Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды, Ширин Айтматова реакция жасады

Сүрөттүн булагы, Social
Жапырт башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалып, чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткирилген Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда карап, ушундай чечим чыгарган. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесинде (СИЗО-1) болот.
Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.
Сыргак Кенжебаевге Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Алдамчылык" беренелери менен айып тагылууда.
Кенжебаевдин кармалганы тууралуу маалымат 12-октябрда тарап, ИИМ муну 13-октябрда ырастаган.
Расмий маалыматка караганда, Сыргак Кенжебаев буга чейин бирге ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен жаран М.Н. аттуу жарандан 150 миң доллар алдап алган деп шектелүүдө. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган.
"Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган. Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон", - деп айтылган билдирүүдө.
"Ал чындыкты айтам деп өз өмүрүн тобокелге салууга аргасыз болду"
Бул арада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова 13-октябрь күнү кечинде "ЭрСыргак" Youtube каналында түз эфирге чыгып, социалдык тармактардын колдонуучусу Айдар Раев менен маектешип, мурдагы жолдошу Сыргак Кенжебаевдин кармалганы боюнча пикирин билдирди. Ал "Шумкар" кыймылынын саясий багытын жеке өзү колдой турганын айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мурдагы жолдошум Сарыбак Кенжебаевдин айткандарын да чындык деп эсептейм. Ал ошол чындыкты айтам деп өз өмүрүн тобокелге салууга аргасыз болду. Азыр эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп турасыңар. Менин түшүнүгүмдө, аны кытайлык агенттер, анын ичинде кыргызстандыктар да кармашкан. Мунун баары тоталитардык режимдерге мүнөздүү мыйзамсыз, одоно аракеттердин үлгүсү менен жасалды. Тилекке каршы, өлкөбүздө чындыкты айтууга азыр тыюу салынгандай болуп калды. Чындыкты сүйлөгөндөр жок болуш керек деген мамиле өкүм сүрүүдө. Мурда өлкөбүздө мындай болгон эмес. Балким, өлкөдө болуп жаткан окуяларга үндөшүп, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов, 1937-жылдагы саясий репрессиялар тууралуу тасмалардын чыгышы да бекеринен эместир. Бирок кандай гана окуялар болбосун, кыргыз элинен баатырлар чыга берет. Алар чындыкты айтууга даай алышат, бул үчүн өз өмүрүн да тобокелге салышат. Эң негизгиси, баарыбыз туулуп-өскөн жерибиздин баркын түшүнүшүбүз керек. Жер бизге берилген баа жеткис байлык", - деген Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова узак убакыт үн катпай келгенин, бирок балдарынын атасы кармалганда пикирин билдирүүнү туура деп тапканын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров 24-августта "Ак Кеме" мейманканасынын ачылышында чет өлкөдө жашап, бирок кыргыз бийлигин сындап жаткандарга ишенбөөгө чакырган. Ал бул тууралуу "Ак-Кеме" инвесторго 15 жылга ижарага берилгенин, андан соң 100% мамлекетке өтөрүн айтып жатып билдирген.
"Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле ижарага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз, бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке ижара төлөп турат. 60 миң доллар! Мурда 60 миң доллар эмес, тескерисинче 2023-жылы биз алган мезгилде 30 миллион сомдун тегерегинде ушул имараттын карызы бар болчу, ар кайсы төлөмдөр боюнча, коммуналык төлөмдөр бар. Мына ошентип бул имаратты инвесторлорго берип, 15 жылга мына ушундай абалга келтирдик. Мен муну эмне үчүн айтып жатам, силерде маалымат болсун деп айтып жатам. Анткени жанагы чет өлкөгө чыгып алып, жалган маалыматтарды токуп, "үрүп" жаткандарга ишенип албагыла деп айтам. Мына менин өз оозуман уктуңуздар, ошон үчүн маалымат иретинде айтып коёюн", - деген Жапаров.
Сыргак Кенжебаев ким?
Сыргак Кенжебаев ишкер катары белгилүү. 2018-жылы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ага чейин "Юнилаб" логистикалык компаниясын жетектеген.
2019-жылы декабрда УКМК Кенжебаевди кытайлык ишкердин 350 миң долларын алдамчылык жолу менен алган деген шек менен кармаганын билдирген. Кийинчерээк ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылганы кабарланган.
2026-жылы августта Кенжебаев президент Садыр Жапаровдун жакындары өлкөдөгү бажы тармагына жана мамлекеттик чечимдерге таасир этери тууралуу видеокайрылуу жарыялаган. Президенттик администрациянын өкүлү Дайырбек Орунбеков анын бажыдагы коррупция жана көмүскө схемалар тууралуу айткандарын четке каккан.
2026-жылдын сентябрында бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары Кенжебаевди Камбоджада кармоо аракети болгонун жазышкан. Кенжебаев кыргызстандык күч түзүм органдары аны кармоого аракет кылышкан, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн айткан.
"Шумкар" кыймылынын Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматка караганда, Сыргак Кенжебаев Вьетнамдан кармалган.
Сыргак Кенжебаев "Кумтөрдүн" мурдагы башчысы, чет өлкөдө жүргөн Тенгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге "Шумкар" аттуу кыймыл түзүлгөнүн жарыяллаган. Алар социалдык тармактарда бийликтин сындаган видеолорду жарыялап келишет.
Сыргак Кенжебаевдин кармалганы боюнча адвокаттары комментарий берише элек.

































