Ошто сабалган кыз: "Ушул күнгө чейин коркутуп келишет".

Ур-токмокко кабылган кыз окуясын Би-Би-Сиге айтып берип жаткан учуру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ур-токмокко кабылган кыз окуясын Би-Би-Сиге айтып берип жаткан учуру
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Социалдык тармактарда бир нече кыз өспүрүмдү ур-токмокко алып жаткан видео желдей тарады. Окуя бир жыл мурун, 2025-жылдын 23-июнунда болгон. Би-Би-Си Кыргыз кызматы жабырлануучу менен байланышып, иштин жагдайын сурады. Ал эми милиция бул окуяны жеке пикир келишпестик катары сыпаттап, Ошто кылмыштуу топтор жок экендигин айтты.

Ур-токмокко алынган кыз ушул күнгө чейин коркутууларга дуушар болуп жатканын, аны сабаган кыздар толугу менен жазага тартылбаганын айтып берди. Каарман окуя болгон учурда 17 жашта болгон. Ал аты жөнүн өзгөртүп берүүнү суранды. Биз ага Айпери деп кайрылып жаттык.

Жабырлануучу ур-токмокко кабылган учур тартылган видеодон алынган кадр

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жабырлануучу ур-токмокко кабылган учур тартылган видеодон алынган кадр

Окуя кандай болгон?

"Биз дос кызым экөөбүз "Навои" эс алуу багында отурганбыз. Дос кызым ажаткана барып келейин деп кеткен. Мен аны он мүнөттөй күтүп отурдум. Досум денеси кан болуп келди. Мурду сынып калыптыр. Көйнөктөрү бүт кан болуп келди. Досумдан эмне болгонун сурадым. "Батыраак кетели бул жерден" деп, ал мени колумдан жетелеп, "бас, кеттик" деди. Кетип жатсак, ал жерден бир нече кыз жолубузду тороду. Колубуздан тартып, биз жардам сураган кезде оозубузга, мурдубузга чаап жатты. Ошол жерде менин мурдум канап кетти. Ал кыздардан келтек жеп жатканда Тоха аттуу каймана аты бар кыз келген. Ал өзүнүн тобу менен бизди эки сааттай урду. Пикир келишпестик эмнеден чыкканын түшүнбөй калдым. Анан алар акча талап кыла башташты. Көрсө булар жаш кыздарды ушинтип сабап, тоноп, коркутуп жүргөн немелер экен" - дейт Айпери.

Курбумду коркутуп, бейтааныш эркек менен жыныстык мамилеге барууга мажбурлашты

Айперинин айтымында, анын дос кызы көбүрөөк жабыр тарткан. Мурду, кабыргасы сынып, баш мээси чайкалып, денелерине тамекинин чогу басылганын билдирүүдө. Айпери дос кызын коркутуп, бейтааныш эркек менен жыныстык мамилеге барууга мажбурлашканын да айтат. Биз Айперинин досунан да маалымат алууга аракет кылдык. Азырынча аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

"Бизден акча талап кылышты. Бизде акча жок десек, дос кызымды зордуктоо максатында белгисиз тарапка алып кетишкен. Ал досум арыз жазам десе, ал кызды коркуткан. Тоха аттуу кыз ага: "Сени өлтүрүп, Папандын суусуна агызып жиберем" деген экен. Азыркы учурда мени да коркутуп келет. Менин өзүмдү эле эмес, менин үй-бүлөмдү да коркутуп келишет. Милицияга арыз жазсам карабай жатат".

Кылмыштын курамы жок деп ишти кыскартып салды

Коркутуу фактысы боюнча Айпери милицияга кайрылган. Бирок Ак-Буура милициясы кылмыштын курамы жок деп, ишти кыскартып жиберген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы
Абсаттар Таваккалов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысыАбсаттар Таваккалов

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө шектүүлөр тарабынан жабырлануучуга карата WhatsApp тиркемеси аркылуу коркутуулар болуп жаткандыгы боюнча арыз келип түшкөн. Бул боюнча Ак-Буура милиция бөлүмү карап, иликтеп, кылмыштын курамы жок экендиги аныкталып иш кыскартылган" - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Таваккалов

Айпери бул окуяга он чакты кыз аралашкан деп эсептейт жана алардын баары жоопко тартылышын талап кылууда. Абсаттар Таваккалов окуяга тиешеси бар делген дагы үч кыз изделип жатканын билдирди.

"Ошол учурда окуяга тиешеси бар бир нече кыз кармалган. Алар бири-бири менен келишип алып, жабырлануучу тарап эч кимге арыз доосу жок экенин билдирген соң кылмыш иши кыскарган. Кийин тергөө кызматы аны иликтеп, кылмыш ишин кайрадан ачкан. Үч адамга 206-берене, каракчылык менен кылмыш иши козголгон. Башка дагы үч адам кылмышка тиешеси бар делип, бүгүнкү күндө издөөгө алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат".

Бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулушту

Бул факт боюнча эки кыз сот жообуна тартылган. Жабырлануучу бул чечимге нааразы. Биз маалымат алуу үчүн Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызына кайрылдык. Ал айыпталуучулар пробация менен сот залынан бошотулгандыгын билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрациялык сүрөт

"Ош шаардык сотунун 15-майдагы өкүмүнүн негизинде кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси, тагыраагы бейбаштык менен күнөөлүү деп табылышып, үч жылга эркиндигинен ажыратылышты. Айыпталуучуларга карата бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, алар жаза өтөөдөн бошотулушту".

Соттон чыккандан кийин менин үстүмдөн күлүштү. Алар пробация алып калышты. "Колуңдан эч нерсе келген жок го, эми сен менден көрөсүң" деп, мага Инстаграмдан да жазып жатышат.

"Косягы" бар болчу"

Бул окуяга катышы бар делген кыздар менен байланышууга аракет кылдык. Алардын бири - окуя боюнча айыптуу деп табылган Үмүт аттуу кыз Инстаграмдан сурообузга кыска жооп берди:

"Ал жакта токмок жеп калган кыздын "косягы" болгон. Ошол үчүн бердирдим. Бир кыз келип, аны урган. Бирок ал адаштырып алып, мени жамбашыма тепкен. Мен колумда уктап жаткан балам менен аскадан жыгылып кете жаздагам. Торду кармап, зорго бутумда калгам. Колумдагы балам жыгылып түшсө эмне болот эле? Мен жиним келип, мени эмнеге тебесиң деп аны урган болчумун".

Ал эми милиция бул окуяны жеке пикир келишпестик катары сыпаттап, Ошто кылмыштуу топтор жок экендигин айтты. Сабалган кыздын видеосу чыккандан кийин милиция ага нааразылыгы болсо, кайрадан арыз жазса болорун айткан.