"Кызымды айыптап жатышат". Кара-Сууда 6 жаштагы кызга карата ыплас аракеттер болгону айтылды

Ыдыкка кабылды делген кыздын апасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыдыкка кабылды делген кыздын апасы
    • Author, Алмира Абидинова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жеке бала бакчалардын биринде алты жаштагы кызга карата ыплас аракеттер болгону айтылууда. Жабырлануучунун апасынын билдиришинче, кызы бул тууралуу алгач атасына айтып берген. 13-августта милицияга арыз жазышкан. Бирок үй-бүлө тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп, президенттен ишти көзөмөлгө алууну өтүндү. Облустук милиция кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Айыпталып жаткан жаран азырынча комментарий бере элек.

"Бакчада агайым ушинтип эркелетет"

Жабырлануучу кыздын апасынын айтымында, окуя 2026-жылдын август айында Кара-Суу районундагы жеке бала бакчалардын биринде болгон. Кызы бул тууралуу алгач кечки тамак учурунда атасына айтып берген.

"Кызымды атасы алдына отургузуп, эркелете баштады. Бетинен өөп, "садага болоюн, акылдуу, эстүү кызым" дегенде эле кызым сүйлөп баштады. "Мени бакчада агайым ушинтип эркелетет", — деди.

Мен көбүнчө "уят болот" деп тыйып койчумун. Ошон үчүн мага айтпай жүрүптүр. Атасына айтып жатып, балдар уктап жатканда бетинен, кулагынан өбөрүн айтты. Анан ичин ачып алып өбөрүн айтып берди. Жанына отурганда шымын чечип, жыныстык мүчөсүн көрсөткөнүн, аны кармоону суранганын айтты. Кызым кармаганын айтып берди", — дейт энеси.

Ата-энеси кызды чочутуп алуудан коркуп, андан башка жагдайларды сурашкан эмес.

"Бул окуя күн сайын болгонун айтты"

Кыздын апасы 13-августта Кара-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылган. Анын айтымында, тергөөчү кыздын көрсөтмөсүн алган. Ошол учурда кызы бала бакчада ага карата жасалган башка аракеттерди да айтып берген:

"Кызым баарын айтып берип бүткөндөн кийин, катар тизилген отургучтар бар экен, ошол жерге көмкөрөсүнөн жатканда ал жыныстык мүчөсүн көчүгүнө тийгизгенин айтты. Ошол жерде эмне кылышты билбей, ыйладым".

Үйдө бул тууралуу айтпаптыр. Кийин тергөөчү "эмне үчүн ата-энеңе айтпадың" деп сураганда, "уят болот деп ойлодум" деп башын жерге салып туруп калды.

Кызымдын айтымында, бул окуя күн сайын болчу экен. Эжекеси экинчи кабатка тамак даярдаганы чыгып кеткенде же уктап жатканда ушундай кыларын айтты. "Жүз жолу" деп кайталап айтып, мындай көрүнүш жүз жолу болгонун билдирди", — дейт эне.

Үй-бүлө бул окуядан кийин кызды аталган бала бакчага жибербей калган.

Эне мамлекеттик күч органдарына жазган кайрылууларын окуп берип жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эне мамлекеттик күч органдарына жазган кайрылууларын окуп берип жатат

"Кызымды каралап жатышат"

Эненин айтымында, кыздын абалын эксперт-психиатрлар да текшеришкен. Корутундуда кыз болгон окуянын мүнөзүн түшүнүп, өзүнүн аракеттерин аңдай алары белгиленген.

Ал шектүүнүн жакындары телефон чалып, кысым көрсөтүп жатканын кошумчалады:

"Кызың үчүн өзүңө кел, өзүңдү токтот, келип мени менен сүйлөш дейт. Муну менен эмнени сүйлөшөм? Кызымды каралап жатышат. "Кызың өзү бойго жетип калган кыз экен" деп кайра менин кызымды күнөөлөп жатышат. Кызым чоңойгондо залакасы тийбесин деп, унчукпай кетип калсамбы деген ой да болду. Жөн эле кызымды алып чыгып кетип калсамбы деген ой келди. Кайра ойлондум. Ал жерде тили чыга элек да кыздар бар. Тили чыга элек кичине балдар бар. Ошолорго да зыянын тийгизбесин деп, арыз жаздым. Мен туура эле жолдомун деп ойлойм. Чындык үчүн эле күрөшөм".

Жабырлануучу президенттен ишти көзөмөлгө алып, тергөөнүн калыс жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Окуучунун бут кийими
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуучунун бут кийими

Экинчи тарап комментарий бере элек

Кыздын апасы айтып жаткан окуя Кара-Суу районундагы үй тибиндеги бала бакчада болгону кабарланууда. Аны жубайлар иштетет. Биз аталган дарекке барып, окуяга тиешеси бар адамдар менен байланышууга аракет кылдык. Бирок аларды жеринен жолуктура алган жокпуз.

Айыпталып жаткан жарандын жубайы менен телефон аркылуу байланыштык. Ал тергөө жүрүп жатканын айтып, азырынча комментарий бере албай турганын билдирди.

"Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөчү бизге комментарий берүүгө уруксат бербеди. Ошондуктан азыр эч нерсе айта албайбыз", — деди ал.

Анын маалыматына караганда, учурда бала бакча иштебей турат.

Окуя боюнча айыпталып жаткан жарандын өзүнүн позициясын тактоого азырынча мүмкүн болгон жок. Редакция ага жана анын жактоочусунун пикирин угууга даяр.

Милиция: тергөө жүрүп жатат

Кара-Суу райондук милиция бөлүмү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Суу райондук милиция бөлүмү

Ош облустук милициясынын маалыматына караганда, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Жашы жете электерге карата ыплас аракеттерди жасоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция учурда тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Ошондой эле кыздын апасы айыптап жаткан жаран иш боюнча азырынча шектүү деп табыла электигин маалымдады.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар делген жарандар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган", — деп билдирди милиция өкүлү.