Жалал-Абадда эки күндө эки окуучу каза болду. Жакындары эмне дейт?

Жалал-Абад облусунда жаңы окуу жылы башталар менен эки мектеп окуучусу ур-тепкиден каза болду. Алардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуунун айынан көз жумганын айтып, окуяга тиешеси барларды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылууда.
17-сентябрда Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы мектептердин биринде 10-класстын окуучусу Муратаали Жороев каза болгон. Эртеси Чаткал районунда 14 жаштагы Дастан Рахманкулов көз жумган. Эки окуя боюнча тең кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынган.
Сузактагы окуя
Муратаали Жороев 16-сентябрда мектепке барган. Анын апасы Жамийла Жусупбекованын айтымында, ошол түнү уулун талаага алып барышып, ур-токмокко алышкан. Ал уулунун денесинен көгала тактар жана буттун издери болгонун айтып, окуянын себеби катары мектептеги рэкетчиликти көрсөтүүдө.
"16-сентябрь мектепке барды. Оккуя ошол түнү болуп жатат. Талаага алып барып уруптур. Бири артына тээптир. Акеси жууганы киргенде көрүптүр - арты көгөрүп, буттун изи турат. Бул колу менен урган эмес. Колуна темирби, бир нерсе кийип алып урган да. Бул бала рэкет болуп, окуучулардан акча талап кылган. Кудайга салып отурам. Кудайга салдым. Какшап отурам. Балдарды мектепке жөнөтүүдөн жүрөк коркуп калдык", - деди Жамийла Жусупбекова.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандар кармалган. Сузак райондук сотунун чечими менен аларга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган", - деди Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматкери Улукбек Сулайманов.
Чаткалдагы окуя
18-сентябрда Чаткал районунда 14 жаштагы Дастан Рахманкулов каза болгон.
Маркумдун тайкеси Мирсапар Абдувалиевдин айтымында, окуучу тыныгуу маалында башка окуучулар тарабынан мектептин дааратканасына киргизилип, ошол жерде ур-токмокко алынган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Каза болгон жээним 9-класс. 9-класстын алты баласын 11-класстын төрт баласы 10 мүнөттүк тыныгуу учурунда дааратканага алып кирип жатат. Алып кирип, ошол жерде ур-токмокко алат. Ур-токмокко алганда Дастан даараткананын ичинде эле кулаптыр. Бир жолу урганда эле ичи түйүлүп кулаган экен. Мугалимдер келди. "Бирок Тез жардам келгенче каза болуп калды" дешти. Биз чакан айылбыз. Тоолуу жердебиз. Баары куда-сөөк, тууган деген бар. Ушундай жактары болуп жатат. Карындашымдын алдына экинчи тарап улам кечирим сурап барып жатат. Бирок мыйзам чегинде чара көрүлсүн деп турабыз. Бул жеңилдик менен, кечирим менен жабылып калса, мунун аягы токтобойт. Бир күн мурун эле Сузакта ушундай окуя болду", - деди Мирсапар Абдувалиев.
Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына караганда, бул факты боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ала-Бука райондук сотунун чечими менен окуяга шектелген төрт өспүрүм эки айга камакка алынган.
Тергөө уланууда
Жалал-Абад облустук милициясы эки окуя боюнча тең тергөө иштери уланып жатканын, окуучулардын өлүмүнүн бардык жагдайлары такталып жатканын билдирди.
Чаткалдагы жана Сузактагы окуяга шектелип, кармалган балдардын жакындары же адвокаттары окуя боюнча пикирлерин билдире элек.
































