"Кызым ак жерден камалып кетти": Маңзат мафиясынын тузагына түшкөн жаштар

Маңзат
Published
Окуу убактысы: 7 мүнөт

Талкаланган тагдырлар. Боздоп ыйлап, күйүп-бышкан ата-эне жана бир туугандар. Бул адамдарды бүгүн бир гана нерсе бириктирип турат. 17-18 жашында темир тор артына кирген жакындары. Алардын баары маңзат сатууга, таратууга шектелип кармалган. Кайбири жеңил акчага азгырылса, айрымдары бейкүнөө, тузакка илинип калгандар.

Маңзат таратууга, сатууга шектелип кармалгандардын жакындары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маңзат таратууга, сатууга шектелип кармалгандардын жакындары

Нурзаттын бир гана тилеги - камактагы инисинин боштондукка чыгышы. Ал президентке кайрылуу үчүн атайын Жалал-Абаддан Бишкекке келген.

"Президенттен башка кимге ишенем? Алар ката кетиришти, туура. Азгырылышты. Жаштык кылышты. Бирок бир карап, жеңилдик берип коюшуңуздарды суранат элем. Бул 282-берененин артында бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдыры чечилет экен. Иниме Садыр Жапаров өзү ырайым берип калса, оңолушуна өзүм сөз берет элем. Өзүм көзөмөлгө алам. Алчу жазасын алып жатат. Толук бир жыл болду. Бирок ал жактан башка да жаман адатка аралашып кетеби деп корком",- деди Нурзат.

Нурзат Мурзапарова, айыпталуучунун эжеси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурзат Мурзапарова, айыпталуучунун эжеси

Нурзаттын инисинин кармалганына быйыл туура бир жыл болгон. Ал маңзат катып жаткан жеринен кармалган. Ошол учурда бала 17 гана жашта болгон. Жеңил акча табам деген ой менен ал курьер болуп иштөөгө макул болгон.

"Telegram'дан курьер деп чыгып калат. Айына мынча сом деп. Угушум боюнча, жумасына 10 миң сом деп айткан. Анан документтерин жиберет. Ал кезде 16да болгон үчүн күбөлүгүн кармап түшкөн сүрөтүн жиберет. Квартирада тургандыктан убактылуу каттоосун жолдойт. Себеби алар эмгек келишими менен иштейбиз деп алдашат. Документти жолдогондон кийин кантип алар базага салат, мен ошону түшүнө албай жатам. Мени менен коркутат, агасы менен коркутат. Апасы, эжеси менен коркутат. "Сени эжең бойдок, зордоп өлтүрүп кетсек эмне кыла аласың деп. Иним ошол нерседен коркуп кылып жүрүптүр. Кийинчерээк бекер деле иштеп калыптыр",- деп ыйлап турду Нургелдинин эжеси.

"Бала бир эмес эки жеринен онкологияга чалдыкты"

Гүлчехра Жумабаеванын айтымында, уулу тартиптүү, жакшы окуп, түз жүргөн бала болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлчехра Жумабаеванын айтымында, уулу тартиптүү, жакшы окуп, түз жүргөн бала болгон

Нургенли менен тагдырлаш жаштар аз эмес. Бул аялдын уулу былтыр, 18 жашында, кара куурай менен кармалган. Энесинин айтымында, уулу тартиптүү, жакшы окуп, түз жүргөн бала болгон. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин колледжинде окучу. Топ башчысы эле.

"Достору менен кетип бара жатып, жолдун четинен кызыгып бир тутам кара куурай жулуп алган экен. Ошол жерден кармашкан. Болбосо балам андай бала эмес. Окуган, билимдүү, түшүнүктүү бала. Чындыкты сүйлөгөн бала. Ичсе "ичтим", чексе "чектим" деп ачык айтат. Балам кызыгып, жөн гана жулуп алганбыз деп айтып отурат. Алып-сатуу максаты болгон эмес. Жөн гана жолдун четинде өсүп турган кара куурайды жулуп алган. Алгач 282-берене менен иш козголуп, кийин 283-беренеге өзгөртүштү",- деди айыпталуучунун энеси Гүлчехра Жумабаева.

Гүлчеранын уулу "Баңги, психотроптук заттарды сатуу максатында эмес, мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айыпталып жатат. Сот аны беш жылга эркинен ажыраткан. Мыйзамда бул берене боюнча айып пулдан тартып, кылмыштын жагдайына жараша 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Учурда Гүлчехра уулунун ден соолугу үчүн кабатыр болуп турат. Анын айтымында, баласы бир эмес эки жеринен онкологияга чалдыккан.

"Балам онкологиялык ооруканада жатат. Абалы оор. Дарыгерлер жыныстык жактан запкы жеген деп айтып жатышат. Жакында эле бир операция жасалды. Дагы операция болот дешүүдө. Дарыгерлер айтса да, колуна кишен салып, керебетке байлап коюшту. Операциядан жаңы эле чыккан. Бизге караганга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Эң оор дартка кабылды. Эми өпкөсү да ооруп, ал жагынан да дарыланууга туура келип жатат",- деп кейиди эне.

"Чоң апамдын үйүнө барып келели деп азгырат..."

Бул кыздын кармалганына эки жыл болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул кыздын кармалганына эки жыл болгон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

24 жаштагы бул кыздын камалганына быйыл эки жыл болгон. Энесинин айтымында, кызынын кылмышка тиешеси жок. Ал чогуу жашаган кыздын жанында болгону үчүн кармалып, кийин 13 жылга эркинен ажыратылган.

"Биз Ак-Өргөдө жашайбыз. Кызым шаардын борборунда иштейт эле. Бир күнү кызым Ак-Өргөгө барып келип иштеген кыйын болуп жатат, жолдо тыгында эле калып жатам. Кыздар менен батирге чыгайын деп калды. Башында терс карадым. Бирок кызым сиздин ишеничиңизден чыккан эмес элем, эмне болмок эле дегенден кыя албадым. Ойлонуп, кызым ушул убакка чейин мени капа кылган эмес. Эмнеге ага ишенбейм деп, аны кое бердим. Батирге чыкканда ошол кыз менен чогуу жашайт. Ал кызымдын телефонун сатып алат. Азыркы жаштарды билесиздер да, өзүнө тиешелүү эмес нерсени сурашпайт. Кызым деле ал кыздын иши жана башкалары тууралуу кызыгып деле сурабаптыр. Бир күнү тиги кыз Кантка мени менен чогуу барып кел. Чоң апамдын үйүнөн жылуу кийимдеримди алып келет элем дейт. Кечинде жалгыз баргым келбей жатат деп кызымды ээрчитип алат. Экөө барат. Жеткенде тигил кыз түшүп кетип, бир аздан соң кара баштык көтөрүп келет. Кызым анын ичинде эмне бар экенин каяктан билмек эле? Кайра кайтып келе жаткан жеринен кармалып жатпайбы. Тиги кара баштыктын ичинен 1 килограммдан ашык мефедрон чыгыптыр. Ошону менен кызым камалып кетип жатат. Телефону да кызыма катталгандыктан, биз эки жылдан бери эч нерсе далилдей албай жатабыз",- деди анын апасы.

Февраль айында мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө шектелип кармалган адамдардын жакындары президент Садыр Жапаров менен жолуккан. Алар кармалгандардын көбү жаштар экенин, мурда жоопкерчиликке тартылбаганын айтып, айрымдарынын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү, соттолгондордун жазасын жеңилдетүүнү өтүнүшкөн. Мыйзамдарды гумандаштыруу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүшкөн. Жапаров биринчи жолу кылмыш жасагандарга айрым шарттарда ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин айткан. Майда бир канча киши ырайым менен боштондукка чыккан. Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер да дал ушуну суранууда.

"Мен көптөгөн ата-энени билем. Бир миңден ашат. Балдары СИЗОдо сыздап отурат. Күнөөсү бары да бар, күнөөсү жогу да бар. Мен кайрылат элем. Эмне үчүн ушул 282-береге кичине бир жеңлдетүүнү карап көрбөйсүздөр. Жаштар темир тор артында жатканда эмне пайда? Балким айып салса болот беле. Төлөп берет элек. Коомдук жумуштарга тартып, кыз кишилерге бир гуманизация жагын карап беришсе жакшы болмок. Алар келечекте эне да. Алардын психологиясын талкалабай, ошол 282-беренеге гуманизация киргизсе деп ойлойм",- деди кыздын апасы.

"Билип туруп кылмышка барышат"

Каныбек Үсөнов, ИИМ өкүлү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Үсөнов, ИИМ өкүлү

ИИМ өкүлдөрүнүн айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 282-беренсинде жеңилдик каралган эмес. Каралышы да мүмкүн эмес. Мындай өзгөрүүлөрдү кылмыштуу топтор өз кызыкчылыгына колдонуп кетиши мүмкүн. Анткени дүйнөдөгү маңзат таратуучу топтор ар бир мамлекеттин мыйзамындагы өзгөрүүлөрдү байкап, карап турат. Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Каныбек Үсөнов мындай кадамга көпчүлүк жаштар билип туруп, жеңил акчага алданып барып жатканын айтат.

"Алар "закладкага" жумушка орношуудан мурун интернеттен курьер жөнүндө жарнамага кабылды. Курьер болуп иштейм деп жазышты. Негизинен жооп орусча болот. Баарлашуу орусча болуп, курьерлик жумуш, бирок "запрещёнка" дегенди уктуң беле, деп сурашат. Баңгизаттын түрүн жазып, ушуларды билесиңби, дейт. "Ооба, билем" десе, ошону таратуу боюнча жумушка алып жатабыз деп ачык эле айтат. Биздин Кыргызстандын жарандары закладкага жумушка кирерден мурун ошону билип туруп эле киришет. Өздөрү жөнүндө толук маалыматты берип коёт. Паспортунан баштап ким менен жашайт, кайда иштейт, жада калса үйүнүн сүрөтүнө чейин талап кылышат алар. Анын баарын бергенден кийин ошол кылмышкердин тузагына түшөт. Себеби бир "закладка" койгонуң, сен кылмышкерсиң деген сөздү билдирет. Андан кийин кетем десе, келе албайт. Себеби кылмышкер болуп калды да. Анан кураторлор буларды ар кандай ыкмалар менен коркутуп, мажбурлап иштетет. Ушундай учур болуп калса, кайрылгыла. Эгер милицияга жардамдашсаңар, жеңилдик каралат деп биз айтып эле келе жатабыз",- Каныбек Үсөнов.

"Наркоэпидемиядай эле болуп жатат"

Айтымында, Кожомкул айылына шек жараткан ар кандай адамдар көп келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айтымында, Кожомкул айылына шек жараткан ар кандай адамдар көп келет

Соңку айларда социалдык тармактарда жер-жерлерде маңзат каткандар тууралуу видеолор көп тарай баштады. Видеону жергиликтүү тургундар тартып, маңзатка каршы күрөшүүгө чакырып жатышат. Атын атагысы келбеген Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын тургуну бир нече айдан бери айылдагы маңзат каткандар менен күрөшүп келет. Ал айылы көчөмө-көчө маңзат каткандардын чордонуна айланганын айтат.

"Мына бул жерлерде балдар да ойнойт. Ушул жерлерге наркомандар отуруп алып чегишет. Бөтөлкөлөрүн, пакеттерин ыргытышат. Бул жердин баарын таштандыга айлантышты. Башында мен деле билген эмесмин. Эшикке чыксам, жаш балдар, жаш кыздар отурат. Унчукпай эле өтүп кетчүмүн. Качан балдарым үйгө алып келгенде байкап калдым. Өткөндө дал ушул мен турган жерде чукулап жатышыптыр. Мына, бул жакты карагыла, казып салышкан. Таштандыга толгон. Балдарым ойноп жүрүп таап алып, изолентага оролгон таңгакты үйгө алып келишти. Ачсам, ичинде порошок сыяктуу бир нерсе бар экен. Тузга окшош экен. Ошондон кийин текшерип, видеого тарта баштадым. Мына, бул чөптүн алдын карагыла. Тээтиги жакка чейин "закладка" кылып жүрүшөт. Кошуналар баарын билет",- деди ал.

"Уюштуруучулар чет өлкөдөн башкарат"

Маңзат

Үсөнов баңгизатты интернет аркылуу сатуу дүйнө жүзүндө жаңы коркунуч жаратып жатканын айтат. Аны менен күрөшүү бир гана мамлекеттик органдардын милдети эмес, коомдун да жоопкерчилиги дейт.

"Бул жерде бир гана ИИМ же Саламаттык сактоо министрлиги эмес коомдун көйгөйү. Бала ата-эненики. Көбүн эсе балдар тарбия жагынан аксап жатат. Же ата-энеси миграцияда, же ажырашкан. Кээде ата-энеси үйдө отуруп деле тийиштүү тарбия бере албайт. Себеби материалдык баалуулуктун артынан түшүп алган. Баланын курсагы тойсо болду, кийими бүтүн болсо болду. Баланын өспүрүм курагында кандай көйгөйү бар аны менен баарылашуу, аны туура тарбиялоо, баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу айтып берүү деген нерсени ата-эне кылып жатабы? Жок да. Квартал сайын билим берүү департаменти менен биргеликте ата-энелер чогулушуна барабыз. Ал жакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатсаң, биринин артынан экинчиси кете берет. Демек, биз айтып жаткан нерсе ата-энеге кызыксыз болсо баласына кайдыгер караганы ошол эмеспи?",- деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстанда баңгизатка байланыштуу 710 кылмыш аныкталган. Анын 41и интернет аркылуу жасалган. Тиешелүү кызматтардын көзөмөлүнүн жыйынтыгында 69 интернет-дүкөн аныкталып, бөгөттөлгөн. Кыргызстанга негизинен Орусия, Украина, АКШ жана алыскы аралдардан баңгизат жана психотроптук заттарды жөнөтүүгө аракет кылышат. Айрым учурларда аларды тиричилик буюмдарынын ичине катып келишет. Мындай иштерди уюштургандар көп учурда чет өлкөдө отурат.

Шектелип кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси – бул "Баңги, психотроптук заттарды сатуу максатында эмес, мыйзамсыз даярдоо" жана 282-берене – "Баңги, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренелери боюнча айыпталууда.

Биринчи берене боюнча айып пулдан тартып, кылмыштын жагдайына жараша 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Экинчи берене боюнча 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. Айрым коңшу өлкөлөрдө жаза мындан да катаал. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн киши 20 жылга чейин, айрым учурларда өмүр бою эркинен ажыратылат.