75чилердин каты: Ташиевдердин иши Бишкек шаардык сотунда карала баштайт

"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишин Бишкек шаардык соту кийинки жумадан тарта карай баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
"10-августка саат 9:30га дайындалды. Башка маалымат бере албайбыз, иш жашыруун", - деди шаардык соттон.
Буга чейин соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна өз-өзүнчө апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Алардын жактоочулары айыпталуучуларды толугу менен актоону өтүнүп жатышат. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берди.
"Прокуратура эмне деп арыз жазганын билбейбиз. Биз акталабыз деп жатабыз. Бул иште эч нерсе жок да", - деди адвокат Акынбек Ногоев.
Башкы прокуратура апелляциялык арызды кандай максатта бергени тууралуу маалымат жок.
Покурорлор буга чейин райондук сотто шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сураган.
Талдоочу Турат Акимов прокурорлор ошону шаардык соттон кайра сурайт деген ойдо.
"Прокуратура мамлекеттик айыптоону коргойт. Мисалы, Ташиевди тогуз жылга соттону сураган. Алар шаардык сотко кайрылып, ошону кайра сурайт. Алар райондук соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип кайрылып жатат. Бирок сотто кандай чечим чыгат, мурдагыдан көбөйтөбү же азайтабы, белгисиз".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Апелляциялык арызды алгачкылардан болуп Камчыбек Ташиевдин жактоочулары беришкен. Адвокат Икрамидин Айткулов мурда билдиргендей, алар соттон Ташиевди толугу менен актоону өтүнүшкөн.
Кийинчерээк ушундай эле арыздарды башка айыпталуучулардын жактоочулары да тапшырган.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.
Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган.
Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.
Талдоочу Турат Акимов бул саясий иш экенин белгилейт.
"Булар кандай кылмыш кылса да мойнуна албайт. "Күнөөм жок, мени актагыла" деп тура берет. Бул эми саясий оюн. Ташиевдин командасы азайтканга аракет кылат, ал эми прокуратура экинчи чечимди күтүп жатат. Эгер Ташиев менен Жапаров жакшы сүйлөшүп алган болсо, анда экинчи инстанция дагы жеңил өтөт. Ошону менен райондук сотту колдоп, балким мөөнөтүн азайтып койот. Бул жерде эми саясий ары чоймой, бери чоймой боло берет. Биринчиден, шайлоого жеткизбөө. Экинчиден, бийликтен четтеткенден кийин аны жолотпошко, ал саясий күрөшкө өтүп кетпешине, оппонент болбошуна же оппозицияга өтүп кетпешине аракет кылып, сотто сүйрөп жүрө берет. Кээде мындай иштер жылдар бою болот", - дейт талдоочу Турат Акимов.
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Кийин бул кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.
Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган саясий сот процесстеринин бири болуп калды.
































