Европа өлкөлөрү өспүрүм киллерлерди жалдаган түйүндү ашкереледи

Сүрөттүн булагы, Швед полициясы
- Author, Дэниэл Сандфорд
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Бул Би-Би-Синин репортажынын котормосу. Түп нускасын англис тилинде бул жерден окуй аласыз.
Стокгольмдун чет жакасында кышкы түндөгү коюу караңгылыктан кара кийинген куралчан эркек чыкты. Ал "Макдональдстагы" жумушунан үйүнө кайтып бараткан 20 жаштагы студент Мурад Абдулкадрга жакындады. Куралчан адам ок ата баштады. Ал Абдулкадрга карай жакындап, биринин артынан экинчи окту ата берди. Мурад жерге сулап калганда, акыркы окту анын башына атты.
Киллер 18 жаштагы өспүрүм Атилла Азимов болуп чыкты. Ал 2025-жылдын февралында таптакыр башка адамды өлтүрүп алган. Бул кол салуу үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Азимов акча үчүн киши өлтүрүүгө барган - аны Иран бийлиги менен байланышы бар "Фокстрот" кылмыштуу тобу жалдаган. Бул топтун негизги багыты - буйрутма менен киши өлтүрүү үчүн сырттан аткаруучуларды издөө.
"Фокстрот" 2022-жылдан бери 35ке жакын киши өлтүрүүнү буйрутма кылган деп болжолдонот. Мындан тышкары, Европа аймагындагы Израил менен байланышы бар объекттерге бир катар кол салууларды уюштурган. Эки учурда гранаталар жана жардыруучу заттар колдонулган.
Топ мындай кол салууларга өспүрүмдөрдү тартып, аткарган жумушу үчүн накталай акча убада кылат. Бирок аткаруучуларды көбүнчө полиция кармап калгандыктан, убадаланган акча сейрек төлөнөт.

Сүрөттүн булагы, Швед полициясы
Дал ушундай окуя норвегиялык өспүрүм Йоханнес Натланддын башынан өттү. Ушул аптада Лондондогу Борбордук кылмыш соту аны Англиянын түндүгүндөгү Батыш Йоркширде киши өлтүрүүнү пландаштырган деген айып боюнча күнөөлүү деп тапты.
Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн түзүлгөн GRIMM европалык ыкчам жумушчу тобу билдиргендей, жаш киллерлерди социалдык тармактар аркылуу издешет. Аларга берилген тапшырмалар компьютердик оюндардагы инструкцияларды эстеткен формада жазылат. Европолдун оор жана уюшкан кылмыштуулук борборунун өкүлү Энди Краагдын айтымында, социалдык жактан аялуу жаштар "сырттан жалдануучу киши өлтүрүүчүлөргө" айланууда.
GRIMM тобуна мындай зомбулук көйгөйүнө туш болгон европалык 11 мамлекет кирет: Улуу Британия, Бельгия, Дания, Германия, Исландия, Испания, Нидерланды, Норвегия, Финляндия, Франция жана Швеция.
Тартип сакчылары "Фокстроттун" лидери Рава Мажид адегенде Швециядан, кийин убактылуу калкалаган Түркиядан качып, азыр Ирандын борбору Тегеранга жашап жатканын билишет. Полиция айрым кол салуулар Иран бийлигинин буйрутмасы менен уюштурулган деп эсептейт.
Мисалы, Копенгагендеги Израил элчилигинин жанындагы кол гранатасынын жардырылышы ушундай тапшырык катары каралууда. Ал эми башка кол салуулар саясий мүнөзгө ээ эмес - алар "Фокстрот" аралашкан баңгизат соодасындагы аймактарды бөлүштүрүү тирешүүлөрүнө байланыштуу.

Сүрөттүн булагы, Швед полициясы
Швециянын SVT телерадиокомпаниясынын иликтөөчү журналисти Диамант Салиху "Фокстрот" тобун жана анын Иран менен байланышын үч жыл бою изилдеген. "Иран режими "Фокстроттун" лидерине өз душмандарына чабуул жасоо үчүн өз тармагын колдонууга буйрук берет, - деп түшүндүрөт ал. - Бул душмандар — диссиденттер, режимге каршы журналисттер же Израил менен байланышы бар адамдар болушу мүмкүн".
Бул кызматташтык 2023-жылдын октябрь айынан кийин, Мажид Түркиядан Тегеранга качканда башталган. "Ал Иранда эркин жашоосун улантуу үчүн анын кылмыштуу тобу режимге жардам берүүгө макул болгон", - дейт Салиху.
2025-жылдын апрель айында, 18 жаштагы норвегиялык Натланд камакка алынгандан бир ай өткөндөн кийин, "Фокстрот" тобу жана Рава Мажид жеке өзү Улуу Британия өкмөтүнүн санкциялар тизмесине киргизилген.

Сүрөттүн булагы, Counter Terrorism Policing
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Натланд Улуу Британияга "Фокстроттун" Англиянын түндүгүндөгү Хаддерсфилд шаарынын тегерегиндеги тапшырмасын аткаруу үчүн атайын учуп келген.
Натланддын окуясы жалдама киллерлерди издөө ыкмаларын айкын сүрөттөйт. Норвегиянын Ставангер шаарындагы эки журналисттин үй-бүлөсүндө чоңойгон жигиттин бала чагы коопсуз жана бакубат өткөн. Бирок баңгизатка берилип кеткендиктен психозго кабылып, реабилитациялык клиникага, андан кийин балдар үйүнө түшкөн. Ал жерден тармакта UnknownHustler деген ник менен белгилүү өспүрүм менен таанышкан.
Бул Натландга акча үчүн киши өлтүрүүгө даяр адамды издеген арызды багыттаган. Кулактандырууда "Англияда киши өлтүрүү, 270К" деп Норвегиянын крону менен жазылган (бул болжол менен 28 миң АКШ доллары). Бирок UnknownHustlerге бул сунушту "Генерал" каймана аты бар дагы бир өспүрүм жөнөткөн. Ал маалда Генерал болгону 16 жашта болуп, балдар үйүндө жашап жатканына үч жыл болгон. Натыйжада Генерал бул ишке Натландды жалдаган.
Кийинчерээк өспүрүмдү "Фокстроттун" "Агент 47" деген никтеги мүчөсү менен байланыштырышкан [компьютердик оюндагы Hitman аттуу элиталык киллерге ачык ишара - ред.]. Швеция полициясы бул каймана аттын артында "Фокстроттун" лидеринин жакын санаалаштарынын бири Али Шехад Ахмед жашырынып турат деп эсептейт.
"Агент 47" Натландга Манчестерге бир тарапка билет сатып берип, убактылуу паспорт алууга көмөктөшкөн. Signal мессенджеринде аны даярдыктын ар бир этабында багыттап, аягында логистикага жооптуу "1" каймана аттуу адамга өткөрүп берген.
Компьютердик оюндардын стилиндеги инструкциялар менен "1" норвегиялыкка картаны жана Хаддерсфилдге жакын токойдо жашырылган курал-жарак сактагычы тартылган видеону жөнөткөн. Башка видеодо сыйакы катылган жер көрсөтүлгөн.
Натланд куралы менен Хаддерсфилдеги мейманканага жайгашканда, "Агент 47" төмөнкүдөй билдирүү жөнөткөн: "Эртеңкиге пландар көп".
Бирок норвегиялык өспүрүм пландарын ишке ашырууга жетишпей, камакка алынган. Ал кимди өлтүрүшү керектигин да билип жетишкен эмес. Британ террорго каршы күрөшүү бөлүмү пландалган киши өлтүрүүнүн Иранга тиешеси бар-жогун изилдеп жатат.
Натландды киши өлтүрүүгө жалдаган жаш "Генерал" абдан жигердүү ортомчу болгон. Ал Швецияда кандуу тапшырмаларды аткаруу үчүн азыр өмүр бою эркинен ажыратылган Азимовду жана Азимовдун кол салуусунан үч жума мурда Швециянын түштүгүндөгү Лунд шаарында жашаган Ахмед Замзамды өлтүргөн 17 жаштагы дагы бир өспүрүмдү жалдаган.
Эки жаш киллер тең полицияга кармалып калгандыктан акы алышкан эмес. Журналист Салиху бул көрүнүш "Фокстрот" үчүн кадимки нерсе экенин айтат: "Алар өспүрүмдөрдүн кармалып калышына таптакыр кабатыр болушпайт. Кармалып калышса, убада кылынган гонорарды да талап кыла алышпайт. Биз ушул күнгө чейин мындай жаш киллерлерге акча төлөнгөн бир да учурду кездештирбедик".
"Алар атайылап жашы андан да кичине өспүрүмдөрдү издешет - анткени алар кесепеттери тууралуу ойлонушпайт жана тобокелчиликке оңой барышат", - дейт Салиху.
"Генерал" норвегиялык полициячынын 14 жаштагы уулун өлтүрүүнү уюштурууга аракет кылганда кармалган. Бул ишке ал 15 жана 17 жаштагы өспүрүмдөрдү жалдаган. Натыйжада 15 жаштагы бала бардык нерсени полицияга айтып берген. "Генерал" камалганда, анын телефонунан Британиянын Хаддерсфилд шаарында пландалган кол салуу тууралуу маалыматтар табылган. Натланд да дал ошентип колго түшкөн. "Генерал" ушул жылдын май айында 14 жылга эркинен ажыратылды.

Сүрөттүн булагы, Official
GRIMM ыкчам тобу түзүлгөндөн берки 15 айдын ичинде олуттуу ийгиликтерге жетишти. 280ден ашуун адам камакка алынып, алардын арасында таасирдүү шектүүлөр бар. Эң негизги кармоолордун бири - "Агент 47" каймана аты бар Али Шехад Ахмеддин колго түшүшү болду. Ал Ирактын күрддөр жашаган Сулеймания шаарында кармалып, Швеция аны өткөрүп берүүнү суранды.
Швециянын улуттук полиция комиссариатынын башчысынын орун басары Стефан Хектор кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө эч бир жерде коопсуз башпаанек жок экенин көрсөтүү үчүн анын мекемеси чет өлкөлүк кесиптештери менен кызматташууну тынымсыз кеңейтип жатканын билдирди.
Май айында Тунисте Moewgli каймана аты бар мурдагы рэпер Мухаммед Мухдиди камакка алынган. Швеция полициясы анын "Фокстроттогу" орду абдан чоң деп эсептейт. Бирок топтун лидери Рава Мажид дагы эле Иранда, кол жеткис абалда калууда.
"Ал мурдагыдай эле активдүү, - дейт журналист Салиху. - Анын бүтүндөй кылмыштуу тармагы иштеп жатканда, Иран режиминин каршылаштарына жаңы кол салуулар жасала берет ко деп кооптоном".
"Фокстротко" урулган соккулар канчалык олуттуу болгону азырынча белгисиз. Ал ортодо алардын атаандаштары да пайда болду - "Дален" кылмыштуу тармагы да интернет аркылуу акча үчүн киши өлтүрүүгө даяр адамдарды издей баштады.
Бул ыкмалардын Швециядан коңшу Скандинавия өлкөлөрүнө, андан ары Улуу Британияга канчалык ылдам тараганы - жалдама киллерлерди издөөнүн бул модели канчалык ыкчам жана коркунучтуу экенин айгинелейт.
































