Жапыкеев менен Суваналиев тест тапшырды. Шайлоого катыша турган адамдардын карааны көрүнүп калдыбы?

ыктымал талапкерлер
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Ошентип, Аймен Касенов президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызын расмий тапшырган алгачкы талапкер болуп калды. Бул арада дагы эки саясатчы Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев "Кыргызтестке" сынак тапшырышты. Клара Сооронкулова каражат издеп жатса, Исхак Масалиев ойлонуп, Бектур Асанов саясий салмагын байкап, тарапташтары менен кеңешип жатканын билдирди. Талапкерлерден арыз кабыл алуу 13-ноябрда токтойт.

Мурдагы шайлоодо да Садыр Жапаровго атаандаш болгон Аймен Касенов аттуу ишкер бул сапар да саясий салмагын сынап көрүүнү чечти. Ал 14-октябрда алгачкылардан болуп, президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырды.

"Шайлоого барам. Айта турган сөзүм бар. Программам даяр. Ошол. Айта турган сөз дегенде программаны айтып жатам. Жол көрсөтүү керек да. Программамдын аты "Жер, суу, аманат". Калганын азыр айта албайм. Азыр айтсам үгүт болуп калат", - деди Аймен Касенов Би-Би-Сиге.

Ишкер 52 жашта. Анын экономикалык жана юридикалык билими бар.

2007–2015-жылдары "Газпромнефть-Казахстан" компаниясынын башкы директору болгон. 2015–2016-жылдары Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин кеңешчиси, 2016–2018-жылдары Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү кызматын аркалаган.

2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Ал 12 миңден ашыгыраак добуш топтогон. Бул шайлоого катышкан адамдардын санынын 0,91 % түзгөн.

Аймен Касенов ошол эле жылы "Реформа" партиясы менен чогуу Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоого да катышкан.

"Тыйын таппай жатам". Шайлоого катышуу ниети бар саясатчылар кимдер?

Бул сапар дал ошол "Реформа" партиясын баштап чыккандардын бири, саясатчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова дагы шайлоого катышууга ниеттип жатат. Бирок азырынча БШКга арыз жаза элек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жок, чечим кабыл ала элекмин. Тыйын таппай жатам. Азыр өзүмдүн командам менен сүйлөшүп жатам. Талапкерлигимди көрсөтүп туруп, "Реформа" партиясы учурундагы ыкманы колдонуп, краудфандинг жарыяласакпы деген ой бар", - деди Клара Сооронкулова Би-Би-Сиге.

Сооронкулова азырынча акча маселе болуп жатканын, ал эми "Кыргызтесттин" сынагын тапшырбай турганын, себеби 2021-жылы президенттикке талапкерлигин койгон учурда тест тапшырганын, ошол азыр да жарактуу экенин кошумчалады.

Күн мурун, 13-октябрда "Кыргызтест" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Батма Топоева-Ставицкая жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине ыктымал эки талапкер кыргыз тилинен тест тапшырганын кабарлаган. Ал талапкерлердин аты-жөнүн жана алар көрсөткөн жыйынтыктарды ачыктаган эмес.

Би-Би-Сиге тест тапшырган эки ыктымал талапкер Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Суваналиев экени белгилүү болду.

"Тестти 8-октябрда тапшырганбыз. Азыр жыйынтыгын күтүп жатабыз. Расмий түрдө жыйынтыгын Өмүрбек байке (ред - Өмүрбек Суваналиев) жарыялайт го. Талапкер катары арыз жазуу үчүн эң биринчи кыргыз тилинен тест тапшыруу керек экен. Алар сертификат берет экен. Андан соң акчаңды, миллион сомуңду көтөрүп барып, арыз жазат экенбиз. Миллион сом табылды, буюрса. Жакынкы күндө тесттин жыйынтыгы чыкса эле арыз жазабыз. Аягына чейин чыкканга аракет кылабыз", - деди Би-Би-Сиге Сыймык Жапыкеев.

Ал тапта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев арыз жаза электинин, ойлонуп жатканын айтты:

"Мен 2017-жылы президенттик шайлоого талапкерлигимди көрсөткөндө кыргыз тилинен сынак тапшыргам. Бирок ал эсептелбейт го. Ал кезде экзамен башкача эле да. Азыр талапкерлигимди коембу-жокпу ойлонуп жатам. Эгер арыз жазсам, өзүңөр эле билип каласыңар".

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов дагы шайлоого катышууга ниеттинип жаткан экен. Бирок акыркы чечимди кабыл ала элек:

"Ойлонуп жатам. 20-октябрга чейин ойлоном го. Анан айтам. Бул шыр эле кире калчу нерсе эмес да,13-ноябрга чейин убакыт бар. Эки жакты калчап ойлонуп көрөлү. Бир эмес бир нече жерде сунуштар болуп жатат, пикирлештер шайлоого барыңыз деп айтып жатышат. БШКга арыз жазуу үчүн фонд ачып, бир миллион акча төгүп, башка иштерди да ырастоо керек. Убакыт бар. Азыр сүйлөшүүлөр болуп жатат".

Мындан башка Садыр Жапаров дагы президенттикке кайра бара турганын айткан. Арыз тапшырыла элек.

БШКга талапкер катары арыз калтыруу үчүн талапкерлерде шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастаган документ, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендигин тастыктаган декларация, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө декларация, мамлекеттик тилди билүү денгээли "ортодон жогору" деңгээлинен төмөн эмес сертификат, шайлоо алдындагы программа болуш керек.

шайлоо

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда, башкача айтканда 13-ноябрда токтойт.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан БШКнын эсебине бир миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.

Кыргызстанда мындан мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өткөн. Ага Садыр Жапаров менен кошо дагы 17 киши катышкан. Алардын бири шайлоого аз калганда талапкерликтен баш тарткан.

Саясий жарышта Жапаров 79,20% добуш алган. Адахан Мадумаров 6,79% добуш менен экинчи, Бабыржан Төлбаев 2,36 % менен маарага үчүнчү келгени маалым.

Алардын арасында Адахан Мадумаров, Бабыржан Төлбаев, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев, Имамидин Ташов, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Улукбек Кочкоров, Канатбек Исаев, Бактыбек Калмаматов, Курсан Асанов, Элдар Абакиров, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Жеңишбек Байгуттиев жана Арстанбек Абдылдаев болгон.

Бул тизмедегилерден Клара Сооронкулова "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, бирок 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи Май райондук соту тарабынан акталган.

Мындан тышкары Имамидин Ташов азыр абакта. Ага бийликти күч менен басып алууга байланыштуу айып тагылып, 2026-жылы шаардык сот аны сегиз жылга кескен.

Курсан Асанов "75 кишинин каты" иши боюнча төрт жылга соттолуп, пробация менен эркиндикте.

Равшан Жээнбеков да "Кой-Таш иши" боюнча соттолуп, 2025-жылы Биринчи Май райондук соту аны 7 жыл 8 айга эркинен ажыраткан.

Арстанбек Абдылдаев 2023-жылдын декабрында диний кастыкты козутууга чакырык жасаган деген шек менен кармалган. Бирок сот өкүмү чыга электе, 2024-жылдын 5-январында №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон.

Абдил Сегизбаев "Белизгейт" иши боюнча соттолгон. 2022-жылы Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 4 млн сом айып пул салган.