Инфантино катасын моюнга алды, бирок ФИФАнын президенти кызматында калды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мароккодо өткөн ФИФАнын Башкармалыгынын кезексиз жыйынында дүйнөлүк футбол уюмунун президенти Жанни Инфантино эл аралык турнирлерди жарым-жартылай менчиктештирүү планына байланыштуу "катачылыктарга жол бергенин" мойнуна алды. Мунун натыйжасында ал уюмдун жетекчилигинин колдоосуна ээ болуп, президенттик кызматын сактап калды.
Инфантиного колдоо көрсөтүлгөнү тууралуу билдирүү ФИФАнын Рабат шаарындагы Африкадагы кеңсесинде өткөн жыйын аяктагандан төрт саат өткөндөн кийин жарыяланды.
Инфантино аймактык конфедерацияларга турнирлердеги үлүштөрдү сатууга макул болууну сунуштаган. Анын ордуна аларга 40 миллион доллар өлчөмүндө тез арада төлөм жүргүзүлмөк. Бул сунуш өзгөчө Европа футбол ассоциацияларынын союзу (УЕФА) тарабынан катуу сынга кабылды.
Мындай катуу каршылыкка туш болгондон кийин швейцариялык жетекчи өз планын кайтарып алды. Бирок бул сынчыларды канааттандырган жок жана алар ФИФА президентинин кызматтан кетишин талап кылууну улантышты.
ФИФАнын ичинде да нааразы болгондор аз эмес. Би-Би-Синин колуна тийген ички документте уюмдун башкы катчысы Маттиас Грофстрем бул окуяны "өкүнүчтүү жагдай" деп атап, аны Инфантинонун жоопкерчилигине байланыштырууга болорун жазган. Грофстрем Рабаттагы жыйынга да катышкан.
Жыйындын жыйынтыгында Инфантино менен Грофстрем кол койгон кат даярдалып, ал бардык улуттук жана аймактык футбол уюмдарына жөнөтүлгөн. Би-Би-Си таанышкан бул катта алар кетирилген каталар үчүн "чын жүрөктөн кечирим сурап", "мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөөгө милдеттенишкен".
Ошол эле учурда каттын авторлору маалымат каражаттарына пландын чыгып кетишин да каталардын бири катары баалашкан. Бул план тууралуу алгач 28-июлда The Times гезити жазган. ФИФА мындан ары өзүнүн "ак ниеттүүлүк, жакшы башкаруу жана белгиленген жол-жоболорду сактоо принциптерине" каршы чабуулдарга чыдабай турганын жана өзүнүн атын, аброюн коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн билдирген.
Инфантинону кызматтан кетирүүгө болобу?
ФИФАнын президентине карата сын басаңдай элек. Акыркы күндөрү Канада өкмөтүнүн башчысы Марк Карни - акыркы дүйнө чемпионатын АКШ жана Мексика менен бирге кабыл алган өлкөнүн премьер-министри - Жанни Инфантиного болгон ишенимин жоготконун билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми "Барселона", "Реал Мадрид" жана Португалиянын улуттук курамасынын мурдагы оюнчусу, буга чейин ФИФАнын президенттигине талапкер болгон Луиш Фигу Инфантинону дароо кызматтан кетүүгө чакырды.
"Инфантино өзү даңазалайм деп убада берген кызматтын аброюна шек келтирди. Өзүнүн кадыр-баркын сактап калууга кеч болуп калды, бирок футболду сактап калууга али кеч эмес", - деди ал.
Инфантино ФИФАнын президенти катары өзүнө мыйзам боюнча уруксат берилген акыркы мөөнөткө кайра шайлануу үчүн күрөшүүгө ниеттенүүдө. Бирок бул жолу анын олуттуу атаандаштары чыгышы мүмкүн.
ФИФАнын президенттигине талапкерлер 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өз талапкерлигин көрсөтүшү керек. Шайлоо 2027-жылдын март айында Мароккодо өтө турган ФИФА конгрессинде болот. Жеңишке жетүү үчүн талапкер 211 улуттук федерациянын кеминде 106сынын добушун алышы зарыл.
Айрым федерациялар Инфантинону колдобой турганын буга чейин эле билдиришкен. Алардын катарында Уэльстин футбол федерациясы бар. Жакын арада Англиянын футбол федерациясы да ушундай эле позицияны карманары күтүлүүдө.
Бирок Европадан тышкары Инфантинонун принципиалдуу каршылаштары кыйла аз. Акыркы күндөрү анын тагдыры кыл учунда тургандай сезилген учурда да Египет, Марокко, Нигер, Мавритания, Конго Демократиялык Республикасы жана Филиппин анын талапкерлигин ачык колдошту.
Инфантинонун планын УЕФА гана эмес, Азия футбол конфедерациясы жана Түндүк Америка, Борбордук Америка жана Кариб деңизинин футбол конфедерациясы да четке каккан. Бирок план артка чакырылып алынгандан кийин алардын реакциясы анчалык кескин болгон жок.
Кариб деңизинин футбол конфедерациясы ФИФАнын жетекчилигин сынга алганы менен, анын кызматтан кетишин талап кылган жок. Ал эми Азия футбол конфедерациясы бул маселе боюнча эч кандай билдирүү жасаган эмес.
Би-Би-Синин спорт баяндамачыларынын белгилешинче, таасири чоң болгонуна карабастан, УЕФАнын Инфантинону кызматтан кетирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү жок. Бул үчүн ал Африка өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болушу керек. Анткени Инфантинонун президенттиги ошол өлкөлөр үчүн олуттуу каржылык киреше алып келген.
































