Зеленский АКШга келди, анын алдында ЦРУнун директору менен жолукту

t.me/V_Zelenskiy_official

Сүрөттүн булагы, t.me/V_Zelenskiy_official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Украин президенти Владимир Зеленский жубайы Елена Зеленская менен Нью-Йоркко келди. Ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясына катышып, АКШда 20га жакын жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат.

Зеленскийдин мында АКШ президенти Дональд Трамп, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери, АКШ Конгрессинин сенаторлору жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү менен жолугушуулар бар. Ошондой эле ал эл аралык уюмдардын жетекчилери, америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү жана аналитикалык борборлор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Зеленский АКШга сапарынын негизги максаты Украинадагы согушту токтотууга жакындатуу экенин билдирди. Анын айтымында, анда Украинада деэскалацияга алып келе турган конкреттүү сунуштар бар. Ошондой эле Киев абадан коргонууну күчөтүү жана өлкөгө жетиштүү каржылык колдоо алуу боюнча ишин улантат.

Украин президенти жаңы Drone Deal келишимине кол коюу даярдалып жатканын да айтты.

"Жаңы Drone Deal келишимине кол коюуга даярдык көрүлүүдө. Албетте, Украинанын биринчи кезектеги максаты — тынчтыкка жакындап, элибиздин өмүрүн коргоо. Согуштун аякташына жакындата турган деэскалация боюнча конкреттүү сунуштар жана чечимдер бар. Биз абадан коргонуу системасын күчөтүү жана Украинага жетиштүү каржылык колдоо көрсөтүү боюнча иштеп жатабыз", - деп жазды Зеленский социалдык тармактагы баракчасына.

Зеленский Нью-Йоркто Дональд Трамп менен жолугушары да күтүлүп жатат. Буга чейин эки президент бул тууралуу макулдашканын Зеленский Reuters агенттигине билдирген.

Нью-Йоркко келе жатып, орто жолдо Зеленский Ирландиядагы Шеннон аэропортунда АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф менен жолукканы белгилүү болду. Reuters бул маалыматты окуядан кабардар болгон эки булакка таянып жазды.

Булактардын бири жолугушуу дүйшөмбү күнү болгонун айтса, экинчиси Зеленский менен Рэтклиффтин учактары май куюу үчүн Шеннон аэропортуна токтогон учурда сүйлөшкөнүн билдирди. Алардын сүйлөшүүсүнүн мазмуну эмне тууралуу болгону азырынча белгисиз.

Рэтклифф августта Москвага барып, Орусиянын атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолуккан. Кремль ал сапарда Рэтклиффтин Владимир Путин менен жолугушуусу болбогонун билдирген.

Елена Зеленскаянын да Нью-Йоркто өзүнчө жолугушуулары бар. Ал Колумбия университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугуп, БУУнун алкагында өткөн биринчи айымдар жана мырзалар саммитинин жыйынтыктарын тааныштырат. Мындан тышкары, АКШдагы бизнес өкүлдөрү жана кайрымдуулук уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.