"Пеликан" колдонулду": Москвага жасалган ири дрон чабуулу тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Москванын мэри Сергей Собянин жекшембиге караган түнү украин аскерлери Орусиянын борборуна эң массалык чабуул жасаганын, анын ичинде Капотнадагы мунай иштетүүчү завод жабыркаганын билдирди. Москва облусунда чабуулдун натыйжасында үч адам каза болуп, кеминде 20 жергиликтүү тургун жараат алды. Владимир Зеленский түнкү чабуул учурунда украин аскерлери Pelican системасын колдонгонун билдирди. Буга чейин бул аталыш украиналык баллистикалык ракетага тиешелүү экени айтылган.
Зеленский: Украина "Пеликан" ракетасын колдонду
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиге караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Москва облусуна сокку урганын ырастап, анын ичинде украиналык баллистикалык ракеталар колдонулганын билдирди.
"Москва облусунда бул түнү биздин алыс аралыкка учуучу жооп соккуларыбыз абдан сезилерлик болду. Орусиянын мунай өнөр жайындагы негизги ишканалардын бири жана агрессордун логистикалык объектиси жабыркады. Бул - аскердик машинаны колдогон миллиарддаган доллар" - деп билдирди Зеленский өзүнүн Telegram-каналында.
Украин президентинин айтымында, сокку алыс аралыкка учуучу дрондор жана ар кандай типтеги ракеталар, анын ичинде "Фламинго" жана "Пеликан" ракеталары менен жасалган. "Атап айтканда, FP-1, RZ-100, MICH-2000, "Паляниця", Vendetta, "Лютый", "Барс", "Фламинго", "Сичень", "Пеликан" колдонулду", - деп жазды Украинанын президенти.
Би-Би-Синин Украин кызматынын маалыматына караганда, сөз Fire Point компаниясы чыгарган FP-7 "Пеликан" баллистикалык ракетасы жөнүндө болуп жаткан болушу мүмкүн. Ал алыскы аралыктагы стратегиялык буталарды жок кылууга арналган. Бирок анын, буга чейин айтылган, учуу аралыгы 200–300 чакырымды түзөт, ал эми Москва андан кыйла ыраак жайгашкан. Украинанын бийлиги азырынча кошумча түшүндүрмө берген жок.
Бул "Пеликан" ракетасы согуштук шартта колдонулганы тууралуу биринчи белгилүү учур.
Москвага багытталган соккулар
Жекшембиде Орусияда Мамлекеттик думанын депутаттарын шайлоонун акыркы күнү өттү.
"Душмандын Москвага жасаган эң массалык учкучсуз аппараттар чабуулунун мизи кайтарылды. Кечээтен бери бардык тилкелерде 1600дөн ашык БПЛАнын чабуулу токтотулду. Алардын 450ү Москвага жакындап калган учурда жок кылынды", - деп Собянин өзүнүн Telegram-каналына жазды жекшембиде.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түну орусиялык абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын ар кайсы аймактарынын, Кара деңиздин жана аннексияланган Крымдын үстүндө украиналык 1110 учкучсуз аппаратты "кармап, жок кылганын" билдирди.
Собянин бир нече дрон "мунай иштетүүчү заводдын аймагына жеткенин", алардын бири Ореховый бульварындагы турак үйгө тийгенин кошумчалады. Мэрдин айтымында, шаарда каза болгондор жок.
Маалымат агенттиктери Москванын Капотна районундагы мунай иштетүүчү заводдун аймагында катуу өрт чыкканын көрсөткөн сүрөттөрдү таратты.
Би-Би-Синин кабарчысы Пол Адамс Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө таянуу менен билдиргендей, заводдун үч негизги бөлүгү жабыркаган.
Украин аскерлери завод жылына 12 миллион тоннадан ашык мунай иштетип, бензин, дизель жана керосин өндүрөрүн билдиришти. Алардын бир бөлүгү Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө жеткирилет. Ошондой эле завод Москва жана ага чектеш аймактардагы күйүүчү майдын үчтөн биринен көбүн камсыздайт.
"Мындай объектилердин жок кылынышы душмандын басып алуу согушун улантуу жана өз аскерлеринин топторун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз сокку урат. Биздин бардык алыскы жана орто аралыктагы соккуларыбыз - согушту Орусиянын аймагына которуу", - деди Украинанын коргоо министри Евгений Хмара.
"Газпром нефть" компаниясынын өкүлдөрү мунай заводуна жасалган сокку боюнча комментарий беришкен жок.
Зеленский украин армиясы Воронеж облусундагы ишканага да сокку урганын кошумчалады.
Каза болгондор жана жарадарлар
Москва облусуна жекшембиге караган түнү 249 дрон чабуул жасаганын аймактын губернатору Андрей Воробьев билдирди.
Анын айтымында, чабуулдун "эң олуттуу кесепеттери" Раменское округунда катталган. Ал жерде дрон Софьино айылындагы үч кабаттуу көп батирлүү үйгө тийип, 44 жаштагы аял каза болгон. Мындан тышкары, калктуу конуштагы кампа комплекси күйгөн.
Кийинчерээк Воробьев ооруканада жабыркагандардын бири каза болгонун билдирип, өлгөндөрдүн саны үчкө жеткенин айтты.
Ал Telegram-каналына жазгандай, Раменское округунун Софьино айылында дрондун турак үйгө тийишинен 15 жаштагы Эзоза Юсупова жараат алган. Ал Л. М. Рошаль атындагы Балдар клиникалык борборуна жеткирилген. "Эзоза жана анын 19 жаштагы агасы Бехриз ата-энесиз калышты. Алардын апасы чабуул учурунда каза болуп, атасы ооруканада көз жумду", - деп жазды Воробьев.
Раменское округундагы Түндүк шоссесинде дрондордун кулашынан 21 кабаттуу көп батирлүү үйдүн чатыры күйүп, 20 унаа жабыркаганын Воробьев жазды.
Ал Орехово-Зуево округундагы жер үйдө дагы бир адам - 74 жаштагы эркек киши каза болгонун кошумчалады.
Кийинчерээк Орусиянын саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов журналисттерге Москва облусунда түнкү украиналык соккулардан жабыркаган 17 адам ооруканада экенин билдирди.
Кузнецовдун айтымында, ооруканага жаткырылгандардын арасында эки бала бар, алардын биринин абалы оор. Калган жарадарлардын абалы орточо оор, деди министрликтин өкүлү.
Орусиянын ТАСС жана "Интерфакс" маалымат агенттиктери Кузнецовдун билдирүүсүнө таянуу менен "дагы 21 жабыркаган адамга, анын ичинде төрт балага медициналык жардам амбулатордук шартта көрсөтүлгөнүн" жазышты.
Буга чейин Воробьев Москва облусунда жалпысынан 20 тургун медициналык жардамга муктаж болгонун, алардын 15и ооруканага жаткырылганын билдирген.
































