"75чилердин иши": Прокуратура өкүмгө каршы апелляциялык арыз берди

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча сот жообуна тартылгандарга байланыштуу Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенин билдирген. Айткулов арызда Камчыбек Ташиевди толугу менен актоо өтүнүчүн келтирген.
Ушундай эле апелляциялык арыздарды Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жактоочулары да Бишкек шаардык сотуна тапшырган.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.
Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган.
Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.
Февралдан бери камакта болуп келген мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев сот залынан бошотулган.
Мурда прокурорлор сегиз айыпталуучунун ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле.
Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгондон кийин кыска билдирүү жасап, сотто акталарына ишенерин билдирген.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда алдыдагы президенттик шайлоого катышпай турганын ачыктаган.
Көп узабай анын иниси, коррупцияга айыпталган Шаирбек Ташиев үй камагына чыгарылган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Көп өтпөй Нурланбек Тургунбек уулу спикерлик кызматтан жана депутаттык мандатынан баш тарткан.
"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул иште жалпы сегиз киши айыпталган.
Талдоочулар бул иш саясий өңүттөгү иш экенин белгилеп келишет.




























