Кореядагы кыргызстандыктар: виза жана акча которуу көйгөй болууда
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргыз президенти Садыр Жапаров ушул күндөрү Түштүк Кореяда расмий сапары менен жүрөт. Ал Сеулга "Түштүк Корея - Борбор Азия" саммитине катышуу үчүн барган жана эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө. Бул өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары жана студенттердин саны 12 миңге чамалайт. Аларды эмне түйшөлтөт?
Кореядагы "Даткайым" коомдук уюмунун төрайымы Аида Улукбекованын айтымында, мекендештер үчүн эң маанилүү маселелердин бири - виза.
"Бүгүнкү күнү Кореяда 12 миң кыргыз жараны жашайт. Алардын арасында эмгек мигранттары, студенттер, үй-бүлөсү менен жашап жүргөндөр жана ар кандай тармактарда иштеген адистер бар. Ошондуктан биз бул саммиттен саясий деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү эмес, Кореяда жашап жаткан мекендештерибиздин күнүмдүк жашоосуна таасир эткен конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз", — дейт Улукбекова.
Анын билдиришинче, кыргызстандыктар эки өлкөнүн ортосундагы визалык шарттар жеңилдешин күтүп жүрүшөт.
"Айрыкча виза маселеси. Биздин көптөгөн жарандар визасыз каттам киргизип берсе деген каалоосун айтып жүрүшөт", - дейт ал.
Улукбекова Кореяда билим алып жаткан жаштардын окуусун бүткөндөн кийин жумуш табуу маселесине да токтолду.
"Жумушка орношуу үчүн жаштар, ага ылыйык, визага өтүү маселесине кабылышат. Эки өлкө расмийлери ушуга көңүл бурушса. Студенттер үчүн Кореялык компанияларда практика жана стажировка дегендер көбөйсө, аларда ошол жерде иштеп калуусуна шарт түзүлмөк", - дейт Аида.
Кореяда эмгектенип жаткан кыргызстандыктар үчүн үй-бүлөлүк виза маселеси да өзгөчө маанилүү.
Кореяда чип чыгарган жана алтын иштеткен заводдо иштеген Тыныштык Мелис уулунун айтымында, көптөгөн кыргызстандык эркектер үй-бүлөсүн Кыргызстанда калтырып, Кореяда жалгыз иштеп жүрүшөт.
"Эки өлкө ортосунда виза шарттары жеңилдеп, үй-бүлөлүк виза алуу шарттары жөнөкөйлөсө, биз үчүн өтө жакшы болмок. Анткени, бул жакта, Кореяда иштеп жүргөн кыргыз жарандары 20дан 30 жашка чейинкилер. Алардын баары үйлөнөйүн деп жаткандар же болбосо үйлөнгөндөр, бала-чакалуу. Барын таштап, бул жакка келип иштеп жүргөндөр",- дейт ал.
"Үй-бүлөсүн алып келгендерге жумуш табуу кыйын"

Сүрөттүн булагы, Social
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тыныштык Мелис уулу үй-бүлөсүн алып келгендер үчүн иш табуу да кыйын экенин белгилейт.
"Үй-бүлөлүк виза алыш өтө оор, алган күндө деле, сен өзүңдүн заводуңда иштей албайсың. Анткени, көп завод ошол Е-7 виза менен алышпайт, шарттары жок. Е-9 же башка визалар менен ала берет, бирок Е-7 менен жумуш табыш өтө эле оор болуп калып жатат".
Тынышбектин айтымында, Кореяда соңку кезде эмгек келишимдери тыкыр аткарылбай калган учурлар катталууда.
"Завод менен эмгек келишиминде шарттары бүт жазылат. Бирок барганда ошол шарттары аткарылбай калган учурлар болуп жатат. Мисалы, айлыгы 2 миллион 200 миң деп контракта жазылса, завод ал акчадан ижаранын акчасын кемитип коё алат. Бирок ижара акысы тууралуу контрактта эч нерсе айтылбашы мүмкүн. Меники шүгүр, бардыгы жакшы. Бирок жакында бир тааныш балам бир завод менен соттошту. Завод ээлери анын иштеген сааттарын кемитип коюптур. Ал адвокат жалдап, соттошуп жатып, аягында бир суммага жумуш берүүчүлөрү менен келишишти. Миграцияда жүргөн кыргызстандыктарга карата мына ушундай укук бузууларды тескөө колго алынса жакшы болот эле",- дейт ал.
"Кореяда шылуундардан жапа чеккендер көп"
Кореяда окуп, иштеп жүргөн мекендештерди түйшөлткөн дагы бир , олуттуу маселе — эки өлкөнүн ортосунда акча которуудагы кыйынчылыктар.

Сүрөттүн булагы, Social
"Кореядагы кыргызстандыктардын бул сапардан жалпы үмүт кылганы бул - акча которуу процесстерин бир аз жеңилдетип берсе жакшы болмок деп ойлойм",- деди Кореядагы Студенттер ассоциациясынын президенти Бектур Абдыкалыков.
"Көйгөйлөрдүн эң эле орчундуусу азыр ушул. Себеби, банктагы акча которуу процесстеринин татаалдыгынан, ыңгайсыздыгынан улам легалдуу акча которо албай, башка жолдор менен которуп, шылуундарга жем болгон мекендештерибиз аябай көп. Ошол мекендештердин чоң көйгөйлөрү чечилип калмак. Себеби, дегенде эки өлкө ортосунда товар оборот кылгандар, мигранттар, жердештер акча которууда кыйынчылыкка кабылып жатат", - дейт Кореядагы кыргыз студенти.
"Кыргыз-корей өкмөттөрү шылуундарга каршы эки тараптуу күрөштү да күчөтсө жакшы болот эле. Кудайдын куттуу күнү шылуундарга кабылып, азап чеккендерди угуп атабыз. Бирок мекендештерди алдап кеткендер табылып, кармалып, акчалары кайтарылып берген жаңылыктарды уга элекпиз. Ошонун эсебинен көпчүлүк мекендештер дагы үмүтсүздүккө түшүп калды. Кореядагы орчундуу маселелер мына ушулар", -дейт Бектур Абдыкалыков.

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров Корея президенти Ли Чжэ Мён менен жолугушканда визалык режимди жеңилдетүүнү сунуштаганы белгилүү болду.
Ал эми премьер-министр Хан Сон Сук менен жолуккан кезде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү, документти кол коюуга даярдоону сунуштады. Президент Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапары 17-сентябрда да уланууда.
































