АКШнын Сауд Арабиясына 48 F-35 истребителин сатуу чечими сынга кабылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Сауд Арабиясына 48 F-35 истребителин сатуу боюнча бүтүмдү жактырганын жарыялады. Вашингтондун тышкы саясатынын багытындагы өзгөрүүлөрдү ырастаган бул пландар Израилди, ошондой эле бир катар конгрессмендерди тынчсыздандырууда.
Эр-Рияд көп жылдардан бери дүйнөдөгү эң мыкты деп эсептелген бул согуштук учакты сатып алууга умтулуп келген. Lockheed Martin компаниясы чыгарган F-35 истребителдери "стелс" технологиясы менен жабдылган. Бул технологиянын жардамы менен учак душмандын учактарды аныктоочу каражаттарына көрүнбөй калат.
Жаңы түзүлгөн келишим 24 миллиард долларга бааланууда. Бул АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери Эр-Рияддын эң ири курал-жарак сатып алуусу болушу мүмкүн.
Мунун алдында Вашингтон көп жылдардан бери Эр-Рияд менен келишим түзүүдөн баш тартып келген, себеби АКШ союздашы Израилге F-35 учактарын жеткирип турат. Ошол эле маалда АКШ Израилге чөлкөмдөгү коңшуларынын карамагында болгон техникадан мүнөздөмөлөрү боюнча ашып түшкөн америкалык курал-жарактардын эң алдыңкы үлгүлөрүн берүүнү убада кылган. Азырынча Жакынкы Чыгышта F-35 истребителдери Израилде гана бар.
Өкүлдөр палатасынын Иллинойс штатынан мүчөсү Раджа Кришнамурти 17-сентябрда Эр-Риядга F-35 учактарын сатууга каршы чыкты. Ал бул бүтүм "Американын аскердик технологияларынын берметтерин Кытай Коммунисттик партиясы үчүн жеткиликтүү кылышы мүмкүн" деп эскертти.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Көптөгөн демократ конгрессмендер жана АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Сауд Арабиясына F-35 истребителдерин берүү планына тынчсыздануусун билдиришти.
Бул бүтүмдү сынга алгандар Эр-Рияд коопсуздук чөйрөсүндөгү өнөктөштүктүн алкагында Кытай менен жашыруун технологияларды бөлүшө аларын белгилешти.
Истребителдерди сатууга бөгөт коюуга аракет кылышы мүмкүн болгон Конгрессте Эр-Рияд менен бүтүмдүн шарттарын карап чыгууга 30 күнү бар.
Мамлекеттик департамент буга чейин бул келишим АКШнын "тышкы саясат жана улуттук коопсуздук жаатындагы" максаттарына жетүүгө жардам берерин билдирген.
Мамдепартамент белгилегендей, бул бүтүм "Перс булуңундагы өлкөлөрдө саясий туруктуулукту жана экономикалык жылышты камсыз кылууда өзөктүк ролду ойногон, НАТОго кирбеген негизги союздаштын коопсуздугун бекемдейт". Ведомство бул техниканы сатуу жана аны тейлөөнү камсыз кылуу чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосундагы аскердик тең салмактуулукту бузбайт деген ишенимде.
Кыйла тыгыз мамилелерди түзүү аракетиби?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Трамп Сауд Арабиясынын иш жүзүндөгү башчысы, мураскер ханзаада Мохаммед бин Салман менен тыгыз мамиле түзүп жатканы болжолдонууда. Ханзаада өткөн жылдын ноябрь айында Ак үйдө болгон.
Ак үйдөгү жолугушуу маалында Мохаммед бин Салманга сауд тектүү америкалык журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү тууралуу суроо узатылган. Хашогги 2018-жылы Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигине барганда өлтүрүлгөн. Мохаммед бин Салман Хашоггини өлтүрүү пландары тууралуу билбегенин, Эр-Рияд бул кылмышты иликтөө үчүн "колдон келгенин жасаганын" айтты.
Трамп өз кезегинде ханзаадага Хашоггинин өлүмү тууралуу суроо берген ABCнин журналистин кагып-силкти.
Буга чейин Хашогги өлтүрүлгөндөн кийин Конгресс Эр-Риядга курал-жарак сатуу боюнча бүтүм түзүү канчалык туура болот деген маселени көтөрүп чыккан.
Трамп менен мураскер ханзаада өткөн жылдын май айында Эр-Риядда жолугуп, 142 миллиард долларга курал-жарактарды сатуу боюнча келишим түзүшкөн, муну Ак үй "тарыхтагы эң ири курал-жарак келишими" деп атаган.
Сауд Арабиясы менен жаңы бүтүмдө Lockheed Martin компаниясы чыгарган 48 F-35 истребителин сатуу каралган. Бул Эр-Риядды азыркы учурда ушундай 50 учагы бар Израил менен бир катарга коет.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги дагы бир F-35 эскадрильясын сатып алуу ниетин жарыялады.
Lockheed Martin чыгарган бир F-35A истребителинин баасы 82,5 миллион долларга жетет.
Жо Байдендин администрациясы Эр-Рияд менен Израилдин мамилеси олуттуу түрдө жөнгө салынса, Сауд Арабиясына F-35 учактарын сатуу мүмкүн деп айтып келген.
Ушул тапта Эр-Рияддын Йемендин батышындагы аймактарды көзөмөлдөгөн жана Тегеран колдогон йемендик хуситтер менен жаңжалы уланып жатат. Жакында эле хуситтер Кызыл деңиздин Йемендеги жээгиндеги аймактарды көзөмөлгө алып, Сауд Арабиясынын өкмөттүк күчтөрүн ал жерден сүрүп чыгарышкан.
Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Трампты хуситтерге каршы чара көрүүгө чакырды, деп кабарлады өз булактарына таянуу менен CBS News. (ZMa)
































