"Дагы бир операция жасалат". Түндүк Кипрде бычак жеген Жанерке өмүр үчүн күрөшүп жатат

Жанерке Абдразакова Түндүк Кипрга иштөө үчүн барган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жанерке Абдразакова Түндүк Кипрга иштөө үчүн барган
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Денесинен бир нече жолу жаракат алган Жанерке Абдразакованын абалы оор бойдон калууда. 23 жаштагы Жанерке Абдразакова 3-августта Түндүк Кипрдин Никосия шаарындагы Metropol Market супермаркетинде мыкаачылык менен бычакталган.

"Кыз бүгүн эсине келди. Бирок абалы оор бойдон калууда. Ага бир операция жасалды. Эми дагы бир операция жасалары күтүлүүдө. Операция жана дарыланууга байланыштуу чыгымдарды Түндүк Кипр өз мойнуна алды", - деди Никосия шаарында жашап жаткан кыргызстандык юрист Назгүл Алымбаева.

Burhan Nalbantoğlu мамлекеттик ооруканасынын башкы дарыгери Хасан Биртан күн мурун жергиликтүү медиага Жанерке өмүр үчүн күрөшүп жатканын билдирген:

"Денесинин түрдүү жеринен бычактан жаракат алган. Дароо операция болду. Жалпысынан бейтаптын абалы начар, бирок туруктуу. Жандандыруу бөлүмүндө. Өмүр үчүн күрөшүп жатат. Бул алдыдагы 48-72 саат бою уланат. Азыр ашык кан кеткен жок, ошону гана айта алам".

Жанерке Абдразаковага кол салган түрк жараны анын таанышы болгону айтылууда. Ал бул кадамга эмне себептен барганы азырынча расмий жарыялана элек. Шектүү да ооруканада, полициянын көзөмөлүндө.

"Анын да абалы оор деп эсептелет. Бирок оор экенине карабай, укук коргоо органдары тергөө амалдарын жасап жатышат", - деди Анкарадагы элчиликтин консулу Чыңгыз Абдрахманов.

Маалыматтарга караганда, Жанерке Абдразакова Түндүк Кипрга жайдын башында эле барган. Жумуш иштөөгө расмий уруксаты болгон.

Бейтаптын агасы Алайдан жолго чыкканы, эртең, 6-августа Кипрде болору айтылды. Ал жактагы кыргызстандыктар үй-бүлөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатышат.

"Кыргызстандыктар өз демилгеси менен каражат чогултуп жатышат. Бул жактагы бир кыз агасына билет алып берди. Себеби агасы маалыматты укканда дендароо болуп калды. Мындан тышкары мен юрист катары кун өндүрүү боюнча жарандык негизде доо арыз даярдап, соттук иш баштайын деп жатам. Кыз арыз берсе да, бербесе да, прокуратура сөзсүз тергөө жүргүзөт", - деди Назгүл Алымбаева.

Ар кыл эсеп боюнча Түндүк Кипрде Кыргызстандын миңге чукул жараны окуп, иштейт.