АКШ менен Иран дүйшөмбүдө сүйлөшүүсү мүмкүн, бирок Тегеран азырынча тастыктай элек

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен жаңы сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү башталышы мүмкүн экенин маалымдады. Ал бул тууралуу Иранга каршы даярдалып жаткан "ири масштабдагы" аскердик соккуларды токтотконун айткандан кийин билдирди. Бирок Тегеран сүйлөшүүлөрдүн качан өтөрүн жана ага катышууга даяр экенин азырынча ырастай элек.
"Алар чабуулдун канчалык чоң болорун билишкен, анткени анын даярдалып жатканын көрүп турушкан. Биз алар менен сүйлөшүп жатабыз. Сүйлөшүүлөр эртең башталат",- деди Трамп Air Force One президенттик учакта журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
Буга чейин Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына Иран жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү андан келишимдин "негизги шарттары" макулдашылгандыктан, кол салуудан баш тартууну өтүнүшкөнүн жазган.
Иран Трамптын билдирүүлөрүнө азырынча жооп бере элек. АКШ президенти тынчтык келишими жакындап калганын бир нече жолу билдирген, бирок андан кийин жаңы соккулар болгон.
Журналисттер менен болгон маегинде Трамп Тегеран менен келишим түзүү үчүн акыркы мөөнөттү атаган жок.
"Көрөбүз кандай болорун. Биз каалаган учурда аракет кылууга даярбыз. Мен адамдарды өлтүргүм келбейт",- деди ал.
Ошондой эле Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана АКШнын негизги өнөктөштөрү Бириккен Араб Эмираттары менен Катар аны дем алыш күндөрү Иранга жаңы сокку урбоого чакырышканын айтты.
"Биз сүйлөшүүгө толук даяр болчубуз", - деди Трамп. "Алар суранганынын себеби, келишим даяр деп эсептешет", - деди ал. "Ормуз кысыгы боюнча келишим түзүлдү, эми ядролук программа боюнча келишим түзүлөт", - деп жарыялады АКШнын президенти.
Жума күнү Трамптын министрлер кабинетинин жыйынында Иранга каршы ири масштабдагы сокку уруу маселеси талкууланган.
Ишемби күнү Трамп Truth Social баракчасына АКШ "Иран Ислам Республикасына каршы Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болуп көрбөгөндөй аскердик күчтү колдонууга даяр" экенин жазган.
Ал мындай чабуулду токтотуу чечими "дүйнө келечеги жана Ирандын ийгилиги, гүлдөп-өнүгүүсү үчүн пайдалуу болот" деп белгилеген.
Жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ормуз кысыгы боюнча Оман аркылуу жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр "планга ылайык жүрүп жатканын жана аяктоо алдында турганын" билдиргенин ирандык маалымат каражаттары жазышты.
Трамп болсо дүйшөмбүгө белгиленген сүйлөшүүлөр кайсы жерде өтөрүн жана ага кимдер катышарын тактаган жок.




























