"Акча жыйнашканын видеодон көрдүм". Садыр Жапаров бажы жана чек ара кызматкерлери жапырт кармалганын билдирди

Сүрөттүн булагы, official
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда чек арачылардын жана бажы кызматкерлеринин жапырт кармалганын билдирди.
"Мен 2020-жылы кызматка киришкенден бери бажы жана чек ара кызматкерлерине бизге бир да контрабандалык товар кирбесин деп талап коюп келем. Импорт катары кирген товарга бажы төлөмдөрүн төлөш керек. Мына, бюджеттин өсүп жатканы ошонун эсебинен. Ар бир айыл контрабанда менен алектенсе, мен кантип экономиканы көтөрөм, кантип силер сурап жаткан акчаны берем? Мына, кечээ он бешке жакын чек ара жана бажы кызматкерлери кармалды. Жалаң контрабанданы киргизип, отуруп алып акча жыйнап жатышат. Мен видеосун көрдүм. УКМК жашыруун камера койгон экен. Камераны он беш күн койгон экен, экөө кирип алып конвейердей эле... Айдоочу кирет экен, [акчаны] чаканын алдына коет экен, бир туруп бажы кызматкери кирет да акчаны чөнтөгүнө салат, бир чек арачы кирет, акчаны чөнтөгүнө салат. Мына, ушунтип жыйнайт экен. Азыр камакта жатат он бештей киши", - деди Садыр Жапаров.
Өткөн аптада, 9-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев кызматтарынан бошотулган.
Салиев Бажы кызматын былтыр февралдан бери башкарып келген. Ага чейин ушул эле мекеменин төрагасынын орун басары болгон.
Маалыматка караганда, Салиевдин ордуна Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген Улан Кимсанов дайындалган.
Кимсанов "Манас" жана Түштүк-Батыш бажыларын жетектеген. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине быйыл 10-февралда дайындалган Абдикарим Алимбаевдин ордуна Данияр Сатимов барды.
Сатимов Коргоо министрлигинде жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Буга чейин президенттик администрация эки маанилүү ведомствонун жетекчилери эмне себептен бошотулганын ачыктаган эмес.
































