Азиада-2026: Кыргызстан Жапонияга 174 спортчу менен барат. Медалдар кайсы спорттордон күтүлөт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан Аичи-Нагояда өтө турган XX Жайкы Азия оюндарына 174 спортчу менен катышат. Улуттук курама 28 спорт түрүнө катталган. Эң көп спортчу футболдо -25, волейболдо - 24, күрөштө -15 жана дзюдодо -13 спортчу. Бул курамдын өзгөчөлүгү - Кыргызстан салттуу түрдө медаль күткөн күрөш жана мушташ өнөрлөрү менен гана чектелбестен, сууда сүзүү, жеңил атлетика, жаа атуу, эрежесиз эр уруш, кураш, жиу-житсу жана башка спорттордо да күч сынайт.
Жайкы Азия оюндарынын расмий ачылыш аземи 2026-жылдын 19-сентябрында Нагоя шаарындагы "Paloma Mizuho" стадионунда өтөт. Бирок спорттун айрым түрлөрү боюнча алгачкы беттештер расмий ачылышка чейин эле башталды. Жалпысынан Азия оюндары 4-октябрга чейин уланат.
Кыргызстандын курама командасынын капитаны болуп бокс боюнча балбан Мырзакир Кошалиев тандалган. Азия оюндарынын ачылышында мамлекеттик желекти Кошалиев көтөрүп чыгат.
Күрөш Кыргызстандын негизги медал булагы
Кыргызстан Азиадага күрөштүн үч түрү боюнча 15 балбан алып баратат. Грек-рим күрөшү боюнча курамада Жоломан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков сыяктуу дүйнөлүк аренада тажрыйбасы чоң балбандар бар.
Өзгөчө көңүл Акжол Махмудовго бурулат. Ал 77 кг салмакта күрөшөт. Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына ылайык Махмудов 2026-жылы Азия чемпиону болуп, бир жылда 9 жолу жеңишке жетип, 2 ирет жеңилген.
Жоломан Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшөт. Ал 2026-жылы Венгриядагы эл аралык турнирде алтын медаль уткан.
Эркин күрөштө болсо Эрназар Акматалиев өзгөчө кызыгуу жаратат. UWW рейтингинде ал 65 кг салмакта дүйнөдө экинчи орунда турат. 2026-жылдагы Азия чемпионатында Акматалиев коло медаль уткан.
Демек, күрөштү Кыргызстандын Азиададагы эң көп көңүл бурула турган спортторунун бири деп айтууга негиз бар.
Дзюдо: тажрыйбалуу курам
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын дзюдо боюнча курамында 13 спортчу бар. Алардын арасында Азия жана дүйнөлүк мелдештерде тажрыйба топтогон Эрлан Шеров, Даут Полтушев, Эмирхан Жолдошказиев сыяктуу балбандар бар. Аялдар арасындагы курамда Айганыш Жумалиева жана Айдеми Калыева да катышат.
Дзюдодо атаандаштык жогору. Аткени мында Жапония, Түштүк Корея, Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Иран сыяктуу күчтүү өлкөлөрдүн спортчулаыры бар.
Денис Петрашов - Кыргызстан үчүн өзгөчө тарыхый мүмкүнчүлүк
Кыргызстандын Азиададагы эң кызыктуу жарыштарынын бири сууда сүзүүдө болушу мүмкүн.
Денис Петрашов 2025-жылы дүйнө чемпионатында 100 метрге брасс ыкмасы боюнча коло медал утту. Бул Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатындагы тарыхый биринчи медалы болгон.
Ошол эле учурда маанилүү жагдай, Кыргызстан Азиадада сууда сүзүү боюнча азырынча медал ута элек. Петрашовдун дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилигинен соң кыргыз күйөрмандары андан медаль күтүп турган чагы.
Ошондуктан Петрашовдун жарышы Кыргызстан үчүн жөн гана кезектеги мелдеш эмес.
Бокс: алты спортчу
Кыргызстандын бокс боюнча курамында 6 спортчу бар. Команданын капитаны болуп оор салмактагы мушкер Мырзакир Кошалиев тандалган. Мамлекеттик желекти да мушкер көтөрүп чыгат.
Бокс Азияда салттуу түрдө атаандаштыгы өтө жогору спорттордун бири. Кыргызстан бул спорттон медал үчүн Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Индия жана башка күчтүү мектептердин өкүлдөрү менен таймашат.
Кураш, жиу-житсу жана эрежесиз уруш
Кыргызстандан курашка 7 балбан, жиу-житсуга 9, эрежесиз эр урушка 4 спортчу катышат. Бул спорттордун айрымдары үчүн Азиада чоң эл аралык арена болуп саналат.
Айрыкча кураш жана жиу-житсу Кыргызстан үчүн кызыктуу багыттардын бири. Анткени кыргызстандык спортчулар бул дисциплиналарда акыркы жылдары эл аралык мелдештерде байма-бай байгелүү орундарга чыгып келишет.
Эрежесиз эр уруш болсо быйылкы Азия оюндарынын жаңы спортторунун бири. Демек, кыргыз мушкерлери Азия оюндарынын тарыхындагы биринчи ирет күч сынашат.
Жаа атуу жана башка спорттор
Кыргызстандын курамында жаа атуудан 6 спортчу, ок атуудан 7 спортчу бар. Мындан тышкары триатлон, кайык спорту, каратэ, ушу-санда, таэквондо, фехтование, гимнастика жана башка спорт түрлөрүндө кыргызстандыктар чыгат.
Бул дисциплиналарда медалга талапкерлерди алдын ала так бөлүп көрсөтүү кыйыныраак. Бирок көп спорт түрүндө Кыргызстан үчүн Азия оюндарынын өзү дүйнөлүк рейтинг жана эл аралык тажрыйба топтоо үчүн маанилүү аянтча боло алат.
Футбол: эң чоң команда
Футбол боюнча Кыргызстан 25 оюнчу менен бүгүн алгачкы оюнун Таиландга каршы өткордү.
Бирок футболдогу медал мүмкүнчүлүгүн күрөш же бокс менен бирдей баалоо туура эмес. Азия оюндарына негизинен жаштар курамдары катышкандыктан, бул жерде атаандаштык жана турнирдик формат өзгөчө.
Кыргызстандын 174 спортчудан турган курамын караганда, медаль үчүн күрөштө биринчи кезекте төмөнкү багыттар көңүл чордонунда болот:
Күрөш: Махмудов, Шаршенбеков, Акматалиев жана башка балбандар менен эң чоң үмүт артылган спорттордун бири.
Дзюдо: 13 спортчу, анын ичинде эл аралык тажрыйбасы бар балбандар.
Сууда сүзүү: Денис Петрашовдун дүйнө чемпионатындагы колосу бул спортту өзгөчө кызыктуу кылат.
Бокс 6 мушкер менен катышат.
Кураш жана джиу-джитсу: Кыргызстан үчүн медалга жакын болушу мүмкүн болгон улуттук жана чыгыш күрөш багыттары.
Эрежесиз эр уруш: Азия оюндарында жаңы спорт болгондуктан, кыргызстандык мушкерлер үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк.
Кыргызстан бул Азиадага чакан гана команда эмес, 28 спорт түрүндө 174 спортчусу бар кеңири курам менен барат. Анын ичинен дүйнөлүк деңгээлде өзүнүн мүмкүнчүлүгүн далилдеген спортчулар да, биринчи жолу чоң континенттик аренага чыгып жаткан жаштар да бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
































