Президенттин маалымат катчысы Кыргызстанда чет өлкөлүк куралдуу түзүмдөр жоктугун билдирди

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар же куралдуу түзүмдөр кандайдыр бир объектилерди кайтарбай турганын билдирип, социалдык тармактарда тараган видеого комментарий берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, өлкө аймагындагы кен казуу жана башка ири долбоорлордун коопсуздугун Кыргызстандын укук коргоо органдары же мыйзамга ылайык иштеген жеке күзөт кызматтары камсыздайт.
"Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир обьект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт. Ошол эле маалда элди дүрбөлөңгө салуу максаты да кашкайып көрүнүп турат. Тилекке каршы, коомубузда маалыматтардын чын-бышыгын тактабай туруп, "чын эле ушундайбы?" деп ээрчип кеткен жарандарыбыз да бар. Мен толук жоопкерчилик менен айтып коеюн, Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок. Болушу да мүмкүн эмес. Өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат", - деп билдирди Алагөзов.
Ал Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алкагындагы макулдашууларга ылайык, Кант шаарындагы Орусиянын бирдиктүү аскердик объекти гана иштеп жатканын белгиледи.
Маалымат катчы билдирүүсүндө социалдык тармактарга тараган видеонун автору катары айтылган Айдарбек Раев тууралуу да сөз кылып, ал 2024-жылы АКШнын жарандыгын алганын белгилеп, америкалык паспортунун сүрөтүн да чыгарды.
Алагөзов социалдык тармактарда жалган маалымат таратуу коомчулукта дүрбөлөң жаратышы мүмкүн экенин белгилеп, жарандарды маалыматты текшербей бөлүшпөөгө чакырды.
"Ал эми видеодо сүйлөп жаткан Айдарбек Раев 2024-жылы Американын жарандыгын алыптыр (фото комментарийде). Ал жакта жатып алып жомок токубай, бул жактагы туугандарынан деле сурап койсо болмок экен. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар. Айдарбектей балдар өздөрү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй мына ошондой күчтөрдүн куралына айланууда. Бийлик мызамдуу жоопко тарта баштаса "мени жөн эле жоопко тартып атат" деген сөздөрдү айта башташат", - деп жазган Алагөзов.
АКШда жашаган Айдарбек Раев өзүн саясий аналитик катары тааныштырып, соңку мезгилде Кыргызстандагы Кытайдын таасири, карызы жана инвестициясы тууралуу маалыматтарды жарыялап келет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын пикиринде, Кыргызстанда Кытайдын таасири барган сайын өсүп жатат.
"Кыргызстан акырындык менен Кытайга барган сайын көбүрөөк экономикалык көз каранды болуп баратат. Кеп эми мамлекеттик карыз жөнүндө гана эмес. Көпчүлүк Эксимбанкка болгон мамлекеттик карызды гана талкуулашат. Ооба, Кытай Кыргызстандын эң ири эки тараптуу кредитору бойдон калууда. Болжол менен 1,5 млрд доллар, бул тышкы мамлекеттик карыздын 29%ына жакынын түзөт. Бирок чоң сүрөттү карасак, көрүнүш алда канча кеңири. Бүгүнкү күндө Кытай төмөнкү стратегиялык тармактарда алдыңкы орунду ээлейт.
• Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү
• Эң ири өзүнчө тышкы кредитор
• Эң ири чет элдик инвесторлордун бири
• Тоо кен тармагында олуттуу үлүшкө ээ
• Темир жол, энергетика, жолдор жана логистикалык инфраструктурага ири инвестиция салып жатат
• Бир катар стратегиялык коммерциялык долбоорлорго катышууда", - деп жазган Айдарбек Раев буга чейинки посторунун биринде.
Айдарбек Раев Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун билдирүүсү боюнча пикирин билдире элек.
20-июлда Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков саясатчылардын, активисттердин, укук коргоочулардын жана журналисттердин тизмесин жана маалыматтарын жарыялап, улут аралык кастыкты козуткандар жоопко тартылат деп эскерткен. Орунбеков ал тизмеге Айдарбек Раевди да кошкон. Орунбековдун эскертүүсү жерди чет элдик инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу берүү маселеси боюнча социалдык тармактардагы талкуулар күчөгөн кезде айтылган.
Акыркы жумаларда жер маселеси, чет өлкөлүк инвесторлор тууралуу пикирин билдирген бир нече адам күч органдарына чакырылып, айрымдары кармалды. Активист Азамат Баяманов 22-июлда УКМКга кирип чыкканын айткан. Көп өтпөй ал камакка алынган.






























