Пара алууга шектелип жаткан УКМК төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр камакка алынды

collage
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазовду 2026-жылдын 21-ноябрына, ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовду 9-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун маалыматына ылайык, 10-октябрдагы токтом менен тергөөчүлөрдүн өтүнүчү канааттандырылып, мурдагы УКМК кызматкерлерине карата бөгөт коюу чарасы катары камак тандалды. Алар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) кармалат.

Соттун маалыматына караганда, кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча айып тагылган.

"Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкердик субъекттеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады.

КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында улуттук коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкерлери Д.К. жана А.К. кармалды", - деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул билдирүү менен кошо жарыялаган видеодо жабырлануучу тарап катары көрсөтүлгөн адамга чоң суммадагы акча берилип жаткан учурда мурдагы саламаттык сактоо министрине түспөлдөш киши бөлмөдө отурганын көрүүгө болот.

Азырынча Авазов менен Досмамбетовдун коюлуп жаткан айыптар боюнча пикири белгисиз. Алардын адвокаттары же жакындары комментарий берише элек.

SCREENSHOT

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Күн мурун, 9-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттары УКМКнын мурдагы кызматкерлери кармалганы тууралуу жазып чыгышты.

Курванбек Авазов 2024-жылдын декабрында УКМКнын Терроризмге каршы борбордун директору болуп дайындалган. Ал эми 2025-жылдын декабрында УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна келген.

Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын 24-декабрынан 2026-жылдын 24-февралына чейин Саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган. Буга чейин ал УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеп турган.

2026-жылдын 10-февралындагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин Курванбек Авазов менен Каныбек Досмамбетов ээлеген кызматтарынан бошотулган.