Еврокомиссия 13 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну, өспүрүмдөрдүн кирүүсүн чектөөнү сунуштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа комиссиясы мыйзам долбоорун жарыялады. Эгер ал кабыл алынса, Евробиримдиктин бардык 27 өлкөсүндө 13 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды, видеоплатформаларды, чатботторду жана жасалма интеллект-компаньондорду колдонууга тыюу салынат. Ал эми 13-14 жаштагы өспүрүмдөр үчүн катуу чектөөлөр киргизилет.
Бул регламентти кабыл алуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу, адистердин айтымында, оңой болбойт. Анткени Евробиримдиктин ар кайсы өлкөлөрүндө балдар жана социалдык тармактар маселесине карата ар кандай көз караштар бар.
Шаршемби күнү Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктеги абал тууралуу жылдык отчеттук сөзүндө бул мыйзам долбоорунун негизги жоболорун айтып берди. Анын мазмуну тууралуу маалыматтар буга чейин эле басма сөзгө чыккан.
"Өтө көп бала онлайн дүйнөнүн таасирине өтө эрте кабылып жатат. Ал дүйнөдө коркутуу жана мазактоо үйүңө чейин жетиши мүмкүн, ал эми ар бир ката түбөлүккө сакталып калышы ыктымал", - деди фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын жаңы долбоорундагы тыюу салуулар жана талаптар негизинен эки багытка бөлүнөт: балдарга жана алардын ата-энелерине, ошондой эле социалдык тармактарга жана башка платформаларга ээлик кылган компанияларга карата.
Балдарга карата Евробиримдиктин негизги аткаруу органы төмөнкү чараларды сунуштоодо:
- 13 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга жана башка платформаларга кирүүгө таптакыр тыюу салынат;
- 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр бул платформаларга ата-энелеринин аккаунттары аркылуу түзүлгөн аккаунттар менен гана кире алышат жана аларды күнүнө бир сааттан ашык колдоно алышпайт;
- 15тен 18 жашка чейинки өспүрүмдөр социалдык тармактардын, видеоплатформалардын, чат-боттордун жана жасалма интеллект-компаньондордун зыяндуу таасиринен алардын ээлерине коюлган талаптар аркылуу корголот. Бирок алар өз алдынча аккаунт түзө алышат.
Еврокомиссия, атап айтканда:
- платформалардагы тасманы ылдый карай чексиз жылдыруу мүмкүнчүлүгүнө тыюу салууну;
- колдонуучунун профилин жана жүрүм-турумун изилдөөнүн негизинде сунушталган жана өспүрүмдөргө зыяндуу контентти көрсөтүшү мүмкүн болгон постторду сунуштоого тыюу салууну;
- жашы жете электер менен алар тааныбаган колдонуучулардын ортосунда байланышуу мүмкүнчүлүгүн чектөөнү;
- чат-ботторго жана жасалма интеллект-компаньондорго "эмоционалдык көз карандылыкка алып келиши мүмкүн болгон ыкмалар менен адамдар аралык мамилелерди тууроого" тыюу салууну сунуштоодо.
Акыркы пункт чат-боттор жана жасалма интеллект-компаньондор менен баарлашкандан кийин өспүрүмдөр өз жанын кыйган учурларга байланыштуу сунушталууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан тышкары, Еврокомиссия бардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн аккаунттарын демейки боюнча жарым-жартылай жабык кылууну сунуштоодо. Башкача айтканда, алардын жайгашкан жери жашырылып, камерасы жана микрофону өчүрүлүшү керек.
"Жаш курак боюнча чектөө технологиялык компанияларды платформалардагы контент үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт. […] 18 жашка чейинки бардык адамдарга карата платформалар коопсуздук платформанын өзүнүн түзүмүнө камтылган болушу керек деген принципти сактоого тийиш: уулуу жана көз карандылык жараткан элементтер болбошу керек, тузактар болбошу керек жана башка талаптар аткарылышы зарыл", - деди фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын долбооруна ылайык, компаниялар ага платформаларын модернизациялоо боюнча долбоорлорун берүүгө тийиш. Еврокомиссия аларды көз карандысыз баалоочулар менен биргеликте үч айдын ичинде карап чыгып, жактырат же четке кагат жана кайра иштеп чыгууга жөнөтөт.
Балдардын коопсуздугу боюнча талаптарды бузган платформалардын ээлерине Еврокомиссия дүйнө жүзүндөгү жылдык кирешесинин 6%ына чейин айып пул салуу менен коркутууда.
Быйыл июль айында Еврокомиссия Meta компаниясына да чоң айып пул салышы мүмкүн экенин эскерткен. Эгер компания Facebook жана Instagram платформаларынын дизайнын өзгөртпөсө, мындай чара көрүлүшү мүмкүн экени айтылган.
Еврокомиссиянын пикиринде, тасманы чексиз жылдыруу, видеолордун автоматтык түрдө ойнотулушу жана жекелештирилген сунуштар балдар менен өспүрүмдөрдө көз карандылык жаратышы мүмкүн.
Meta компаниясынын басма сөз кызматы Би-Би-Сиге Еврокомиссиянын айыптоолору менен макул эмес экенин билдирди. Компаниянын айтымында, Еврокомиссия өспүрүмдөрдү коргоо үчүн Meta тарабынан көрүлгөн "олуттуу чараларды" толук эске алган эмес.
Август айында Meta 2023-жылы социалдык тармактардын балдарга тийгизген зыянынан коргоо боюнча компанияга каршы доо арыз берген АКШнын штаттары жана аймактары менен макулдашууга жетишкен. Компания 10 жылдын ичинде 18 млрд долларга чейин төлөөгө макул болгон.
Долбоордон мыйзамга чейинки татаал жол
Еврокомиссия сунуштаган долбоор Евробиримдиктин ар бир өлкөсүндө аткарылышы милдеттүү болгон жалпы европалык мыйзамга айланышы үчүн аны бул биримдикке кирген бардык өлкөлөр, ошондой эле Европарламент колдоого тийиш. Макулдашуу жараяны бир нече айга созулушу мүмкүн.
Евробиримдиктин бир нече өлкөсү - Франция, Австрия, Дания, Грекия жана Испания - Еврокомиссиянын долбоору пайда боло электе эле балдар үчүн социалдык тармактарга тыюу салуу жана аларды чектөө боюнча пландарын жарыялаган.
Азырынча басма сөздөгү маалыматтарга караганда, Еврокомиссия Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө эгер анын долбоору мыйзамга айланса, бул тармактагы өз мыйзамдарын жокко чыгарып, алардын ордуна жалпы европалык регламентти киргизүүгө туура келерин эскерткен.
Ошол эле учурда Францияда бул багыттагы мыйзам олуттуу тоскоолдукка туш болду: Конституциялык кеңеш аны сөз эркиндиги принцибин бузат деп таап, четке какты. Өкмөт мыйзамдын жаңы редакциясын даярдай турганын билдирди.
Социалдык тармактарга тыюу салуу аракеттерине каршы чыккандар мындай тыюуларды ишке ашыруудагы ачык-айкын административдик кыйынчылыктарга, ошондой эле жеке маалыматтардын кол тийбестиги принциби бузулушу мүмкүн экенине көңүл бурушууда. Анткени колдонуучулар өз жашын далилдөө үчүн бул маалыматтарды сөзсүз бөлүшүүгө аргасыз болушат.
Еврокомиссия буга жооп кылып, жаш куракты текшерүү Евробиримдиктин буга чейин иштеп жаткан атайын тиркемеси аркылуу жүргүзүлөрүн жана андан алынган жеке маалыматтар башка эч кимге берилбей турганын билдирүүдө.
Еврокомиссия коомдук пикирге да таянууда. Евробиримдиктин заказы менен жүргүзүлгөн сурамжылоолордун биринде респонденттердин 92% интернетте балдарды коргоо Евробиримдиктин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек деп эсептегени аныкталган.
Урсула фон дер Ляйен Еврокомиссия мыйзам долбоорун даярдоодо Австралиянын тажрыйбасын изилдегенин айтты. Австралия дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарга тыюу салган.
Бирок ал өлкөдө бийлик мыйзамдын аткарылышын камсыз кылууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон. Байланыш министри Аника Уэллс сентябрда көптөгөн жашы жете электер дагы эле социалдык тармактарды жана тыюу салынган башка платформаларды колдонуп жатканын мойнуна алды. Бирок азырынча бул үчүн бир да компания айыпка жыгыла элек.
Улуу Британияда да кийинки жылдын жазынан тартып Австралиядагы үлгү боюнча тыюу салуу киргизүү пландалууда. Бул үчүн зарыл болгон негизги мыйзам буга чейин кабыл алынган, ал эми жыл соңуна чейин өкмөт жашы жете электердин социалдык тармактарга кирүүсүн чектеген алгачкы эрежелерди сунуштай турганын билдирген.
































