам добуш берген.

БШКнын төрайымы Элла Памфилова Москвада электрондук добуш берүү системасына хакерлер чабуул жасаганын билдирди. Анын айтымында, партиялардын биринин өкүлү - кайсы партия экени такталган эмес - "системанын ишин токтотуу үчүн атайылап зыяндуу программаны киргизген". Памфилова өз сөздөрүнө эч кандай далил келтирген жок.

Памфилова ошондой эле БШК шайлоонун инфраструктурасына массалык DDoS-чабуулдар жасалганын, анын ичинде "жасалма интеллект системалары колдонулганын" каттаганын айтты. Бирок анын сөзүнө караганда, бул чабуулдар добуш берүүнүн жүрүшүнө таасир эткен эмес.

"Буга чейин болуп көрбөгөндөй басым"

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин шайлоого тартуунун салттуу ыкмалары колдонулганы тууралуу да маалыматтар түштү. Бир нече аймакта добуш берүү жеке лотереялык билеттердин жардамы менен көзөмөлдөнгөн. Камчатка крайында билим берүү тармагында иштеген тургун Би-Би-Сиге ар бир шайлоочуга өзүнчө номер жана QR-код берилген мындай билетти жумушунан алганын айтып берди.

"Ар бир мекемеде куратор бар, ал ким кайсы номер менен экенин участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө өткөрүп берет. Участкага барганда лотерея билетин сөзсүз көрсөтүшүң керек", - деп айтты Би-Би-Сиге маектеш.

Анын айтымында, жетекчилик андан жана кесиптештеринен 18-сентябрь, жума күнү эртең менен добуш берүүгө барууну талап кылган. Лотерея билети металл издегич алкактан өткөндөн кийин дароо сканерленген. Лотереянын бардык катышуучуларына сувенирлер берилген.

Ушуга окшош учурлар башка аймактарда да катталган. Маселен, КПРФдан Мамлекеттик Думанын депутаты Вячеслав Мархаев өзүнүн Telegram-каналында Бурятияда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин 18 жана 19-сентябрда добуш берүүгө мажбурлоого аракет болгонун билдирген. Анда дагы аты-жөнү жазылган купондор менен лотерея ойнотулган.

Добуш берүү Украинанын оккупацияланган аймактарында да өттү. Расмий билдирүүлөргө ылайык, Донецк облусунда жума күнүнө карата эле шайлоочулардын 75% (бир миллиондон ашык адам) мөөнөтүнөн мурда добуш бергени айтылат.

"Орусиянын БШКсы жана 12 аймактын аймактык шайлоо комиссиялары (алты "жаңы" фронтко жакын жана алар менен чектеш алты "эски" аймак) өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштурушту. Анын ар кандай формалары колдонулуп, аны көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн эмес болду, - деди Би-Би-Сиге "Шайлоолор атласы" долбоорунун эксперти Ксения Смолякова. - Шайлоочулар балаклава кийген, колунда ок атуучу куралы бар аскерлердин көзүнчө "дүмүрдүн үстүндө" добуш берип жаткан сүрөттөр таасир калтырат".