Роман Абрамовичтин өнөктөшү 2 миллиард долларлык мунай кендерине байланышкан иш боюнча британ сотун адаштырган. Би-Би-Синин иликтөөсү

Евгений Тененбаум (слева) и Роман Абрамович (справа) в ложе на стадионе "Челси" в 2014 году
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Евгений Тененбаум (солдо) жана Роман Абрамович (оңдо) 2014-жылы "Челси" стадионунда
    • Author, Жеймс Оливер
    • Author, Рори Тинман
    • Role, BBC Panorama
    • Author, Харриент Агерхольм
    • Role, BBC Verify
    • Author, Саймон Лок
    • Role, Журналисттик иликтөөлөр бюросу
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Роман Абрамовичтин жакын өнөктөштөрүнүн бири Евгений Тененбаум Сибирдеги мунай кендерине менчик укугу тууралуу маселе чечилип жаткан чакта британ сотун адаштырган. Мындай тыянакты журналисттерге берилген жана Би-Би-Си иликтеп чыккан документтерден чыгарууга болот.

"Челси" клубунун мурдагы директору Евгений (Юджин) Тененбаум 2008-жылы Абрамович сотто утуп алган бул иш каралып жаткан маалда орусиялык миллиардердин мүлкүн башкарууга катышкан.

Абрамовичтин компаниясын дагы бир орусиялык миллиардер Шалва Чигиринскийдин компаниясы сотко берип, анын жана башка инвесторлордун кендерге болгон укуктары уурдалганына даттанган. Тененбаум ошол процессте көрсөтмө берген эле.

Журналисттердин колуна тийген документтердин мазмунунан Абрамович сотто сөз болгон Сибирдеги биргелешкен ишканадагы башка инвесторлордун үлүшүнүн наркын атайылап азайтууга аракет кылган деген тыянак чыгарууга болот.

Роман Абрамовичтин адвокаттары алардын кардары "өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагарын" билдиришти.

Евгений Тененбаумдун адвокаттары болсо, ал "жалган көрсөтмө берген же сотко сыйлабаган мамиле жасаган деген ар кандай божомолдорду кескин четке кагарын" айтышты.

2008-жылы өткөн сот процессинде Абрамовичтин "Сибнефть" компаниясы жана Шалва Чигиринскийге таандык британиялык Sibir Energy PLC'нын туунду компаниясы болгон орусиялык "Югранефть" биргелешип иштеткен мунай кендерине менчик укугу жөнүндө маселе каралган. "Сибнефть" "Сибнефть-Югра" биргелешкен ишканасына акча салган, ал эми "Югранефть" мунай кендерин иштетүүгө лицензия берген.

Бул өнөктөштүк жаңжал менен аяктаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Югранефттин" башында 50% болгон үлүшү 1 пайызга чейин азайтылган. Компания доо арызында мындан кабардар болбогонун жана буга уруксат бербегенин билдирген.

Алгач "Югранефть" Орусияда жана Британиянын Виргин аралдарында "Сибнефть" менен соттошкон, бирок мындан майнап чыкпагандыктан, иш Лондондогу сотко чейин жеткен.

2008-жылы өткөн процесс маалында "Югранефть" "Абрамович мырза уюштурган масштабдуу шылуунчулуктун курмандыгы" болгонун, анын натыйжасында "бери дегенде 2 миллиард доллар" көлөмүндө зыян тартканын, бул 2008-жылы болжол менен 1 миллиард фунт стерлингди түзгөнүн билдирген.

Бирок Абрамовичтин командасы "Югранефть" 30 миллион доллардан ашык суммага насыяларды төлөй албагандыктан, акцияларга болгон укугунан ажырап калганын ырастаган.

Абрамовичтин тарабы бир нече багыт боюнча ишти жеңип алышкан, анын ичинде "Югранефттин" дооматы укукту кыянаттык менен пайдалануу болгон деген соттун чечими чыккан болчу.

Бирок эми Би-Би-Синин Panorama программасы Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен биргеликте ошол иш боюнча жаңы маалыматты тапты, ага ылайык, сотту адаштырган учурлар болгон.

Бул жаңы маалымат журналисттерге берилген документтерде камтылат, бул документтер 1995-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде Кипрден башкарылган офшордук компаниялардын тармагынын иш-аракеттерине жана Абрамовичтин финансысына тиешелүү. Бул маалымат Абрамовичтин айрым кесипкөй кеңешчилеринин ак ниеттүүлүгүнө карата олуттуу суроолорду жаратууда.

Дүйнөдөгү ири Deloitte аудитордук компаниясы Роман Абрамовичтин байлыгынын көлөмүн жашырып, ага салыктарды төлөөдөн качууга жардам берүү үчүн документтерди бурмалоого жардам бергенин буга чейин жазганбыз.

Cyprus Confidential иликтөө долбоорунун алкагында Guardian, Paper Trail Media, Organised Crime and Corruption Reporting Project, Cyprus Investigative Reporting Network, ошондой эле Журналисттик иликтөөлөр бюросу сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнөктөштөрү менен Би-Би-Си бул документтердин ачыкка чыгып кеткени тууралуу 2023-жылдан бери айтып келет.

"Югранефттин" адвокаттары Лондондун Жогорку сотунда бул иш Лондондо каралышы керектигин жана "ошол учурда Лондондо жашаган Тененбаум "Югранефттин" биргелешкен ишканадагы үлүшүнүн азайганы тууралуу билиши керек болчу" деген жүйө келтиришкен.

Тененбаум муну четке кагып, "Сибнефть-Югра" тууралуу 2004-жылдын жазында гана билгенин сотто билдирген. Ал "2002-жылдан 2004-жылга чейин файлдарын, электрондук каттарын жана документтерин издеп чыгып, карамагында "Сибнефть-Юграга" тиешелүү эч кандай жазууларды, документтерди же башка билдирүүлөрдү таппаганын" айткан.

Бирок журналисттердин колуна тийген документтерден Тененбаум сотту адаштырган деген тыянак чыгарууга болот.

Документтерге ылайык, 2003-жылдын октябрь айында, Тененбаумдун айткандары боюнча, ал "Сибнефть-Югра" жөнүндө билгенге чейин бир нече ай мурун эле, ал Абрамовичтин биргелешкен ишканадагы акцияларды сатып алуусун жактырган.

Андан соң эки айдан кийин эле Тененбаум "Сибнефть-Юграга" байланышкан дагы бир финансылык бүтүмгө кол койгон.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдар боюнча адис, адвокат Эндрю Митчелл Би-Би-Синин Panorama программасына эгерде Тененбаум 2006-жылы чындап эле жалган көрсөтмө бергени аныкталса, мунун кесепеттери "өтө олуттуу" болушу мүмкүн экенин айтты: бул "жалган көрсөтмө берүүдөн жана сот адилеттигине тоскоолдук кылуу аракетинен баштап, сотту сыйлабоого чейинки диапазондо" бааланышы мүмкүн.

Тененбаумдун адвокаттары Би-Би-Сиге алардын кардары "чын жана ак ниет көрсөтмө бергенин" жана азыр ал 20 жыл мурдагы "контекстти, чоо-жайын же документтерди эстей албай турганын" билдиришти.

Тененбаум (солдо) Абрамовичтин (ортодо) көпчүлүк бизнес долбоорлорун өз кол тамгасы менен бекитчү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тененбаум (солдо) Абрамовичтин (ортодо) көпчүлүк бизнес долбоорлорун өз кол тамгасы менен бекитчү

2008-жылы судья "Югранефттин" доосу боюнча чыгарган чечиминде Тененбаумдун "Сибнефть-Югранын" түзүлгөнүн билгени же билбегени анын чечимине эч кандай таасирин тийгизбегенин түшүндүргөн. Бирок, медиага чыгып кеткен документтер, мындан тышкары, Абрамовичтин юристтери сотто көрсөткөн документтердин айрымдары жасалма болгонунан кабар берүүдө.

Алсак, макулдашуулардын бири 2003-жылдын августу деп көрсөтүлгөн, бирок, кыязы, ал 2007-жылдан эрте эмес жазылган жана кол коюлган.

Абрамовичтин адвокаттары сотто "Югранефттин" үлүшүн азайтуу биргелешкен ишканага кошумча каражат тартуу үчүн зарыл болгонун ырасташкан.

Алар Шалва Чигиринскийдин өзү 2002-жылдын жазында аларга каржылоонун жаңы схемасын сунуштаганын билдиришкен. Чигиринский мунун баарын четке кагууда.

Документтерден көрүнүп тургандай, Абрамовичтин орусиялык өнөктөштөрү буга чейин эле, 2002-жылдын январында "Югранефттин" үлүшүн бүдөмүктөөнү (азайтууну) даярдашкан. Ошол учурда алар макулдашууларды камтыган документтердин пакетин даярдашкан, ага ылайык Абрамовичтин эки компаниясы "Сибнефть-Юградагы" үлүшүн сатып алып, муну менен Абрамовичтин үлүшүн көбөйтүп, ал эми "Югранефттин" үлүшүн кыскартышкан.

Бул Абрамовичтин командасы "Югранефттин" үлүшүн азайтууну алдын ала пландаштырганын жана сотто кошумча каражат тартуу тууралуу келтирген жүйөсү көз боёмочулук болгонун көрсөтүүдө.

Абрамовичтин адвокаттары өз комментарийинде "сот өз чечиминде үлүштү азайтуу алдын ала пландаштырылган же шылуунчулук жолу менен ишке ашырылган деп таппаганын" эскертишти.

"Судья аныктагандай, биздин кардарыбыз "Югранефтке" таандык эч кандай мүлктү алган эмес жана анын колуна "Югранефттин" кандайдыр бир активдери тийгени аныкталган жок", - деп кошумчалашты Абрамовичтин адвокаттары.

Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы