"Системанын көйгөйү": мектептеги ыдыкка каршы мыйзам кабыл алуу сунушталды

депутат

Сүрөттүн булагы, Offiical

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Кеңеште мектептердеги окуучулар арасындагы зомбулук жана рэкетчилик маселеси көтөрүлдү. Депутат Улукбек Карыбек уулу бул маселени парламенттин күн тартибине киргизип, системалуу чараларды көрүүгө чакырды.

Депутат мектептердеги зомбулукка байланыштуу балдардын өлүмү жана өз жанын кыюуга аракет кылган учурлар боюнча статистикага токтолду.

"2024-2006-жылдары жети бала ур-токмоктон каза болуптур. 73кө жакыны жанын кыйууга барыптыр, анын канчасы ушул ур-токмоктун айынан? Мектептердеги рэкетчиликтин айынан каза болгондугу жөнүндө анализ жок. Бул Чаткалдагы, Жалал-Абаддын алыскы районундагы бир көйгөй эмес. Бул системанын көйгөйү".

Депутат келтирген бул сандардын расмий булагын көрсөткөн жок.

Карыбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасынан бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. Анын сунушуна ылайык, Агартуу министрлиги жана Жогорку Кеңеш эки айдын ичинде мектептердеги зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгышы керек.

"Системалык кадам таштайлы деп чакырык жасагым келет", - деди Улукбек Карыбек уулу.

Депутат ошондой эле парламентте мектептердеги ур-токмокко жана рэкетчиликке каршы иш алып бара турган комиссия түзүү демилгесин көтөрдү.

Депутат Бурул Аманова бул сунушту колдоду. Ал 25-сентябрда Жогорку Кеңеш депутаттарынын демилгеси менен мектептердеги зомбулук боюнча талкуу уюштурулуп жатканын айтып, Агартуу министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүн ага активдүү катышууга чакырды.

Кечээ, 22-сентябрда Агартуу министрлиги да Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда ур-токмоктон каза болгон окуучулардын өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөнүн маалымдаган.

Удаалаш каза тапкан окуучулар

Парламенттеги талкууга мектептердеги зомбулукка байланыштуу соңку эки окуя себеп болду.

18-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын 15 жаштагы окуучусу каза болгон. Ички иштер органдарынын маалыматына ылайык, Дастан Рахманкулов Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей көз жумган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, төрт 17 жаштагы өспүрүм кармалган. Кийин Ала-Бука райондук соту аларды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Өспүрүмдүн жакындары маркум өспүрүмдү 11-класстын окуучулары ур-токмокко алганын жазган. Бирок окуянын бардык жагдайлары боюнча тергөө жана экспертизалар уланып жатат.

Ага чейин, 17-сентябрда Сузак районунда дагы бир өспүрүм, 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Бул иш боюнча эки өспүрүм кармалып, камакка алынган.

Эки окуучунун өлүмү мектептердеги балдардын коопсуздугу жана рэкетчилик маселесин кайрадан коомдук күн тартибине чыгарды.