Корея Борбор Азияга жүзүн бурууда: Кыргызстан кызматташтыктан эмне күтөт?
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
16-сентябрда Сеулда биринчи жолу C5+1 форматында "Түштүк Корея - Борбор Азия" саммити өттү. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Түштүк Корея менен эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү жана Сеул декларациясын кабыл алышты.
Саммитке Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
Декларацияда Корея менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты мамлекет башчыларынын деңгээлине чыгаруу жана аны туруктуу негизде өнүктүрүү боюнча макулдашуулар камтылган.
Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун өнүктүрүүнүн негизги багыттары катары өнөктөштүк, тынчтык, өнүгүү жана гуманитардык байланыштар белгиленди.
Кыргызстан эмнени үмүт кылат?
Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, жалпысынан 74 документке кол коюлду.
Кыргызстан менен Корея кабыл алган 18 документ соода, өнөр жай, баалуу минералдар, санариптештирүү, халал индустриясы, химия жана текстиль өндүрүшү сыяктуу багыттарды камтыйт.
Президент Садыр Жапаров жолугушууда Кореяны Борбордук Азиянын ишенимдүү өнөктөшү деп атады.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Азыркы негизги милдет - жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүккө өткөрүү", - деди Жапаров.
Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси Аида Исмаилованын айтымында, Кыргызстанда корей өкмөтү кызыкчу вольфрам, сурьма, литий өңдүү сейрек кездешүүчү минералдардын 22 түрү бар.
"Бул тармакта кызматташууга негиз түзгөн документтер да бар. 2024-жылдын декабрында Кыргызстандын Энергетика жана Жаратылыш ресурстары министрлиги Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги менен энергетика жана критикалык минералдар боюнча кызматташуу тууралуу меморандумуна кол коюшкан", - дейт Исмаилова.
Кыргызстан Корея менен кызматташууда бир гана баалуу минералдарга басым жасабайт. Расмий Бишкек инвестиция тартууга, жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана технологияларды алып келүүгө кызыкдар.
Президент Садыр Жапаров Корея президенти Ли Чжэ Мён менен жолугушуп жатып, Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүүнү, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону сунуштады.

Сүрөттүн булагы, Official
Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жолугушууда Кыргызстанды Кореянын Борбор Азиядагы соода көлөмү боюнча экинчи ири өнөктөшү деп атады. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.
Соодадагы көрсөткүчтөрүнө келсек, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021–2025-жылдары Түштүк Корея менен соода жүгүртүү 9,2 эсеге өскөн. 2025-жылы анын көлөмү 508,7 миллион долларга жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 17% көбөйгөн.
Бирок эки тараптуу соодада чоң дисбаланс бар. Кыргызстандын Кореядан импорту болжол менен 506 миллион долларды түзсө, Кореяга кыргыз экспорту болгону 2,7 миллион доллар болгон. Кыргызстанга Кореядан көбүнчө автомобилдер импорттолот.
Садыр Жапаров саммитинин алкагында уюштурулган бизнес-саммиттин атайын сессиясына да катышты. Анын темасы "Өсүш жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азия кызматташтыгынын келечеги" деп аталды.

Сүрөттүн булагы, Official
Корея менен Кыргызстандын мамилеси жөнүндө сөз болгондо, бул өлкөдө иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктарды да эске алуу керек.
Кореяда 12 миңге жакын кыргыз жараны бар.
Кореядагы кыргыздардын үмүтү: жеңилдетилген виза
Соңку жылдары Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн иштөө жана билим алуунун негизги багыттарынын бири болуп калды. Кыргыз жарандары ал жакта заводдордо, курулушта иш алып барышса, айрымдары кореялык университеттерде билим алып жатышат.
"Корея-Борбор Азия саммити биз үчүн абдан маанилүү окуя. Бүгүнкү күнү Түштүк Кореяда 12 миңге жакын кыргыз жараны жашайт. Алардын арасында эмгек мигранттары, студенттер, үй-бүлөсү менен жашагандар жана ар кандай тармакта иштеген адистер бар. Ошондуктан бул саммиттен саясий деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү эле эмес, Кореяда жашап жаткан мекендештерибиздин күнүмдүк жашоосуна таасир бере турган, конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз", - деди Түштүк Кореяда жашаган кыргыздарды бириктирген "Даткайым" коомдук уюмунун төрайымы Аида Улукбекова.

"Айрыкча, виза маселеси. Биздин көптөгөн мекендештер визасыз каттоо тууралуу айтып жүрүшөт. Студенттердин мүмкүнчүлүгү, билим берүү жана кесиптик квалификация таануу маселеси да аябай маанилүү", - дейт Аида Улукбекова.
Быйыл май айында Сеулда өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кыргыз тарап Кореяда иштей турган кыргызстандыктардын санын көбөйтүү, кореялык иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүү жана квалификациялуу адистер үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселе көтөргөн.
Учурда Түштүк Кореяда 1,5 жылдан бери эмгек мигранты катары жүргөн Тыныштык Мелис уулу чип чыгарган жана алтын чыграган заводдо иштейт. Анын айтымында, Кореяда жүргөн мигранттарды эки негизги маселеси бар:
"Кореяда көбүнчө жаштар иштейт. 20-30-жаштагы үйлөнөйүн деп жаткандар же үйлөнгөндөр, алар бала-чакысын таштап, бул жакка келип иштеп жүргөндөр. Бул жакта үй-бүлөңдү алып келүү үчүн виза алыш өтө эле оор. Үй-бүлөң менен келе турган E-7 виза алып келсең, бул жакта жумуш табыш өтө оор. Андан башка дагы бир маселе, эмгек келишимде көрсөтүлгөн бардык шарттар эле иш жүзүнө ашпайт. Эмгек акы катары келишимге башка сумма жазылат, ал эми колуна башка акча берип, эмгек акысын ижара акысы деп алып калгандар бар. Шүгүр, менде андай маселе жок. Бирок жакында эле бир таанышым ошондой окуяга кабылып, адвокат жалдап, завод менен соттошту. Ошондуктан мигранттардын укугун коргогонго да көбүрөөк маани беришсе".
Кореядагы Кыргыз студенттеринин ассоциациясы соңку беш жылда бул өлкөдөгү кыргыз студенттеринин саны алты эсеге көбөйгөнүн белгилейт.
Корё-сарам - Борбор Азиядагы этникалык корейлер
Корея менен Борбор Азияны жакындаштырып турган дагы бир маанилүү байланыш бул - аймакта жашаган этникалык корейлер. Корё-сарам деп аталган бул коомчулук Борбор Азиянын бир нече өлкөсүндө жашайт. Алардын тарыхый мекени менен байланышы да акыркы жылдары кайрадан жанданып жатат.
"Борбор Азия өлкөлөрүндөгү корё-сарамдардын жалпы саны 300 миңден ашат. Бул - Кореянын өзүнөн тышкары жашаган этникалык корейлер эң көп топтолгон аймактардын бири. Кыргызстанда алардын саны 17–18 миңдей. Сан жагынан чоң болбосо да, тарыхый мекени менен байланыш түзүүдө аймактагы эң активдүү диаспоралардын бири", - деди Кыргызстандагы Корейлер коомдорунун бирикмесинин президенти Ким Ин Сен.

Сүрөттүн булагы, Social media
Анын айтымында, диаспора Корея менен Кыргызстанды маданий байланыштардан тышкары бизнес жана технология жаатында да жакындатууга аракет кылат.
"Биз үчүн бул саммит Корея менен болгон мамилени бир жолку маданий иш-чаралардан туруктуу кызматташтыкка өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз-корей өнүктүрүү фондун түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы да ачык колдоду", - деди Ким Ин Сен.
Анын айтымында, диаспора маданият менен тилди сактоочу коомчулук эле болбостон, эки өлкөнүн ортосунда бизнес жана технология жаатындагы байланыштарды түзгөн көпүрө болууну каалайт.
Өзбекстан жана Казакстан: ылдам поезд, биобанк, 4 миллиард доллардык долбоор
Саммитти утурлай Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Борбор Азия лидерлеринин ичинен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди алгачкылардан болуп кабыл алды. 14-сентябрдагы жолугушуудан кийин эки өлкө 13 документке кол койду.
Алардын арасында Өзбекстанга дагы сегиз ылдам жүрүүчү поездди жеткирүү, улуттук геномика жана биобанк борборун түзүү, маанилүү минералдар, өнөр жай жана жасалма интеллект боюнча кызматташуу тууралуу келишимдер бар. Кореянын Экспорт-импорт банкы Өзбекстан менен 8 миллиард долларлык жаңы өнөктөштүк программасын сунуштады.
Мирзиёев бүгүнкү бизнес-форумда Корея менен кызматташууну кеңейтүү боюнча бир нече конкреттүү сунушун да айтты. Анын ичинде критикалык минералдар тармагындагы 120 долбоор бар. Алардын жалпы баасы 4 миллиард доллардан ашат.
Өзбекстан Кореяга чийки затты жөн гана экспорттоо менен чектелбестен, аны өлкө ичинде кайра иштетип, жогорку технологиялуу даяр продукция чыгарууну сунуштап жатат. Мындан тышкары, электротехника тармагын 2030-жылга чейин 11 миллиард долларга жеткирүү, анын ичинде экспортту 5 миллиард долларга чейин көбөйтүү планы айтылды.

Сүрөттүн булагы, Official
Казакстан да Корея менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саммиттин алдында Кореянын өлкө экономикасына 12 миллиард доллар инвестиция салганын белгиледи. Былтыр Казакстанга 51 миң кореялык турист барган. Эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим да бар.
Токаев мындан тышкары Алатау шаарын курууда Корея менен кызматташууну жогору баалады. Ал эми Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди саммиттин алдында эки өлкө жалпы баасы болжол менен 4 миллиард долларды түзгөн 46 өнөр жай кооперациясы долбоорунун үстүндө иштеп жатканын билдирген.
Бул мисалдар Кореянын Борбор Азияга кызыгуусу бир гана дипломатиялык байланыштар менен чектелбей, конкреттүү экономикалык долбоорлорго да өтүп жатканын көрсөтөт.
Ошол эле учурда Корея үчүн Казакстан менен Өзбекстан азырынча аймактагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн катарында турат.
Кыргыз-Орус Славян университетинин доценти, саясат таануучу Елена Гарбузарова Түштүк Кореянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын талдаган изилдөөсүндө Казакстан менен Өзбекстан Корея үчүн артыкчылыктуу багыттар экенин белгилеген.
Гарбузарованын изилдөөсүнө ылайык, буга бул өлкөлөрдүн энергетикалык жана минералдык ресурстары, ошондой эле ички рынокторунун көлөмү себептердин бири болуп саналат. Казакстандан Корея мунай, уран жана металлдарды импорттосо, Өзбекстанда мунай-газ, уран жана башка пайдалуу кендерге байланышкан долбоорлорго кызыгат.
Мындан тышкары, бул өлкөлөрдүн ири рыноктору кореялык компаниялар үчүн товарларын, технологияларын жана инвестицияларын алып келүүгө көбүрөөк кызыгуу арттырып жаткандай.
"Дипломатия протокол менен чектелбейт"
Cаммит алкагында коңшу Казакстан менен Өзбекстандын Корея менен соңку күндөрү талкуулап жаткан ири долбоорлору масштабы менен айырмаланат.
"Кыргызстандан айырмаланып, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги президенттин сапарына системалуу жана так даярдык көргөн: президенттин катышуусунда бизнес-форум уюштуруп, ага ири кореялык компаниялардын жана инвесторлордун өкүлдөрүн чогулткан. Анда конкреттүү долбоорлор, инвестициялар жана кызматташтыктын стратегиялык багыттары талкууга коюлду", - дейт АКШдагы мурдагы кыргыз элчиси Бакыт Аманбаев.
Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Дипломатиянын иши дал ушундай болушу керек эле. Протоколдук жолугушуулар менен эле чектелбестен, өлкөнүн экономикасы үчүн конкреттүү натыйжага жетишүү керек", - деп жазды Бакыт Аманбаев.
Президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга сапары 17-сентябрда да уланат. Эки тараптуу жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаңы келишимдерге же конкреттүү долбоорлорго кол коюлушу мүмкүн.
Саммитте мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда дипломатиялык өкүлчүлүктүн да ролу чоң. Кыргызстан Түштүк Кореядагы элчисин жакында эле алмаштырды. 4-сентябрда Мелис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы жаңы элчиси болуп дайындалган. Анын алдында бул кызматты Аида Исмаилова ээлеп келген.
C+5 форматындагы саммиттер - Борбор Азиядагы беш өлкө - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлеринин башка мамлекет же уюм менен биргелешкен жолугушуу форматы. Мындай форматта, адатта, соода-экономикалык байланыштар, транспорт жана энергетика, коопсуздук, климат, инвестиция жана башка тармактар боюнча кызматташуулар талкууланат.
Соңку кезде Борбор Азия өлкөлөрү АКШ, Европа Биримдиги, Кытай, Орусия, Жапония жана башка өнөктөштөр менен C+5 форматындагы саммиттерди өткөрүп келишет.
Сеул декларациясы
Декларацияда соода, инвестиция жана өнөр жай боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Экономика жана баалуу минералдар
Ошондой эле Борбордук Азиянын баалуу минералдарын Кореянын технологиялары менен айкалыштыруу, аларды кайра иштетүү, өндүрүштү локалдаштыруу жана жогорку сапаттагы продукция чыгаруу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
"Лидерлер Борбордук Азиянын критикалык минералдары Корея Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жеткирүүнү камсыз кылууда жана экономикалык коопсуздугун бекемдөөдө маанилүү роль ойной аларын таанып, Борбордук Азиянын критикалык минералдарынын бай запастарын Кореянын алдынкы технологиялары менен бириктирүү, ошондой эле квалификациялуу адистердин потенциалдуу алмашуусуна көмөктөшүү аркылуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти", - делет декларацияда.
Кореянын өкмөтү буга чейин саммиттин негизги багыттарынын бири баалуу минералдар менен энергия ресурстары тууралуу болорун билдирген.
Энергетика тармагында мунай-газ, нефтехимия, гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия жана энергияны үнөмдөө боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү каралууда.
Климат, суу жана транспорт
Тараптар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, альтернативдик энергияга өтүү, абанын сапатын жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө макул болушту.
Ошондой эле транспорттук инфраструктураны модернизациялоо, транзиттик потенциалды жогорулатуу, мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүү жана логистикалык байланыштарды жакшыртуу маселелери декларацияда белгиленди.
Кореялык компаниялардын Борбордук Азиядагы транспорттук инфраструктураны куруу, модернизациялоо жана башкаруу долбоорлоруна катышуусу каралды.
Коопсуздук жана региондук туруктуулук
Лидерлер терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, киберкоркунучтар, трансулуттук кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция сыяктуу чакырыктарга каршы күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Ошондой эле Корея жарым аралын толук өзөктүк куралдан арылтуу жана туруктуу тынчтык орнотуу боюнча позицияларын билдиришти.
Декларацияда Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймактын мааниси да белгиленген.
Лидерлер Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын кубатташып, муну Борбордук Азиянын эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелериндеги ролунун өсүшү менен байланыштырышты.
Корё-сарам жана гуманитардык байланыштар
Декларацияда Борбордук Азиядагы этникалык корейлер - корё-сарамдар Корея Республикасы менен Борбордук Азияны байланыштырган тарыхый көпүрө катары белгиленди.
Лидерлер алардын жашоо шарттарын жакшыртуу, тарыхый эстеликтерди сактоо, академиялык алмашууну жана биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле билим берүү, студенттик алмашуу, мамлекеттик стипендиялар, корей жана Борбордук Азия тилдерин окутуу, маданий жана жаштар алмашуусун кеңейтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү каралууда.
Келерки жылы Борбордук Азиядагы этникалык корейлердин отурукташа баштаганына 90 жыл толору белгиленди.
Лидерлер "Корея Республикасы – Борбордук Азия" саммитин эки жылда бир жолу өткөрүп турууга макул болушту жана кийинки жолугушууну Казакстандын борбору Астанада өткөрүү сунушун колдошту.
Биринчи саммиттин өтүшү менен 2007-жылдан бери министрлер деңгээлинде иштеп келген "Корея Республикасы – Борбордук Азия" кызматташтык форматы мамлекет башчыларынын деңгээлине көтөрүлдү.
































