"Коопсуздук маселеси бар". Кыргызстан Ооганстандан мигрант кабыл алуу сунушун эмнеге четке какты?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
13-октябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев айрым Европа өлкөлөрү кыргыз жарандарын кабыл алууга даяр экенин, бирок ал үчүн Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды кабыл алуу сунушталганын билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Европадан, мисалы, Германия, Австрия жана башка мамлекеттер дагы биздин мигранттарга иш сунуштоого кызыгып жатышат. Андан тышкары, алар бизден квалификациялуу адистерди чакырууга кызыкдар болушууда. Алар "мобилдик миграция деп, биз силерден жумушчуларды алалы, бирок силер биздеги Ооганстандан, Африкадан келген мигранттарды үчүнчү мамлекет катары кабыл алгыла" деген шарт коюшууда. Биз бул сунушка такыр макул эмеспиз. Биз мигранттарыбыз түз барып иштей беришсин, бирок биз максаттуу түрдө андай сүйлөшүүлөргө барбайбыз деп айтып жатабыз", - деген Кулубаев.
Министр мындай сунуш качан берилгенин тактаган жок. 1-октябрда Европа Кеңеши мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди Евробиримдиктин аймагынан чыгаруу боюнча жаңы эрежелерди жактырган.
Бул эрежелер мыйзамсыз мигранттарды Еврошаркетке кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөгү атайын борборлорго жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Буга чейин Хьюман Райтс Вотч (HRW) уюму мындай борборлор түзүлө турган үчүнчү мамлекеттердин катарына айрым Африка өлкөлөрүнөн тышкары Борбор Азиядан Өзбекстан менен Казакстанды кошкон.
Көз карандысыз эксперт Айболот Айдосов Кыргызстандын тышкы иштер министри коопсуздук маселесине байланыштуу Европа мамлекеттерине ушундай жооп кайтарган болушу мүмүн деп эсептейт.
"Кечээки отурумдагы маалыматты карасак, бул биринчи кезекте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын көздөйт. Экинчиден, бул жерде коопсуздук маселеси бар. Бардыгыбыз билебиз, Ооганстанда бүгүн согуш болбогону менен, кээ бир учурларда ал жерде кандайдыр бир кырдаал түзүлүп, жаңжал болуп, адамдар өлүп жатат. Ал жактан кандай кишилер келет, эч кимге белгисиз. Ошол себептен ТИМ ушундай чечимге барды. Башка араб, африка өлкөлөрү дагы өтө кооптуу деп эсептелет. Ошондуктан, муну түшүнсөк болот. Ошол эле учурда бул Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгы. Суверендүү мамлекет, өзү кандай кааласа ошондой чечимдерди кабыл ала алат".
ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев кыргызстандык мигранттардын көбү орус-украин согушуна байланыштуу башка өлкөлөргө кетип жаткандыгын да кошумчалады. Анын айтымында, көбү Түркияга жана АКШга жол тартууда.
ТИМдин соңку маалыматы боюнча 2026-жылга карата Орусияда 584 миң 484 кыргызстандык жаран жашайт.
































