Борбор Азия жана Азербайжан лидерлери Ысык-Көлдө чогулушту. Бул шерине эмне үчүн маанилүү?

Сүрөттүн булагы, official
Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Азербайжан президенти Ысык-Көлдө бейформал жолугушууга чогулууда. Бул жолугушуу дүйнөдө чоң геосаясий өзгөрүүлөр болуп, ири мамлекеттердин Борбор Азияга кызыгуусу күчөп жаткан шартта өтүп жатат. Талдоочулардын пикиринде, Орусиянын Украинадагы согушу, Кытайдын таасиринин өсүшү жана Батыш өлкөлөрүнүн аймак менен кызматташууга умтулушу Борбор Азия мамлекеттерин өз ара байланыштарды бекемдөөгө түртүүдө.
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлеринин жыйыны C6 форматында өтүп жатат.
Бейформал консультативдик жолугушууга Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын лидерлери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов катышууда.
Борбор Азия боюнча саясат талдоочу Чынара Эсенгул бул жолугушуунун маани-маңызы тууралуу буларды айтып берди:
"Борбор Азия самиттери Мирзиеев бийликке келгенде эле башталды. Эң биринчи Астанада өткөн. Ал кезде Нурсултан Назарбаев президент болчу. Демилге Мирзиеевдики. Бул экинчи айлампа. Жалпысынан алганда жакшы жараян. Дүйнөдө глобалдык процесстер өйдө-ылдый болуп, аймактык биригүү Борбор Азиядан тышкары башка аймактарда деле күчөп жатат. Ар бир аймак күчтүү болсо, биримдикте болсо экономикасын өнүктүрө алат. Анткени Кыргызстан, Өзбекстан же Казакстан өз-өзүнчө болсо экономиканын көлөмү инвесторго, өнөктөштөргө кызыктуу эмес. Ошондуктан Борбор Азия чогуу болсо, калкы 80 миллион болуп кетет дегендей. Кийин орус-украин согушу башталаганда Борбор Азия өлкөлөрү бир позицияда бололу деген кыяста ушундай бейформал жолугушууларды уюштуруп жатышат".
Чынара Эсенгул аймактык бул биригүүлөргө Азербайжандын аралашып калышын төмөндөгүдөй түшүндүрөт:
"Орусия санкцияга кабылганда Борбор Азия товарларды алып келүү же алып чыгууда кыйынчылыкка учурады. Эми Азербайжанга келсек, Каспийде "Ортоңку коридор" бар. Анан ошол коридор аркылуу Азербайжанга андан ары Түркияга, Европага товар ташуу эң кыска жол болуп турат. Демек, бул Борбор Азия үчүн өтө маанилүү. Анын үстүнө ачыгын айтканда түрк тилдүү элбиз. Түркия менен Азербайжан өтө жакын. Түркия болсо НАТОнун мүчөсү. Батыш өлкөлөрү Азербайдан менен Борбор Азиянын жакындашына кызыктар сыяктуу. Орусия азырынча жөн гана карап турат. Кандай, эмненин ичинен чыгышар экен дегендей".

Сүрөттүн булагы, social
Лондондо жашаган өзбекстандык саясат талдоочу Алишер Илхамов Орусиянын Украинага каршы согушу постсоветтик мейкиндикте жана жалпы Евразияда кырдаалды туруксуздаштырып жатканын, экинчи жагынан АКШнын Иранга каршы жүргүзгөн операциясы да дүйнөнү олку-солку кылып турганын белгилейт. Анын айтымында, ири державалардын согуштары өзгөчө көмүр суутек ресурстарына байланышкан экономикалык агымдардын бөлүштүрүлүшүнө таасирин тийгизип, дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздукту күчөтүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондуктан Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр аймактагы лидерлер менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн жаңы, альтернативдүү багыттарды издеп жатышат.
"Бул, албетте, Кытай, ошондой эле аймактык лидер катары Индия, Пакистан сыяктуу мамлекеттер менен байланыштарды күчөтүүнү камтыйт. Ошол эле учурда Европа, Батыш Европа багытындагы жаңы жолдорду да издөө зарыл болуп жатат. Орусия аркылуу өткөн түндүк багыттар азыр согушка байланыштуу жабык. Ал жактагы каттамдар чектелүү. Орусия эл аралык санкциялардын капшабында калды. Бул Борбор Азия менен Орусиянын ортосундагы мамиледе белгилүү бир чыңалууну жаратууда. Ошондуктан альтернативдүү жолдорду издөө зарыл болуп жатат.
Мындай багыттардын бири — Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай темир жолунун курулушу. Бул жол аркылуу товарлардын, чийки заттын, капиталдын жана адамдардын агымдарын бөлүштүрүү пландалууда.
Экинчи багыт — Транскаспий жолу. Ал Казакстан же Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизи менен Кавказга, мисалы Азербайжан аркылуу Кара деңизге чыгып, андан ары Батыш Европага багыт алат. Башкача айтканда, Орусияны айланып өткөн альтернативдүү жолдор каралууда.
Ошондой эле мурда Бендер-Аббас, Түркия жана Иран аркылуу өткөн мурдагы багыттар азыр согушка байланыштуу татаалдашты.
Акыркы эки жылда бул аймакта чыңалуулар күчөдү. Мамлекеттер экономикалык темпин жоготуп, стратегиялык рынокторун кайра карап чыгууга аргасыз болууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүн жаңы жолдорду жана жаңы өнөктөштөрдү издөөгө түртүүдө".
Алишер Илхамов бул жолугушуунун бейформал өтүшүнүн себебин төмөндөгүдөй жоромолдоду:
"Мындай жолугушуулардын бейформал форматта өтүшүнүн себеби — бул процессти Орусияга каршы расмий саясат катары көрсөтпөө, Москва менен мамиледе кошумча көйгөйлөрдү жаратпоо аракети болушу мүмкүн".
Борбор Азия лидерлеринин консультативдик кеңеши биринчи жолу 2018-жылы Астанада өткөн. Кийин анын курамы кеңейди. 2023-жылы Азербайжандын лидери Илхам Алиев ардактуу конок катары катышып, бул өлкө кеңешмеге 2025-жылы толук кандуу мүчө болуп кирген. Ошондон бери бул чөлкөмдөгү өлкөлөрүнүн ортосундагы саясий диалогдун маанилүү аянтчасына айланганы айтылып жатат.
Борбор Азия лидердери Түштүк Кавказ менен биримдикти чыңдоого дилгир экенин такай белилеп келет.
































