Пакистанда мектептин чатыры урап, кеминде 33 окуучу жана мугалим каза болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Пакистандын Пешавар шаарында бейшемби күнү мектептин чатыры урап, кеминде 34 адам каза болду.
Пешавардагы Леди Ридинг ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим Би-Би-Сиге билдиргендей, акыркы маалымат боюнча, каза болгондордун 32си окуучулар — 20 эркек жана 12 кыз. Ошондой эле бир мугалим каза болгон. Ал эми Пешавардагы Насирулла Хан Бабар атындагы мемориалдык ооруканада дагы бир баланын ажал тапканы кабарланган.
Мектептен 20 окуучу эвакуацияланган. Алардын үчөө оор жаракат алып, ооруканада.
Каза болгон жана жаракат алган балдардын баары алтыдан 12 жашка чейинкилер. Алардын көпчүлүгү башынан жаракат алган.
Куткаруучулар урандылардын астында дагы балдар калышы мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Пешавар шаарынын полиция башчысы Миан Саиддин айтымында, мектепте 110 окуучу болгон.
Кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешавардын түндүгүндөгү Дир-Колони районунда жайгашкан жеке менчик "Аль-Хаир" билим берүү борборунда болгон.
Куткаруу кызматынын өкүлү журналисттерге билдиргендей, имараттын үчүнчү кабатынын чатыры урап, экинчи жана үчүнчү кабаттардын ортосундагы жабынга кулаган. Натыйжада эки кабаттын тең конструкциялары окуучулар класстарда отурган учурда алардын үстүнө кулап түшкөн.
Имараттын эмне себептен ураганы расмий түрдө аныктала элек. Бирок полиция башчысы Саид журналисттерге билдиргендей, анын маалыматы боюнча, буга имараттын курулушунун бекем эместиги себеп болушу мүмкүн.
































