Кыргызстандын "кожоюну", жер алмашуу жана 15 күндүк эркиндик. Чолпон-Атада эмнелерге жетишилди?

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Санжар Эралиев
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилеси кайра жанданганына туура он жылга чукулдап калганда, Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөгө экинчи мамлекеттик сапары менен келди. Эки тараптуу макулдашууларды серепчилер оң баалап турушат. Ысык-Көлдүн жээгинде салтанаттуу тосуп алынган өзбек президентинин айрым билдирүүлөрү коомчулукта талаш-тартыш да жаратты.
Ысык-Көлдөгү шаан–шөөкөт
Сапар 30-31-июль күндөрү борбор калаа Бишкектен 260 чакырым алыстагы Чолпон-Ата шаарында өттү.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги майрамдык маанай: боз үйлөр менен кооздолгон тосуп алуу аянты, кыздардын улуттук бийлери жана концерттер, атчан ардак кароолу, колуна куш кондурган мүнүшкөрлөр, тайган ээрчиткен жигиттер жана кум менен чөптүн үстүнө төшөлгөн кызыл килемдер… Өзбекстандын мамлекет башчысы жана жубайы дал ушундай шаң-шарапат менен тосуп алынды.
Шавкат Мирзиёев кыргызстандык аткаминерлер менен баарлашууда Садыр Жапаровду "Кыргызстандын кожоюну" деп аташы социалдык тармактарда түрдүү талкууларды жаратты.
"Урматтуу бир тууганым, кадырлуу досум Садыр Нургожоевич Кыргызстандын президенти кызматына киришкенде, мен биринчи күнү эле куттуктагам. Ошол эле күнү Кыргызстанга кожоюн келгенин түшүнгөм" – деген ал.
Айрымдар муну Кыргызстандын башчысына берилген жогорку баа дешсе, башкалары "ээси" деген түшүнүк демократиялык коомдун принциптерине туура келбей турганын айтып, бул билдирүүнү сынга алышты.
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө эки тараптан тең негизинен эркек аткаминерлер катышып, эки өлкөнүн тең мамлекеттик жана өкмөттүк түзүмдөрүндө жетекчи аялдардын аздыгы дагы бир жолу байкалды. Ал эми биринчи айымдар Айгүл Жапарова менен Зироатхон Мирзиёева сапардын негизинен маданий жана социалдык иш-чараларында сыйлуу конок катары катышышты.

Сүрөттүн булагы, Official
Айылдарды өткөрүп берүү жана чек ара
Президент Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынан үч күн өткөндөн кийин мурда Өзбекстандын курамында болгон Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарын расмий түрдө Кыргызстанга өткөрүп берүү жараяны башталды.
3-август күнү эки өлкөнүн өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жакын арада 2 500 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилери күтүлүүдө. Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, айыл тургундары кайсы мамлекеттин жарандыгын тандаарын өздөрү чечишет. Учурда адистер ар бир тургун менен өз-өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.
Бул чечим тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов июнь айында Кыргызстанга жасаган кызматтык сапарынын жүрүшүндө жарыялаган. Анда бул айылдардын ордуна Кыргызстан Өзбекстанга чек ара аймагынан аянты тең келген жер бөлүп бергени айтылган.
Бишкек алмашылган жерлердин жалпы аянты 236 гектар экенин билдирген. Бирок Өзбекстандын өкмөтүнүн расмий порталында же расмий социалдык тармактардагы баракчаларында бул боюнча азырынча маалымат жарыялана элек.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен байланышып төмөндөгүдөй маалымат алды.
"Эки тараптын макулдашуусу менен эки айылды биз өткөрүп алдык. Ордуна жер бердик. Канча гектар алсак, ошончо жер бердик. Азыр эми комиссия иштеп жатат. Алардын Риштон деген районуна жакын жерден бердик. Ошол жерде чек арабыз бар. Мындайча айтканда, Бүргөндү массивинин чек ара жагында. Жайык, кайрак, эл жашабаган, суу барбаган жерден бердик", - деди Назирбек Бөрүбаев.
"Эс-тутумубузда кара тактар бар"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Соңку жылдары Ташкент менен Бишкектин ортосундагы мамилелер олуттуу өзгөрдү. Ташкенттик саясат таануучу Камолиддин Раббимов белгилегендей, бүгүнкү мамилелердин маңызын 2000-жылдардагы кырдаал менен салыштырбай туруп баалоо мүмкүн эмес.
"Бир мезгилде Өзбекстандын бардык коңшу мамлекеттер менен мамилеси өтө чыңалган, муздак, терс жана убакыт-убакыт менен ачык тирешүү абалында болгон. Мисалы, 2000–2010-жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары жөн гана мамлекеттер аралык эмес, толук кандуу чоң геосаясий тирешүү тилкеси эле. Өзбекстан Батышка багыт алган, ал эми Кыргызстан ЖККУга мүчө болчу. Кечээги Түркстан геосаясий жактан майдаланган, Борбор Азия чачыранды, түрк дүйнөсү жана чөлкөмдөгү мусулмандар бөлүнүп, өз ара тирешип турган. Элдин эс-тутуму ондогон жылдарда, кылымдар бою калыптанат. Эс-тутумубузда белгилүү бир кара тактар бар", - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Көз карандысыздыктын алгачкы он жылдыктарында эки өлкөнүн байланыштары негизинен чек ара, коопсуздук жана суу ресурстарынын айланасындагы пикир келишпестиктер менен байланыштуу болуп келген. Өзгөчө Фергана өрөөнүндөгү талаштуу тилкелер, анклавдар, өткөрүү пункттарынын бат-баттан жабылышы, адамдар менен товарлардын кыймылына коюлган чектөөлөр мамилелерди татаалдаштырган.
Макулдашуулар жана чек арадагы жеңилдиктер
Анжиян облусунун Шахрихан районунун тургуну 60 жаштагы Насибахон Гафурованын бир туугандары Кыргызстанда жашашат. Ал мурда туугандарына келгенде дайыма 5 күндүк каттоо тартиби көйгөй жаратып келгенин айтат.
"Эми 15 күн эч кабатырсыз жүрсөк болот экен. Ушундай кабарды угуп абдан кубанып турам", - деди ал ВВС кабарчысына.
Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режим бар. Бирок ал өлкөдө каттоосуз каалаганча жүрүү укугун бербейт. Буга чейинки эрежелерге ылайык, өзбекстандыктар Кыргызстанга келгенде беш күн аралыгында каттоого турушу шарт эле.
Чолпон-Атадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган 12 документ дал ушул Насибахон сыяктуу миңдеген жашоочулардын турмушуна түздөн-түз таасир этүүчү чечимдерди камтыйт.
Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдөн кийинки билдирүүсүндө чек ара маселелерине жана аларга байланыштуу өзгөрүүлөргө токтолду:
"Биз чек ара маселелерин толугу менен аяктадык, өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттүк, эки мамлекеттин жарандарынын бири-биринин аймагында жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узарттык жана Андижан шаарында Кыргызстандын Генералдык консулдугун уюштуруу маселесин колдойбуз. Бул – жарандардын каттоосуна, сооданы, транзитти, логистиканы, маданий-гуманитардык байланыштарды, туризмди өнүктүрүүгө жана чек арага чектеш аймактардын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган эң маанилүү практикалык кадамдар".
Сапар учурунда көп жылдар бою талаштуу болуп келген Чечме булагы боюнча да макулдашууга жетишилди. 2025-жылдын май айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны делимитациялоодон кийин булак Кыргызстандын аймагына өткөнүн билдирген. Бул ирет тараптар аталган булакты биргеликте пайдалануу боюнча өзүнчө документке кол коюшту.

Сүрөттүн булагы, Official
Экономикалык кызыкчылыктар жана кооптонуулар
Сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтык да негизги темага айланды. Шавкат Мирзиёев өткөн жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 миллиард долларга жеткенин айтып, бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 3 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын койду.
"Бул абдан чоң сумма. Менин командам муну 2030-жылга чейин созбошу керектигин билиши үчүн мен муну атайын жаздым. Максатты кийинки бир-эки жылга коюп, жакынкы жылдары соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга чейин жеткирүү керек, анткени биз кызматташтыгыбыздын көптөгөн стратегикалык багыттарында жакшы пайдубал түптөдүк" – деди ал.
Бирок серепчилердин айтымында, экономикалык интеграциянын ылдамдашы бардык эле тараптан бирдей кабыл алынбай келет. Кыргызстандык экономист Жамин Акималиевдин пикиринде, соода байланыштарынын кеңейишинен негизги пайданы азырынча Өзбекстан алууда:
"Азыркы жанданып жаткан байланыштардан, биринчи кезекте, Өзбекстан пайда көрүүдө. Мурда чек аралар жабык турганда калкыбыз өзүбүздү жашылча жана жемиштер менен толук камсыздап, баалар да арзан болчу. Чек аралар ачылгандан кийин Өзбекстандан келген арзан жана эрте бышуучу жашылча-жемиштер Кыргызстандын рыногун ээлеп алды. Анткени ал жакта климат жылуураак болгондуктан түшүм эрте бышат. Бул болсо жергиликтүү өндүрүүчүлөрүбүзгө зыян келтирүүдө. Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын этине да чоң кызыгуу билдирүүдө. Бирок бул маселеде этият болуу зарыл, анткени өзүбүздө да эттин баасы бир топ кымбаттап кетти. Албетте, бул көйгөйлөр эки өлкө ортосундагы мамилелерди чектеп коюу керек дегенди билдирбейт".
"Камбар-Атаны ылдамдатышыбыз керек"
Мирзиёев кыргызстандык аткаминерлер менен баарлашып жатып, "Камбар-Атаны ылдамдатышыбыз керек" деп чечкиндүү түрдө баса белгиледи. Бишкектик саясий эксперт Руслан Акматбек муну Ташкенттин бул ири энергетикалык долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экени жана аны ылдамдатуу каалоосу ачык көрүнгөнү менен түшүндүрдү.
Борбор Азия үчүн суу-энергетика тармагындагы эң ири жана маанилүү долбоорлордун бири саналган "Камбар-Ата-1" ГЭСи чөлкөмдөгү суу ресурстарын башкарууда жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюуда стратегиялык мааниге ээ.
Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстан бул долбоорго кескин каршы чыккан. Мындай позиция ири плотинанын курулушу Фергана өрөөнүнө келүүчү суунун көлөмүн азайтып, айыл чарбасына зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуулар жана коопсуздук факторлору менен байланыштуу болчу. Мирзиёев бийликке келгенден кийин Ташкент бул позициясын өзгөрттү жана азыркы тапта ГЭСтин курулушуна Кыргызстан менен биргеликте катышууда.
Руслан Акматбек Чолпон-Атадагы сүйлөшүүлөрдү эки тараптуу алкактан кеңири, б.а. бүтүндөй Борбор Азиядагы транспорт, суу-энергетика жана чек ара коопсуздугу системасына таасир этүүчү фактор катары баалайт:
Өзбекстан бизге жакын коңшу, бир тууган өлкө экенин акыркы жылдары гана сезе баштадык. Тарыхый хронологияга кайрылсак, эки тараптуу мамилелер абдан татаал өткөн.
"Өзбекстан бизге жакын коңшу, бир тууган өлкө экенин акыркы жылдары гана сезе баштадык. Тарыхый хронологияга кайрылсак, көз карандысыздыкка ээ болгонубуздан бери эки тараптуу мамилелер абдан татаал өткөн. Өзгөчө Каримовдун тушунда чек ара маселелеринде байланыштар абдан начарлап, экономикалык кызматташтык нөл деңгээлде болчу. Атүгүл бир кезде мен "Кыргызстан менен Өзбекстан жарыяланбаган согуш абалындабы?" деген аталыштагы макала да жазгам. Эми болсо обочолонуудан эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташтык баскычына өттүк".
Ошол эле учурда эксперт чөлкөмдүк интеграция жолунда дагы эле тоскоолдуктар бар экенин белгилейт:
"Биз дагы деле бири-бирибизди толук таанып жете элекпиз. Жалпы баалуулуктарыбыз эмнеден турат жана бизди дал эмне бириктирип, кызматташууга түртүп жатканына так жооп бере албайбыз. Ар бир мамлекет түздөн-түз өз кызыкчылыгын алдыга жылдырууда, бирок бирдиктүү чөлкөмдүк өнүгүү деңгээлине азырынча өтө элекпиз".

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге I даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Расмий Бишкек бул мамлекеттик сыйлык эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн берилгенин билдирди. Шавкат Мирзиёев бул орденди өнөктөштүктү бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерге берилген жогорку баа катары кабыл аларын белгиледи.
Өзбекстан-Кыргызстан байланыштары Ислам Каримовдун президенттик доорунда муздап калган. Ар кандай саясий-социалдык себептерден улам Ташкент чек араларды жылдар бою жаап койгон эди.
Мирзиёев Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Борбор Азия жана Азербайжан президенттеринин бейрасмий саммитине да катышты. Өз ара кызматташууну кеңейтүүгө багытталган саммитке чогулган президенттер жаңы эл аралык аянтчада гольф ойношту, ошондой эле Ысык-Көлдө өткөрүлгөн Формула-1 суу мелдешинин сыйлуу коногу болду.
































