Президент Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 18-сентябрда, президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына келди. Кыргыз мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.
Сапардын алкагында президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат.
Андан соң Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп, ал жерде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат. Ошондой эле АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргызстан быйыл 3-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандашы Филиппинден озуп өткөн. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган эмес. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жеткен.
Эми Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт. Бул Кыргызсьандын БУУнун Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланышы. Буга чейин аймактан Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.
Быйыл 8-сентябрда Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, бул орунга Аяз Баетов дайындалган эле.




























