Геленжикте украин дронунан жети адам, анын ичинде үч бала өлдү

t.me/Exilenova+

Сүрөттүн булагы, t.me/Exilenova+

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

3-августта Украинанын учкучсуз учагы Краснодар крайындагы Геленжик шаарына жакын, Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Архипо-Осиповка айылына сокку урду. Соккудан деңиздин жээгинде эс алып жүргөн жети киши, анын ичинде үч бала каза болгону маалым болду. Бул Геленжик аймагындагы эң оор дрон чабуулу болуп калды. Бул жерден 27 чакырым алыстыкта "Владимир Путиндин сарайы" деп аталып келген имарат жайгашкан.

Дрон Архипо-Осиповкага (административдик жактан Геленжик шаарынын курамына кирет) эртең менен сокку урган. Окуянын видеолорунан көрүнгөндөй, ал учурда жээкте да, деңизде да эс алып жүргөндөр көп болгон.

Краснодар крайынын ыкчам штабынын маалыматына ылайык, жети адам, анын ичинде үч бала набыт болгон. Жабыркагандардын саны 40ка жеткен. Алардын арасында да балдар бар. 21 адам ооруканага жаткырылган.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев чабуул жарандык инфратүзүмдөргө багытталганын билдирди. Бирок кайсы объект бутага алынганын тактаган жок. Анын айтымында, адамдар дрондун сыныктары кулап түшкөндөн улам каза болгон.

Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган "Агентство" басылмасы видеодогу имараттарды аныктап чыгып, сокку урулган жээк НПО машина куруу ишканасынын филиалына таандык "Рассвет" эс алуу базасынын жанында жайгашканын жазды. Басылма бул ишкананы Орусиянын негизги ракета-космос ишканаларынын бири деп мүнөздөйт.

Сокку урулган учур тартылган видеодо автоматтан ок атууга окшош үндөр угулат. Украинанын Supernova+ аттуу мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналы бул үндөр дронду көчмө ок атуучу топ атып түшүрүүгө аракет кылганын билдириши мүмкүн деп божомолдоду.

Украина бул чабуул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Архипо-Осиповка Краснодар крайынын Кара деңиз жээгиндеги популярдуу эс алуу жайларынын бири. Бул окуя аталган аймактагы дрондор катышкан эң олуттуу кырсык болуп калышы мүмкүн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аймактык бийлик жана ыкчам штаб буга чейин да дрондордун (анын ичинде деңиздеги пилотсуз аппараттардын) чабуул коюшу мүмкүн экенин байма-бай эскертип келген. Расмий маалыматтарга ылайык, мындай учурларда абадан коргонуу күчтөрү аларды атып түшүрүп, адатта жабыркагандар катталган эмес.

Акыркы жолу Геленжикте дрон коркунучу 2-августта жарыяланган. Ошол эле күнү ыкчам штаб шаардан кулап түшкөн дрондун сыныктары табылганын, алар жергиликтүү дүкөндүн айнектерин талкалаганын билдирген.

Бир жыл мурда ушул эле аймакта дрондун сыныктары токой өртүнө себеп болгон. Геленжиктин мэри Алексей Богодистов өрттү тик учактын жардамы менен өчүрүүгө туура келгенин билдирген. Анда жабыркагандар болгон эмес.

Абадагы коркунучтардан улам Орусиянын жарандык авиация агенттиги (Росавиация) Геленжик аэропортун учактарды кондуруу жана учуруу үчүн маал-маалы менен жаап турат. Аэропорт 2025-жылдын июль айында кайрадан иштей баштаган. Ал 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кеңири масштабдуу басып киргенден кийин жабылган болчу.

Архипо-Осиповкадан түндүк-батышты карай 27 чакырым аралыкта Прасковеевка айылындагы "Владимир Путиндин сарайы" деп аталып келген объект жайгашкан.

Бул ири имараттар комплекси тууралуу тасманы 2021-жылы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жарыялаган. Ал аны "Орусиядагы эң чоң жеке турак жай" деп атаган. Эки сааттык тасманы YouTube платформасында 110 миллиондон ашык адам көргөн.

Владимир Путин бул объектке эч кандай тиешеси жок экенин айтып, тасманы "монтаж" деп атаган. Кийинчерээк президенттин жакын санаалашы Аркадий Ротенберг комплекстин ээси өзү экенин билдирип, ал президенттин резиденциясы эмес, келечекте апарт-мейманканага айланарын айткан.

Ошол кезде Би-Би-Синин Орус кызматы бул объектте ар кайсы убакта иштеген куруучулар жана башка кызматкерлер менен маектешкен. Алардын айтымында, имарат башынан эле апарт-мейманкана катары пландалган эмес. Алар ошондой эле дубалдардын көгөрүп кеткени билингенден кийин курулуш иштери дээрлик токтотулганын билдиришкен.