Кара-Суу: Алты жаштагы кызга ыдык көрсөттү делген шектүү камакка алынды

15-октябрда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда алты жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасоого шектелген К.Т.Д. аттуу жарандын баш коргоо чарасы каралды. Сот шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Жабырлануучу делген кыздын апасы берген маалыматка ылайык, чечим Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси — "16 жашка толо элек балага карата сексуалдык катнашсыз ыплас аракеттер" боюнча кабыл алынган.
Буга чейин Кара-Суу районундагы жеке бала бакчалардын биринде алты жаштагы кызга карата ыплас аракеттер жасалганы айтылган. Кыздын апасынын билдиришинче, кызы бул тууралуу алгач атасына айтып берген. Үй-бүлө 13-августта милицияга арыз жазган.
Кийинчерээк кыздын ата-энеси тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп, президенттен ишти көзөмөлгө алууну өтүнүшкөн. Облустук милиция кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирген.
Буга чейин шектүүнүн жубайы тергөөнү жүйөө кылып жооп берүүдөн баш тарткан. Шектүүнүн күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныктала элек.




























