Дипломсуз калуу коркунучуна кептелген 800дөй студенттин окуусу кайра калыбына келтирилет

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилиги студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү

Сүрөттүн булагы, social

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуудан четтетилген 800дөй студентинин маселеси чечилет. Алардын окуусу калыбына келтирилет. Бул тууралуу Би-Би-Сиге аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев билдирди. Жетекчинин айтымында, студенттер Орусияда окуп, Кыргызстанда аны тастыктай албай калган сабактарын кайра окушу керек болот.

"Бул биздин милдетибиз да. Учурда министрлик менен чогуу мыйзамдын чегинде студенттердин окуусун калыбына келтирүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Тийиштүү документтерди иштеп чыгып, процессти баштадык. Буюрса, балдар окуусун улантат. Бирок мурда тастыкталбаган сабактары алардын карточкаларынан алынат. Кайра окушат ", - деди ректор Мирлан Чыныбаев.

Буга чейин төрт жыл окуп, дипломсуз калуу коркунучунда турабыз деп Би-Би-Сиге кайрылган студенттердин бири Нурсултан Ыдырыс уулу сүйүнүп, буларды айтты:

"Тастыкталбаган сабактарды алсаңар, диплом берилет дешти. Университеттен четтетилгендерди 17-августка чейин кайра калыбына келтиребиз деп убада беришти. Балким бир семестр окуйбуз, же андан көп. Кандай болсо да, жакшы болду".

Техникалык университет бул боюнча расмий билдирүү таратып, анда бүгүн, 31-июнда окуу жайдын жетекчилиги менен ата-энелер, студенттер жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү катышкан жыйын өткөнү жазылган.

Жолугушууда университеттин ректору Мирлан Чыныбаев бул маселе боюнча буга чейинки жүргүзүлгөн иштерди түшүндүрүп, студенттердин окуусун калыбына келтирүү иштери башталганын кабарлады.

"Студенттердин билим алуу укугун камсыздоо максатында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларга ылайык студенттерди кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзө баштады", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, жаралган кырдаалды укуктук негизде жөнгө салуу боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.

cтуденттер
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 800дөй студенти келишимдик негизде төрт-беш жыл окуп, окуу акысын төлөгөнүнө карабастан дипломсуз калуу коркунучуна туш болгонун айтып, Би-Би-Сиге кайрылган.

Студенттер жана студенттердин ата-энелери Орусиядагы университетте бир жыл окуганын тастыктаган документтер жараксыз деп табылып, ушул негизде дипломдук ишин жактоого уруксат берилбей, окуудан четтетилип жатышканына даттанышкан эле.

Ал эми университет бул жагдай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) иликтөөсүнүн алкагында каралып жатканын, Орусиядагы окуу жай студенттердин билим алганын тастыктабаганын билдирген.

Маалыматтарга караганда, бул студенттер убагында Жалпы республикалык тесттин босого баллынан өтө алышкан эмес. Мындан улам аларга Орусиядагы окуу жайлардын биринде бир жыл билим алып, андан соң Кыргызстанга кайтып, бул жактан окууну улантса боло турганы маалымдалган.

2025-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) айрым окутуучулары студенттерге чет элдик жогорку окуу жайлардын жасалма академиялык маалымкатын жана транскриптин берип, ошонун негизинде болжол менен 200 студент бул окуу жайга мыйзамсыз которулганы аныкталганын кабарлаган болчу.

Атайын кызмат буга чейин Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жогорку окуу жайлардан студенттер чыгарылганын, кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Ошол эле маалда студенттердин кызыкчылыгын коргогон юристтер жогорку окуу жайлар студенттерден келишим акы алып, 4-5 жыл бою аларды окуткан соң, жоопкерчиликти мойнуна толук алышы керектигин белгилешкен.