Путин учкучсуз аскерлердин командачысын дайындады. Орусиянын аскердик жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу эмне белгилүү?

Солдон оңго: Денис Лямин, Валерий Солодчук, Андрей Белоусов

Сүрөттүн булагы, Alexander Kazakov/Russian Presidential Press and Information Office/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солдон оңго: Денис Лямин, Валерий Солодчук, Андрей Белоусов
    • Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик жетекчиликте бир катар олуттуу кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Алардын негизги бөлүгү Коргоо министрлигинин тыл кызматтарын бириктирүүгө байланыштуу болду. Бирок эң башкы жаңылык - Орусиянын жаңы түзүлгөн учкучсуз системалар аскерлерине биринчи жолу расмий командачы дайындалганы болду. Бул кызматка кадрдык аскер кызматкери, генерал-полковник Денис Лямин дайындалат. Буга чейин Орусиянын дрон күчтөрүнүн расмий жетекчиси болгон эмес.

5-августта Владимир Путин Орусиянын аскер жетекчилиги менен болгон жыйында бир нече жаңы дайындоону жарыялады.

"Атайын аскердик операциянын (Орусия Украинадагы согушту ушундай атайт - Би-Би-Си) муктаждыктарын жана тажрыйбасын эске алуу менен Коргоо министрлигинин түзүмүн өркүндөтүү иштери уланууда", - деп түшүндүрдү Путин бул чечимин.

Кадрдык өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү Коргоо министрлигинин бардык тыл кызматтарын бириктирүүгө байланыштуу болду. Путиндин айтымында, бул кызматтар эми "бир колго топтолот". Ал мындай сунушту коргоо министри Андрей Белоусов бергенин айтты. Жаңы бириктирилген түзүмдү "Борбор" аскердик тобунун командачысы Валерий Солодчук жетектейт.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, генерал-полковник Валерий Солодчук бул кызмат менен катар Орусиянын коргоо министринин орун басары болуп да дайындалды. Ал 2024–2025-жылдары "Курск" аскердик тобун жетектеп турган кезде Курск облусун украин аскерлеринен бошотуу операциясына катышкан. Ал эми 2025-жылдын май айынан тартып "Борбор" аскердик тобун жетектеп келген.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Солодчукту Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы басып кирүүсүнүн башында Киев облусундагы жайкын тургундарга каршы жасалган аскердик кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт. Ал кезде 36-армияны башкарып турган.

Солодчук жаңы кызматка өткөндөн кийин бошогон "Борбор" аскердик тобунун жетекчилигине мурда "Чыгыш" тобун башкарган Андрей Иванаев дайындалды. Ал эми "Чыгыш" тобун эми Пётр Болгарев жетектейт.

Шаршемби күнкү кеңешмеде Путин ошондой эле Орусиянын жаңы түзүлгөн учкучсуз системалар аскерлеринин командачысын дайындаганын жарыялады. Бул жаңы аскердик түзүмдү түзүү тууралуу 2025-жылдын аягында кабарланган. Командачы болуп 47 жаштагы генерал-полковник Денис Лямин дайындалды. Путиндин айтымында, Лямин учкучсуз системалар аскерлерин толук калыптандыруу иштерин аяктоого жооптуу болот.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул - учкучсуз системалар аскерлеринин командачысы тууралуу биринчи расмий билдирүү. Путин мындай жаңы аскер түрүн түзүү тапшырмасын 2024-жылы берген. 2025-жылдын ортосунда бул багыттагы иштер жүрүп жатканын ырастаган. Ал эми жаңы аскер түрүнүн түзүлгөнү тууралуу акыркы чечим 2025-жылдын ноябрь айында жарыяланган. Бирок анын түзүмү жана жетекчиси тууралуу маалымат коомчулукка ачыкталган эмес.

Ошол эле учурда 2025-жылдын аягында Орусиядагы согушту колдогон Z-блогерлер өз булактарына таянып, учкучсуз системалардын жетекчиси болуп Москва облусундагы Электросталь шаарынан чыккан ишкер жана ыктыярчы Юрий Ваганов дайындалганын жазышкан. Би-Би-Синин Орус кызматынын Орусиядагы дрон өндүрүшү тармагындагы булактары да бул дайындоону ырасташкан. Бирок президенттин расмий жарлыгы жарыяланган эмес.

Орусиялык согушту колдогон блогерлер Вагановду аскердик билими жок экенин белгилеп сынга алышкан. Алар анын дайындалышын орус армиясына FPV-дрондорду жеткирүүдөгү монополист катары калыптанган аброю менен байланыштырышкан.

Ал эми Денис Ляминдин дайындалышына карата Z-блогерлер азырынча этият, бирок мурдагыдай күмөн санаган эмес. Коргоо министрлигине жакын деп эсептелген "Рыбарь" Telegram-каналы мындай деп жазды:

"Айрым фамилиялар, мисалы Денис Лямин сыяктуу, мурда кеңири белгилүү эмес болчу. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында көп көрүнбөсө да, анын тууралуу кызмат өтөгөн жерлерден негизинен жакшы пикирлер айтылат. Ар тараптуу тажрыйбасы аны учкучсуз системалар аскерлеринин командачысы кызматына дайындоого этият оптимизм менен кароого негиз берет".

Вагановдон айырмаланып, Лямин - кесипкөй аскер кызматкери. Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери жарыялаган расмий өмүр баянына ылайык, ал Челябинск жогорку танкалык командачылык окуу жайын, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясын аяктаган. Ал эми 2019-жылы Башкы штабдын Аскердик академиясын алтын медаль менен бүтүргөнүн ТАСС өзгөчө белгилейт.

Ляминдин дайындалышы Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын аймактарына дрон чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди. Украинанын мунай кайра иштетүүчү заводдорго жасаган соккуларынан кийин Орусияда бензиндин керектөө баасы өсүп, ондогон аймактарды күйүүчү май тартыштыгы каптады. Мындан тышкары, июлдун ортосунан тартып украиналык дрондор Орусиядагы эң ири Wildberries маркетплейсинин кампаларына жана логистикалык борборлоруна чабуул коюп келет. Азырынча кеминде 15 борбор жабыркаганы маалымдалган.

Дрон күчтөрүнүн башында танкист. Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы Илья Барабанов бул дайындоолор эмнени билдирет?

Путин учкучсуз системалар аскерлеринин командачысы кылып 47 жаштагы генерал-полковник Денис Ляминди дайындады. Аскердик билими боюнча ал - танк аскери. Ар кайсы жылдары 6-танк бригадасынын штаб башчысы, 1-гвардиялык танк армиясынын штаб жетекчиси жана 90-танк дивизиясынын командири болуп иштеген.

Жаңы командачынын дайындалышы Орусия армиясы үчүн дрон сатып алуудагы жаңжалдын фонунда болду. Өткөн аптада өзгөчө ири өлчөмдөгү каражатты мыйзамсыз коротуу иши боюнча Өнөр жай жана соода министрлигинин башкармалык жетекчисинин орун басары Алла Половченя, миллиардер Валерий Кустов жана "Эфко" компаниясынын бир катар жогорку жетекчилери камакка алынган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, мыйзам бузуулар "Келечектин транспорту" аттуу учкучсуз авиациялык системаларды түзүү долбоорун ишке ашыруу учурунда болгон.

Бул долбоордун алкагында орус армиясы Украинанын оор класстагы "Баба Яга" дронунун аналогуна ээ болушу керек эле. Бирок иш жүзүндө сунушталган аппарат орус эмес, Кытайда өндүрүлгөнү жана согуштук шартта колдонууга анча ылайыктуу эместиги белгилүү болгон.

Акыркы эки жарым жыл ичинде Лямин Борбордук аскер округунун штаб башчысы болуп иштеп келген. Эми ал Орусиянын учкучсуз системалар аскерлеринин тарыхтагы биринчи расмий командачысы болуп калды.