"Дастан жылдыздуу, күлүп-жайнап турган бала эле": Чаткалда каза болгон окуучунун өлүмү боюнча териштирүү башталды

Каза болгон бала
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын алгачкы аптасында ур-токмоктон экинчи окуучу каза тапты. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 14 жаштагы Дастан Рахманкулов аттуу өспүрүм мектептеги ур-токмоктон каза болду. Маркум өспүрүмдүн жакын тууганы Сапар Би-Би-Сиге окуянын чоо-жайы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, мектептеги 11-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларын сабактар арасындагы тыныгуу маалында мектептин ажаатканасына киргизип, ур-токмоккко алышкан.

"Дастан ичине жана таалуу жерине муштум жеген. Ажаатканын ичинде эле жагылган бала. Классташ балдары сыртка алып чыгышкан, бирок катуу өзөрүп калган бала дем ала албай эки-үч мүнөттө эле жан берген. Мугалимдер келген, алар дагы болгон аракетин кылып, тез жардам келгиче үзүлүп кеткен", - деди маркум өспүрүмдүн тууганы.

Чаткалдагы бул окуя боюнча райондук милиция кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Балдарды киргизген, ургандарын балдар бири-бирине шылтап жатышат. Аны тергөө аныктамайынчы эчтеке айта албайбыз. Кимиси урганын, эмне себептен урганын милиция тактап берсе, биз билбейбиз",- деди маркум өспүрүмдүн тууганы Сапар.

Дастан Рахманкулов үй-бүлөдө кенже бала, төрт тир туугандын кичүүсү эле.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган (Д.Р.) өспүрүм Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин ур-токмоктон өспүрүм каза тапкан дагы бир окуя Сузакта катталган.

17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болуп, 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.