"Баланы бир апта аппарат менен кармап жаттык": Тогуз жашар баланын өлүмү

Сүрөттүн булагы, social
Ойноп жүрүп токко урунуп, клиникалык өлүм абалында ооруканага түшкөн тогуз жашар бала каза болду. Бул маалыматты Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы туулган Ибрахим Анарбеков аталган ооруканага 26-июль күнү кечки саат 20:05те жеткирилген.
Оорукананын жетекчисинин орун басары Данияр Шайбековдун айтымында, бала ооруканага клиникалык өлүм абалында түшкөн.
"Ток урган бала бизге клиникалык өлүм абалында келди. Ошондон бери аппаратта жатты. Кечээ каза болуп калды. Гипоксия болуп, мээси шишип кеткен. Бир апта бою комада аппарат менен кармап турдук. Калган жагдайларды соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Электр тогунан жабыркоо деген диагноз коюлган",- деди Шайбеков.
Дем алыш күндөрү баланын апасы социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жасап, кырсык 26-июль күнү кечки саат 19:00дөр чамасында Бишкектеги 6-кичи райондо болгонун айткан.
Анын айтымында, уулу классташтары менен ойноп жүргөн учурда, арыктагы токко урунган. Ал ачык жерде электр тогу кандайча пайда болгонун жана бул үчүн ким жоопкерчилик аларын сурап кайрылды.
"Күркөнүн артында бетон арыктар бар. Адатта балдар ал жакка барышчу эмес. Бирок ошол күнү барышкан экен. Ток башка балдарды да урган. Бирок Ибрахим токтун күчтүү жерин басып алган окшойт. Биз ал арыкта ток бар экенин билген эмеспиз. Башка балдар качып чыгып, бири-бирин "бул жерде ток бар экен" деп эскерткенге жетишкен. Бирок менин балам чыга албай калган. Азыр балам комада, абалы оор. Дарыгерлер мээси катуу жабыркаганын айтып жатышат. Мен муну жөн эле таштап коё албайм. Кечээ эле дени сак жүргөн балам бүгүн ушундай абалда жатат. Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасап жатышат. Бул үчүн ким жооп берет? Ал арык азыр деле ачык турат. Аны текшерүү керек. Балким, электр зымы туура эмес өткөндүр. Балдар муну кайдан билмек эле? Балким, ал жер тосулушу керек беле. Мындай кырсык башка эч кимдин башына түшпөсүн деп каалайм",- деген ал.
Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Бишкек мэриясы окуя болгон жерден өткөн электр зымдары "Бишкек жарык" ишканасына тиешеси жок экенин маалымдап, алар Улуттук электр тармактары компаниясынын жоопкерчилигинде экенин билдирди.





























