Сүлүктү: шахтадагы кырсыктан Кытайдын бир жараны каза болду, бирөө куткарылды

Сүлүктүдөгү көмүр шахталарынын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүлүктүдөгү көмүр шахталарынын бири
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Магомед" ЖЧКсына караштуу шахтада уранды түшүп, анын кесепетинен Кытайдын бир жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, кырсык 4-августта болгон. Шахтанын ичинде эки кенчи уранды алдында калганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 24 куткаруучусу жөнөтүлгөн.

Алгачкы чалгындоо иштеринде шахтанын болжол менен 50 метр тереңдигинде төрт тирөөч сынып, 30 куб метрге жакын уранды түшкөнү аныкталган.

Анын кесепетинен бир кенчи каза болуп, экинчиси куткарылган.

ӨКМдин маалыматына караганда, куткаруучулар биринчи болуп 1966-жылы туулган Кытай жараны Ян Юн Линди уранды алдынан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бирок экинчи кенчинин сөөгүн алып чыгуу иштери жүрүп жаткан учурда, саат 09:56 чамасында кайрадан уранды түшүп, шахта ичиндеги беш куткаруучунун жолун тосуп калган. Министрлик алардын баары саат 10:38де аман-эсен чыгарылганын билдирди.

ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын өкүлү Сталбек Мамаев куткаруу иштери тууралуу буларды айтты:

"Куткаруучулар биринчи кенчини алып чыгып, медициналык кызматкерлерге өткөрүп берген. Экинчи кенчини куткаруу максатында кайра киришсе, ал кайтыш болуп калган. Аны беш куткаруучу алып чыгарып келе жатышкан кезде, алдыларына уранды түшүп, жолун тосуп калган. Беш куткаруучу ал жерде калып кеткенден улам сырттагы куткаруучулар аракет кылышып, беш куткаруучуну куткарып чыгышкан. Кайра кирүү кооптуу болгондуктан каза болгон кишинин сөөгү беш сааттан кийин чыгарылган. Шахтадагы урандынын көлөмү 30 метр куб деп эсептелди. Куткаруучулар эч кандай жабыркаган эмес. Баары аман-эсен".

Мамаевдин айтымында, кырсык болгон жерге кайра кирүү кооптуу болгондуктан, каза болгон адамдын сөөгү болжол менен беш сааттан кийин гана чыгарылган.

"Урандыда калгандын экөө тең кытай экен. Куткарылган жаран 1966-жылкы экен. Ал эми каза болуп калганы кайсы жылы туулганы жазылган эмес", - деди Мамаев.

Учурда шахтадагы кырсыктын себептери тууралуу расмий маалымат айтыла элек.