"Чек арадан өтө албай кыйналганды эстегенде ыйлагым келет". Өзбекстандагы эки айыл Кыргызстанга өттү, каттоо иши башталды

Чоң-Кара
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргыз - өзбек макулдашуусунун негизинде Кыргызстанга өткөрүлгөн Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын тургундары эми көп жылдык чек ара көйгөйлөрүнөн кутулабыз деп турушат. Быйыл июнь айында кыргыз өкмөтү Өзбекстанга караган Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары жашоочулары менен бирге Кыргызстанга өтүп жатканын жарыялаган. Ушул тапта аталган айылдарды Кыргызстанга расмий өткөрүп алуу иштери башталды. Эки айылда жалпысынан 2500дөй киши, негизинен кыргыздар жашайт.

Айнура Мадрахимова Чоң-Кара айылы Өзбекстандан Кыргызстанга өткөнүнө өзгөчө кубанып турат. Ал бул айылга 27 жыл мурун келин болуп келген. Маркум жолдошу деле кыргыз, бирок өзбек жараны болчу. Бирок Айнурага Мадрахимовага өзбек жарандыгы берилген эмес. Ал мунун азабын далай тартканын айтат:

"Чек арадан өтө албай кыйналган күндөрдү эстегенде ыйлагым келет. Сиз кыргыз жараны экенсиз, бирок ичиңиздеги бала өзбек жаранынын баласы деп, каттоого туруу да өтө татаал болгон. Балдарым ооруп реанимацияга түшүп калса, Өзбекстандын чек арасынан өткөрбөй, эмчектеги баламды жолдошум алып өтүп, ооруканага жеткирген, өзү баккан. Мен өтө алган эмесмин. Ооруган балдарыбызды Кыргызстанга алып барсак, ар бир күнүнө, саатына акча төлөтүшкөн. Өзүм кыргыз жараны болсом да, көптөгөн кыйынчылыкка туш келгем. Келин болуп келгенде жаш экенмин да, күйөөм кыргыз болгону менен өзбек жараны, бул жер анклав экенин билген эмесмин. Айылдын Кыргызстанга өткөнүн көрбөй, өтүп кетемби деп ойлочумун. Абдан толкунданып турам".

Айнура Мадрахимованын төрт баласы бар. Бири да өзүнүн наамында эмес. Балдарына Өзбекстандан жөлөк пул, паспорт алуу кыйынчылыкты жараткандыктан, аларды кайниси менен келининин атына жаздырууга аргасыз болгон. Эми сот аркылуу документтерди калыбына келтирүү түйшүгү турат.

Айнура Мадрахимованын кызы Адина Махамаджанова ушул тапта Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуйт.

Айнура Махамаджанова

Сүрөттүн булагы, social

Анын эми бул айылдарда билим сапатына көңүл бурулса, кыргыз тилинде окуткан бала бакча, мектептер тез арада түптөлсө деген суранычы бар:

"Бул жакта окуучулар окууну бүткөндөн кийин турмушка чыгып кетишет. Окугандар бирин-экин эле. Себеби өзбек мектепти бүтүп, Кыргызстанда окууга кирүү кыйын. Өзбекстанда окуу да оор, билим жетишсиз болуп калат. Бул жакта мугалим жетишсиз. Айылыбыз Кыргызстанга өткөнүнө сүйүнүп жатабыз. Мен өзүм университетке тапшырганда аябай кыйналдым. Окуу акысы кымбат, документтерди кыргызчага которуш керек, өзбекче окуган соң, кайра кыргызча билим алуу да оор".

Быйыл июнь айында кыргыз өкмөтү Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары жашоочулары менен чогуу Кыргызстанга өтүп жатканын жарыялаган. Ушул тапта аталган айылдарды Кыргызстанга расмий өткөрүп алуу иштери башталды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Азыр айыл тургундары менен жекече сүйлөшүп жатабыз. Өзбекстанда калабы же Кыргызстандын жарандыгын алабы деген маселе бар. Ар бир тургун менен сүйлөшкөндөн кийин жарандык беребиз. Жарандык берип бүткөндөн кийин үйүнүн документин, жеринин документин, айдоочулук күбөлүгүн этап-этап менен Кыргызстанга өткөрүп алабыз", - деди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Токсонбаев мамлекеттик телеканалдардын бирине курган маегинде.

Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарында жалпысынан 2500дөй киши жашайт. Негизинен кыргыздар байырлаган кыштактар.

Кыргызстан Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын ордуна Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берүүгө макул болгон.

Би-Би-Си Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен байланышып төмөндөгүдөй маалымат алды.

"Эки тараптын макулдашуусу менен эки айылды биз өткөрүп алдык. Ордуна жер бердик. Канча гектар алсак, ошончо жер бердик. Азыр эми комиссия иштеп жатат. Алардын Риштон деген районуна жакын жерден бердик. Ошол жерде чек арабыз бар. Мындайча айтканда, Бүргөндү массивинин чек ара жагында. Жайык, кайрак, эл жашабаган, суу барбаган жерден бердик", - деди Назирбек Бөрүбаев.

30-июлда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеёв Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Кыргызстандын президенти Садыр Жапар чек ара маселеси толугу менен чечилгенин, өткөрмө бекеттер 15тен 30га чейин көбөйө турганын айткан. Тараптар бир нече документке, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишимге жана ара тилкеси жөнүндө келишимге жана Чечме булагын биргелешип пайдалануу жөнүндөгү макулдашууга кол койгон.