Тажикстан чөлкөмгө мунай заводун курууну сунуштаса, Азербайжан Кыргызстанга күйүүчү май берүүгө дилгирлигин билдирди

үч президент

Сүрөттүн булагы, Social

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Украина-Орусия согушунун кесепетинен Кыргызстан күйүүчү май тартыштыгын башынан кечирип жатканда Азербайжан өлкөгө мунай жеткирүүгө даяр экенин ишарат кылды.

Азербайжандын лидери Илхам Алиев Ысык-Көлгө кечээ, 30-июлда мамлекеттик сапар менен келген. Бүгүн 31-июлда эки өлкөнүн президенттери расмий жолугушууларды өткөрүшүп, бир катар документтерге кол коюшту.

Анын ичинде эл аралык автомобиль каттамдары жана энергетика жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтыкты арттырууга макулдашты.

Ошондой эле Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Азербайжан Энергетика министрлигинин ортосунда мунай жана мунай өнүмдөрүн жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Чөлкөмдө ири мунай заводу курулабы?

Ысык-Көлгө Азербайжандын президенти Илхам Алиевден тышкары Борбор Азиянын лидерлери да келишкен. Алар Чолпон-Атада C6 форматында бейформал жолугушууга чогулушкан. Жыйын аягына чыкты.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон чөлкөмдө заманбап технологияларды колдонуу менен ири мунайды кайра иштетүүчү завод курууну сунуштады, бирок ал объект кайсы өлкөдө курулушу керектигин тактаган жок.

Рахмон аймактык жана дүйнөлүк энергетика рыногундагы чыңалган кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизип жатканын, ал эми энергетикалык коопсуздук туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгиледи.

"Биздин профилдик ведомстволорго аймакта ири мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу маселесин карап чыгууну сунуштайм. Ошол эле маалда, албетте, өлкөлөрдүн ички муктаждыгы эске алынышы керек", - деди Рахмон.

Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна чабуул жасагандан бери күйүүчү майдын тартыштыгы жаралды.

Кыргызстан жылына эки миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын ичинен дээрлик 90% ашыгын Орусиядан сатып алат.

Орус бийлиги күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылууга салынган тыюуну 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.

Бишкек Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтуууда. Өткөн аптада Кытайдан күйүүчү майдын алгачкы партиясы келген.

Бул арада Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун билдирди.