Блогер Айтилек Орозбеков улут аралык кастыкты козутуу боюнча иште акталды

Айтилек Орозбеков

Сүрөттүн булагы, Social media

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин Свердлов райондук соту тейлөө тармагында мамлекеттик тилдин талаптарын сактоону талап кылган видеолорду жарыялап жүргөн блогер Айтилек Орозбековду актады.

"Сүйүнчү, сот тарабынан акталдым. Бизде адилеттүү сот бар экен. Мени колдогондорго ыраазычылык. 1,5 жылдык соттошуудан кийин, Кудай буйруса, акталдым", - деп билдирди өзү блогер коомдук сайттардагы өз баракчасында.

"Адилеттүү чечим болду. Свердлов райондук соту бүгүн беш эпизод боюнча Орозбековду толук актады", - деп анын жактоочусу Жаныш Бараков дагы бул маалыматты ырастады.

Блогердин иши Свердлов райондук сотунда быйыл апрелде кайра каралып, комиссиялык лингвистикалык экспертиза дайындалган. Буга чейин сотто анын видеолору боюнча эксперттердин корутундулары бири-бирине карама-каршы келгени айтылган.

Жаңы экспертизанын жыйынтыгында Орозбековдун аракеттеринде улут аралык кастыкты козутуу белгилери жок деген тыянак чыгарылган.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу блогерге 200 миң сом айып пул салууну соттон сураган.

Орозбековдун иши 2025-жылдын апрелинде Чүй облустук милициясынын социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингинен кийин козголгон. 15-апрелде анын YouTube каналындагы видеолордон улут аралык кастыкты козутуу белгилери бар деген шек жаралып, видеолор экспертизага жөнөтүлгөн. Ал эми 25-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси - "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" айыбы менен кылмыш иши козголгон.Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыккан эле.

Иштин негизги эпизоддорунун бири "Куликов" кофеканасына байланыштуу болгон. Орозбеков анда кыргызча сүйлөгөн кардар тейленбей калганын айтып, компаниядан мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүүнү талап кылган. Кийин блогер коомчулукту кыргыз тилин сыйлабаган "Куликов" кофеканаларына барбоого чакырган.

Орозбеков 2025-жылдын 6-майында кармалып, кийин үй камагына чыккан. Кийин "Куликов" компаниясынын кызматкери мурда берген арызын кайтарып алган. Бирок иш милициянын интернет-мониторингинин негизинде козголгондуктан, соттук териштирүү уланган.

Соттун бүгүнкү чечими менен Орозбеков бул иш боюнча толук акталды.

Президент Садыр Жапаровдун жакын тарапташы Атай Бейшенбек блогердин акталышы тууралуу пост жазып, "эне тилди өнүктүрүүдө агрессияга жана хайпка жол бербей, кыргыз тилине кызыгууну арттырган ыкмаларды колдонууга аракеттенүү керектигин" белгиледи.

Айтилек Орозбаев - кыргыз тилинин макамын коргойм деп, тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин колдонулушун талап кылган видеолорду тартып, таанылган кыргызстандык жарандык активист жана блогер. Социалдык тармактарда "тил патрулу" катары кафе, дүкөн, мекемелерден кыргызча тейлөөнү талап кылган рейддери аркылуу белгилүү болгон.