Украина: Орусиянын түнкү чабуулунан 15 киши набыт болду

Киев. 5-август, 2026-жыл

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киев. 5-август, 2026-жыл
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

5-августка караган түнү Киев жана Киев облусу Орусиянын жаңы жапырт чабуулуна кабылды. Маалыматтарга караганда, чабуулда баллистикалык ракеталар жана реактивдүү учкучсуз учактар колдонулган. Кеминде 15 адам каза болгону маалымдалды. Ошондой эле ири өрттөр катталып, алардын көбү кампаларда чыккан.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Киев облусундагы түнкү орусиялык аткылоонун кесепетинен 14 адам каза болуп, дагы 27 адам жаракат алды.

Куткаруучулар Бровары районундагы төрт жерде, Буча районундагы эки жерде жана Фастов районундагы бир жерде иштеп жатышат.

Мекеме ошондой эле Бровары районундагы төрт кампада жана Буча районундагы эки кампада ири өрт чыкканын билдирди.

"Бул түнү Киев облусу дагы бир жолу душмандын эң каргашалуу чабуулдарынын бирин башынан кечирди. Тилекке каршы, Орусиянын соккусунан 14 жай тургун каза болду", - деп билдирди шаршемби күнү эртең менен Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко.

Анын айтымында, эң көп курмандык Бровары районунда катталган. Ал жерде тогуз адам каза болгон. Буча районунда төрт жай тургун набыт болуп, Фастов районунда дагы бир адам каза тапкан.

Куткаруу кызматтарынын маалыматына караганда, тогуз адам каза болгон Бровары районундагы Бровары шаарындагы кампаларда жана дагы үч айылдагы кампаларда ири өрттөр чыккан. Буча районундагы Чайки айылындагы кампадагы өрт өчүрүлүп жатат. Фастов районунда логистикалык ишкананын аймагында жана дагы бир ишканада өрт чыккан.

Киевде шаарына жасалган соккуда бир киши өлдү

Киев шаардык аскердик администрациясынын маалыматына ылайык, борбор калаага жасалган чабуулдан бир аял каза болуп, дагы беш киши жаракат алды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чабуулдун кесепеттери Киевдин Голосеево, Оболонь, Деснян жана Святошин райондорундагы жети жерде катталган.

Турак жай инфраструктурасы жабыркап, кампаларда өрт чыккан. Голосеево районунда урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу администрация Telegram каналында билдирди.

Өз кезегинде Киевдин мэри Виталий Кличко Оболонь районунда турак эмес имараттар жана кеңсе имараты бутага алынганын айтты.

Киевдин Голосеево районундагы кампа толугу менен урап калган.

Кличконун айтымында, куткаруучулар урандылардын алдынан эки жабырлануучуну алып чыгышты. Бирок урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн.

Украинанын мониторинг жүргүзгөн Telegram каналдарынын маалыматына ылайык, Днепр дарыясынын сол жээгиндеги "Эпицентр" соода борборунда да чоң өрт чыккан.

Дагы бир билдирүүдө Голосеево районунда 300 литр аммиак сакталган идиштен зат куюлуп кетип, бирок куткаруучулар аны токтотууга жетишкенин маалымдады.

AFP агенттигинин фотографы түн жарымында башталган чабуулдан кийин Киевдин үстүндөгү чоң өрттүн жарыгын сүрөткө тартып алган.

Чабуулга чейин ккраин бийлиги Киевди көздөй баллистикалык ракеталар учуп баратканын эскертип, шаарда жардыруулардын үнү угулганын билдирген.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү жана Киевдин мэри Виталий Кличко Telegram аркылуу борбор калаага баллистикалык ракеталар багыт алганын жана абадан коргонуу системалары иштеп жатканын маалымдаган.

AFP агенттигинин Киевдеги кабарчылары да түн жарымынан кийин дароо бир нече жардыруунун үнүн укканын билдиришти.

Орусиянын Коргоо министрлиги кампаларга сокку урганын ырастады

Орусиянын Коргоо министрлиги жогорку тактыктагы куралдар жана алыскы аралыкка уча алган сокку уруучу учкучсуз учактар менен массалык чабуул жасалганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө чабуулдун буталары катары "Киев шаарындагы жана Киев облусундагы ар кандай курал-жарактарды жана аскердик жүктөрдү сактоо жана жеткирүү үчүн пайдаланылган транспорттук-логистикалык жана бөлүштүрүү борборлору, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү жана бөлүштүрүү объектилери" көрсөтүлгөн.

Украин бийлиги көптөгөн кампаларга сокку урулганын билдирген, бирок ал кампаларда эмне сакталганын тактаган эмес.

Мындан тышкары, Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Одессанын түштүгүндө жайгашкан үч жүк ташуучу кеме да бутага алынган. Украин тарап бул тууралуу маалымат бере элек.

Украинанын дрондору Орусиянын бир нече облусун жана Крымды бутага алды

Орусиялык мониторинг каналдары жана жергиликтүү бийлик Украинанын учкучсуз учактары аннексияланган Крымдагы жана Орусиянын бир нече облусундагы буталарга чабуул коюп жатканын билдиришкен.

Севастополдо жергиликтүү убакыт боюнча кечки он бирлер чамасында жардыруудан кийин шаардын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчкөн. Буга чейин аба эскертүүсү жарыяланган. Болжол менен 50 мүнөттөн кийин "ЧП Севастополь" Telegram каналы электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилгенин жазды.

Мониторинг каналдарынын маалыматына ылайык, украиналык дрондор Орёл, Тула жана Волгоград облустарынын үстүнөн учуп өтүп, ошондой эле Москва облусун кошкондо дагы бир нече аймакка багыт алган.

Геленжик, Чехов жана Wildberries кампаларына чабуулдар

Орусия бийлиги билдиргендей, 3-августта Геленжиктеги дрон чабуулунан жети адам, анын ичинде үч бала каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алган. 4-августта каза болгон балдардын саны төрткө жеткени маалым болду.

4-августта Москва облусундагы Чехов шаарында дрон чабуулунан беш адам каза болуп, ири кампада өрт чыкканын облус губернатору Андрей Воробьёв билдирди.

Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев билдиргендей, 5-августта дрон Wildberries компаниясынын сорттоо борборунун аймагына кулап, андан кийин өрт чыккан.

Анын айтымында, бир адам жаракат алган. Ошондой эле Венёв районундагы эки көп кабаттуу турак үй жана Новомосковск менен Узлов райондорундагы эки өндүрүш объектиси жабыркаган.

Ал эми Ленинград облусундагы Красный Бор кыштагындагы Wildberries кампаларына да дрондор менен чабуул жасалганы кабарланды. Компаниянын маалыматына ылайык, чыккан өрттү жети сааттан кийин гана толук көзөмөлгө алуу мүмкүн болгон.

18-июлдан бери Орусиядагы Wildberries логистикалык терминалдарында дрон чабуулдарынын кесепетинен чыккан өрттөрдүн саны кеминде 14кө жетти.