Китеп чуусу: Садыр Жапаров окуу китептерине кошумча 7 млрд сом бөлүүнү тапшырды

df

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Бийлик Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлөт. Мындай чечим мектептерде китеп жетишсиз болуп жатканы жана мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон айрым китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча коомдук талкуу күчөгөн учурда кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаров мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 18-сентябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

"Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Каражат маселеси чечилди. Эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек. Эгер "Учкун" ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкөдөгү талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл", - деди Аскат Алагозов.

Ал буга чейин окуу китептерине жылына орточо 100 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келгенин, акыркы эки жылда бул багытка 1,3 млрд сомдон ашык каражат каралганын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, ушул мезгилде 9,6 миллиондон ашык жаңы окуу китеби басылып чыккан.

Ошондой эле Алагозов мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер берилиши керек болгон окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы боюнча жагдайга токтолуп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен ким өз милдетин аткарбай койгонуна Министрлер Кабинети тиешелүү баасын берип, чечим кабыл алышы керектигин белгилеген.

"Мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча да текшерүү башталды. Канча китеп басылды, ким кабыл алды, кайда жөнөтүлдү, кайсы мектепке канчасы жетти жана мектепке жетиши керек болгон китеп базарга кантип чыгып кетти деген суроолордун ар бирине так жооп берилиши керек. Баары документтер менен текшерилип, күнөөлүүлөр сөзсүз жооп берет.Азыр министрликпи, басмаканабы же башка мекемеби деп чиновниктер бири-бириңерди күнөөлөп отура турган учур эмес. Биринчи милдет балдарды китеп менен камсыз кылуу", - деп билдирди Алагозов.

Китептер мектепке эмес, базарда

Кыргызстанда мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги жана мектептер үчүн даярдалган айрым китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча талаш, талкуу уланууда. 17-сентябрда Агартуу министрлиги да, китептерди басып чыгарган "Учкун" ачык акционердик коому да маалымат жыйынын өткөрүп, жагдайга байланыштуу түшүндүрмө берген. Социалдык тармактардын колдонуучулары, ата-энелер китеп жетишсиздиги үчүн өкмөттү, анын ичинде Агартуу министрлиги менен "Учкун" басмаканысын күнөөлөшүүдө.

"Учкун" басмаканасынын аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин 17-сентябрда "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтканына караганда, ишкана Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн буюртмасынын негизинде окуу китептерин басып чыгарат. Андан тышкары, "Учкун" жеке мектептер үчүн да китеп басып чыгарат. Иманалиевдин айтымында, жеке мектептер окуучулардын санына жана өз мүмкүнчүлүгүнө жараша китептерге буюртма бере алышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз бүгүнкү күндө жеке мектептерге берип жатабыз. Андан тышкары, Агартуу министрлигине берип жатабыз. Бизде канча китеп жеке менчик мектептерге басылып чыкканы, канча китеп Агартуу министрлигинин буйрутмасы менен чыкканы боюнча толук сан бар. Ал эми "Дордой" боюнча айта турган болсок. Бүгүнкү күндө, өзүңүздөр билесиздер, технология өнүкккөн заман. Мүмкүн ал китептер пираттык негизде чыгарылган, мүмкүн көчүрмө болуп чыгарылган. Ал бүгүнкү күндө белгисиз, эч ким аныктай элек. Бүгүнкү күндө китептердин ээси болуп, Агартуу министрлиги эсептелет. Агартуу министрлиги ал китептер кайдан пайда болгонун текшерип бергиле деп, укук коргоо органдарына кайрылды. Апрелде да бир кайрылган экен. Андан кийин, жакын арада бир кайрылышыптыр. Биз, "Учкун" ишканасы каалагандарга, базарга же башка жакка чыгарбайбыз. Биз жеке менчик мектептердин жана Агартуу министрлигинин гана заказын аткарабыз. Бүгүнкү күндө баары "мектепке жетпей жатса, "Дордойго" берип салышыптыр" деп жатышпайбы. Андай эмес. "Дордойго" "Учкун" берген жок, бербейт дагы. Ал эми бул китептер "Дордойдо" кантип пайда болгону боюнча текшерүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен маалымат аласыздар".

Бек Иманалиев жеке мектептерге китеп басып чыгарууда аларда канча бала окуйт деген сыяктуу маалыматтарды текшерүүгө "Учкундун" ыйгарым-укуктары жок экенин кошумчалады.

Ушул эле күнү агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева да маалымат жыйынын өткөрдү.

"Жеке менчик билим берүү мекемелерине, мектептерге китептерди сатуу укугун биз "Учкунга" бергенбиз. Бирок ушул күндөн баштап, ал лицензияны биз өзүбүзгө алабыз. Эми буга толугу менен Агартуу министрлиги кожоюн болот. (Мындан ары) биз жеке менчик мектептерден арыздарды алып, "Учкунга" беребиз. Ошондо бирдиктүү эсеп болот. Акчасын түз "Учкунга" которот. Биз "Учкунга" мамлекеттик мектептер менен кошо жеке менчик мектептерден мынча арыз түштү деп айтабыз. Биз базарда сатылып жаткан китептерди жеке менчик мектептерге деп алып кеткен... мисалы, "Учкундан" алгандар бар экен. Чын эле жеке менчик мектепке жеттиби, жеткен жокпу, ага биз кепилдик бере албайбыз", - деди Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында.

Анын айтымында, контрафакттык китептер маселеси боюнча аларга буга чейин эле укук коргоо органдарына кайрылышкан.

"Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Кечээ ИИМдин өкүлдөрү келди. Аларга толук маалыматтарды бердик. Бизде китепти сатуу процесси жок, бизде китепти бекер жеткирүү процесси бар. Бекер жеткирүү процесси да "Учкундун" мойнунда. Биз апрелде УКМКга, Башкы прокуратурага кат жазганбыз. Апрелден баштап, алдын ала эле контрафакттык китептер болбосун, ошону көзөмөлгө алып бергиле деп кайрылганбыз".

Китеп маселеси мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон китептердин айрымдары базарларда жана башка соода түйүндөрүндө сатылып жатканы тууралуу маалыматтардан кийин көтөрүлгөн.

Агартуу министрлиги 15-сентябрда мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстери эркин сатууга чыгарылбай турганын билдирген. Министрлик базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте мындай китептер сатылып жаткан фактылар катталганын айтып, Башкы прокуратурага, УКМКга жана Ички иштер министрлигине кайрылган.

16-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен укук коргоо органдары бул фактылар боюнча текшерүү баштаган.

ИИМге, УКМКга жана Агартуу министрлигине китептердин базарга кандай жол менен түшүп кеткенин аныктоо, ошондой эле басылып чыккан, берилген жана бөлүштүрүлгөн китептердин саны буйрутмалардагы жана документтердеги маалыматтарга туура келерин текшерүү тапшырылган.

Муну алдында, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектептерде китеп жетишсиз болуп жатканын айтып, ошол эле учурда мамлекеттик мектептерге арналган китептерди Бишкектеги "Дордой" базарында сатылып жатканын билдирген.

"Учкун" 2023-жылдан бери мамлекеттик мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруучу негизги басмакана. Жаңы окуу китептери "Окуу китеби" басма үйүндө даярдалып, "Учкунда" басылууда. Министрлик быйыл жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө чыгаруу үчүн 744 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген.

Кыргызстан быйылтан тарта 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтө баштады.