Павел Дуровдун иши: Telegram орус бийлигинин кезектеги бутасыбы?

Павел Дуров

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    • Author, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

ФСБ Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуровду террорчулукка көмөктөштү деп сырттан айыптады, ал эми Росфинмониторинг 30-июлда Дуровду "экстремисттердин жана террорчулардын" тизмесине киргизди. Би-Би-Си белгилүү мессенжердин колдонуучулары жана телеграм-каналдардын ээлери үчүн кандай тобокелдик жаралганы жана кандай сактык чараларын көрүш керектиги тууралуу медиа юристтерди кепке тартты.

Росфинмониторинг Павел Дуровду "экстремисттердин жана террорчулардын" тизмесине жылдызча кошуп киргизди – бийлик террордук беренелер боюнча кылмыштарга тиешеси бар деп эсептеген адамдарды мекеме ушундай жол менен белгилейт.

Ушул эле күнү жалпыга маалымдоо каражаттары мекеменин басма сөз кызматынын комментарийин жарыялашты. Анда Дуровдун акчалай жана мүлктүк активдерине жетүү мүмкүнчүлүгү бар уюмдар аларды тоңдурууга милдеттүү экени, бирок ага каршы киргизилген жекече чектөөлөр юридикалык жак катары Телеграмга жайылтылбай турганы айтылат.

Дуровдун айланасындагы окуялар Орусияда бул мессенжерди колдонгон адамдарга жана уюмдарга кандай таасирин тийгизиши ыктымал?

Орусиялык эки медиа юрист аты-жөнүн жашыруун калтыруу шарты менен Би-Би-Синин суроолоруна жооп беришти. Би-Би-Си бул макаланы даярдап жатканда ЖМКлардын укуктарын коргоо борборунун ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) жана "Сетевые свободы" телеграм-каналынын түшүндүрмөлөрүн да колдонду.

Телеграмды мындан ары колдонуу канчалык кооптуу болот?

"Телеграмга тыюу салынмайынча (Фейсбук менен Инстаграмга тыюу салынгандай эле), андагы иш-аракеттер мыйзам бузуу болуп эсептелбейт", - дешет юристтер.

Телеграмдын ээсине каршы козголгон кылмыш иши автоматтык түрдө ага таандык компанияга жайылтылбайт. Ошондуктан мурдагыдай эле каналдарды жүргүзүүгө, чаттарда жазышууга, постторду жарыялоого жана пикирлерди калтырууга азырынча болот.

Эгерде сот Telegram компаниясын, анын ээсин же мессенжердин өзүн экстремисттик же террордук уюм деп тапса же Башкы прокуратура аны реестрге киргизсе, мына ушундай учурда тобокелдиктер көбөйөт.

"Бийлик кийинки кадамды шилтеп, Телеграм мессенжерине тыюу салат деп ойлобойм, себеби ал өздөрүнө да керек болуп жатпайбы", - дейт Би-Би-Синин маектеши.

ЖМКнын укуктарын коргоо борбору 2022-жылы сот Meta компаниясын экстремисттик деп таап, Орусияда тыюу салганын, бирок ошол эле маалда компанияга таандык Фейсбук менен Инстаграмга гана тыюу салганын айтты. Meta компаниясынын дагы бир өнүмү – WhatsApp мессенжери ушул кезге чейин иштеп жатат. Тыюу салынган коомдук сайттарда аккаунттардын болушу жана материалдарды жарыялоо да экстремисттик ишке катышуу деп эсептелбейт.

2025-жылдын сентябрында аталган коомдук сайттарга кошумча чектөөлөр киргизилген, тактап айтканда, аларда жарнама чыгарууга тыюу салынган.

Телеграмда эми "жылдыздарды" сатып алууга болобу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баарынан да көбүрөөк тобокелдик азырынча террорчулукту же экстремизмди каржылоо үчүн кылмыш ишин козгоо ыктымалдыгына байланышкан. Дуровдун жеке өзүнө акча которуу террорчулукту каржылоо катары квалификацияланышы мүмкүн: каалаган платформада аны колдоп донаттарды жиберүү, ошондой эле анын Телеграмга жазган постторунун алдындагы "жылдыздарды" сатып алуу жана анын аккаунтунда орнотулган акынын негизинде билдирүү функциясын колдонуп, ага белектерди жана жеке каттарды жөнөтүү кооптуу, дешет юристтер.

"Акчаны түз жөнөтүүгө байланыштуу баары ансыз деле айкын деңизчи, ал эми "жылдыздарды" сатып алуу боюнча Орусияда сот тажрыйбасы да калыптанып калды – бул террорчулукту каржылоо катары таанылууда", - деп белгилейт юристтердин бири.

Анын баамында, айрым тобокелдиктер Дуровдун постторун бөлүшүүгө же лайк басууга да байланыштуу болуп жатат.

"Теориялык жактан алганда, муну террордук же экстремисттик ишке көмөктөшүү катары баалоого болот, бирок окуя ушундай өнүгөт деген чыныгы тобокелдик алда канча аз", - деп кошумчалайт юрист.

"Сетевые свободы" долбоору "Дайвинчик" аттуу таанышуу чат-ботун колдонуунун тобокелдиктери бар экенин эскертет. ФСБнын версиясы боюнча Дуровду террорчулукка көмөктөшкөн деп айыптоого дал ушул чат-бот себеп болгон. ФСБ бул чат-бот аркылуу Украинанын атайын кызматтары орусиялыктарды диверсиялык иштерге тартып жатат деп эсептейт.

"Дайвинчикке" жана ага байланышкан ресурстарга жазылуу камакка алынуу, сурак берүү жана ар кандай мажбурлоо чараларына кабылуу тобокелдиктерин жаратышы мүмкүн, деп белгилейт "Сетевые свободы". Ал эми укук коргоо органдары каалаган адамдын мобилдик телефонун ачып же Telegram ID аркылуу "Дайвинчикке" жазылуу фактысын аныктай алышат. Эгерде күч түзүмдөрү "Дайвинчикте" конкреттүү бир адам кат алышып, лайктарды басып, пикир жазганын аныктаса, тобокелдиктер кыйла күчөйт.

Telegram

Сүрөттүн булагы, Mykola Tys/Global Images Ukraine via Getty Images

Telegram Premium жазылуучулары үчүн тобокелдиктер барбы?

Premium жазылуусу жана ал үчүн төлөө азырынча коопсуз. Бирок Телеграм террордук, экстремисттик же жагымсыз уюм деп таанылса, анын ишин каржылоого тыюу салынат. Premium версиясын сатып алуу да мындай каржылоого кирип калышы мүмкүн – мына ошондо жазылуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылуу тобокелдигине дуушар болушат.

Буга чейин төлөнүп калган жазылуу Телеграмга тыюу салынгандан кийин деле күчүндө болсо да, мессенжер тигил же бул тизмеге киргизилгенден кийин жазылуу үчүн акча төлөгөн колдонуучулар үчүн гана тобокелдиктер пайда болот, деп эсептейт Би-Би-Синин маектештеринин бири.

Юридикалык жактан алганда, каржылоо "акча же башка мүлктү берүү аракети" болуп саналат, башкача айтканда, жазылууну пайдаланган мезгилде эмес, ал үчүн акча төлөгөн учурда "террорчулукту каржылоо" деп табылат.

Телеграмга тыюу салынганга чейин эле жазылуу акысын төлөп коюу кылмыш же административдик укук бузуу болуп саналбайт деген пикирге Би-Би-Синин дагы бир маектеши кошулат.

Бирок юристтин айтымында, орус бийлиги Беларустун сценарийин кайталашы мүмкүн, мында телефондо тыюу салынган тиркемелердин биринин болушу жана Телеграмдагы тыюу салынган каналдарга жана чаттарга жазылуу фактысынын өзү эле экстремисттик ишке катышуу деп табылат жана бул үчүн адам 15 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн.

Бирок тиркемени аныктоо үчүн же телефондун өзүн ачыш керек же мессенжерди бузуп кирүү талап кылынат.

Орусиялык карта менен түз төлөгөндө банкта Stars сатып алуу же Telegram Premium жазылуусу таризделгени жөнүндө маалымат калат, - деп эскертет ЖМКнын укуктарын коргоо борбору:

"Тартип коргоо органдары бул маалыматтарды банктардан ала алышат. Эгерде Stars ортомчу аркылуу же криптовалютага сатып алынса, банктын көчүрмөсүндө сатуучуга акча которулганы же Телеграмды көрсөтпөстөн криптовалюта сатып алынганы гана чагылдырылат".

Бирок Роскомнадзор Телеграмды бөгөттөп жатпайбы?

Роскомнадзор жыл башынан бери Орусияда Телеграмды тынымсыз бөгөттөп, анын ишин жайлатууда. Телеграм VPNсиз ачылбай калды.

Бирок бул өзүнчө жол-жобо, ресурсту бөгөттөө же ишин жайлатуу аны колдонууга тыюу салууга барабар эмес жана колдонуучулар үчүн тобокелдиктер болбойт.

Роскомнадзор жана ФСБ Дуровго козголгон иш Телеграмга жана анын колдонуучуларына кандай терс таасир тийгизери тууралуу азырынча комментарий бере элек. (ZMa)