"Жер кодексине" сунушталган өзгөртүү парламентте дагы бир комитетте колдоо тапты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда жерди инвестициялык долбоорлор үчүн узак мөөнөткө пайдаланууга берүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети колдоду.
Ага ылайык, "Жер кодексине", "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизилүүдө. Анда жер тилкесин инвесторго Министрлер Кабинетинин чечими жана инвестициялык макулдашуунун негизинде алгач 10 жылга чейин берүү каралган, инвестор келишим боюнча милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарса, мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Эгер жерди андан ары пайдалануу зарыл болсо жана инвестор өз милдеттенмелерин аткарып жатса, жалпы мөөнөттүн 50 жылга чейин узартылышы каралган.
Аны комитетте экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.
"Тагыраагы, алгачкы баскычта жер участогун 10 жылга чейинки мөөнөткө, андан кийин 25 жылга чейин узартуу менен берүү сунушталат. Ошол эле учурда эгерде инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттемелерди тийиштүү түрдө аткарса жана жер участогун андан ары пайдалануу зарылдыгы жаралса, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин болушу мүмкүн", – деди министрдин орун басары.
Долбоордун негиздеме-маалымкатында мындай механизм инвесторго узак мөөнөттүү иштөөгө шарт түзүп, ошол эле учурда жерди пайдалануу мөөнөтүн инвестициялык милдеттенмелердин аткарылышы менен байланыштырууга мүмкүндүк берери айтылат.
Долбоор өткөн жумада Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети, ошондой эле Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде жактырылган.
Андагы талкууда депутаттар инвестициянын минималдуу көлөмүн белгилөө, мамлекеттик жерлерди үчүнчү жактарга өткөрүп жиберүүгө жол бербөө жана инвесторлордун милдеттенмелерин көзөмөлдөө боюнча маселелерди көтөрүшкөн.
Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн караган жобого айрым өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Жерди инвесторлорго жана чет элдиктерге узак мөөнөткө берүүгө каршы талкуулар ушундан кийин күчөп кеткен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мыйзам долбоорунун авторлору бул өзгөртүүлөр Кыргызстанды узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн жагымдуураак кылып, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт деп эсептешет.
Президент Садыр Жапаров бир нече жолу чет өлкөлүк инвесторлорго жер сатылбай турганын, аларга жер белгилүү мөөнөткө гана пайдаланууга берилерин билдирген.
Жапаров тышкы инвесторго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келаткан норма экенин белгилеп, азыр бул норманы заман талабына ылайыктап, инвестордун жоопкерчилигин күчөтүү аракети көрүлүп жатканын жүйө келтирген:
"Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт. Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт", - деген Жапаров.
Жерди инвесторлорго жана чет элдиктерге узак мөөнөткө берүүгө каршы экенин айтып, пикирин билдирген бир катар блогерлер жана активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылганын билдиришкен.
































