"Түтөктүк, бирок артка кайткан жокпуз". Үркүндү эскерүү жүрүшү

Үркүндү эскерүү жүрүшүнүн катышуучулары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үркүндү эскерүү жүрүшүнүн катышуучулары
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

31-июль Үркүндүн 110 жылдыгына арналган жөө жүрүштүн акыркы күнү. Элүүдөй адам 110 чакырым жолду жөө басып, Сөөк ашуусун ашат. Би-Би-Си улуттук жана тарыхый аң-сезимди бекемдөө максатында узак жана түйшүктүү жолго чыккан адамдар менен аралыктан байланышты.

"Кечээ 30-июлда Сөөк ашуусунун оозундагы түнөккө жеттик.

Бүгүн 4012 метр бийиктиктеги Сөөк ашуусун ашып, дагы 16 чакырым жөө басып, артка кайтабыз".

Бул жазуу "Эсимде" аянтчасынын социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Жөө жүрүш 25-июлда Ысык-Көл облусунун Тосор айылында башталган. Алар Кыргын-Сай, Дуулат-Булак, Ашуу-Төр, Жанек баатырдын конушу, Сары-Мойнок, Барскоон ашуусу, Ара-Бел, Сөөк ашуусун ашууну максат кылышкан. Алтынчы ирет өтүп жаткан бул жүрүштүн катышуучулары жалпысынан 110 чакырым жол басышат.

Иш-чараны "Тосор коому" жана "Эсимде" изилдөө аянтчасы биргеликте уюштуруп жатат.

Бүгүн, 31-июлда алар 4012-метр бийиктиктеги Сөөк ашуусун ашып, кайра артка кайтышат. "Тосор коому" бирикемесинин тең негиздөөчүсү Айбек Сарыгул иш-чаранын максаты тууралуу буларды айтып берди:

"Эскерүү жөө жүрүшү – 1916-жылдагы окуяларды эске тутуу жана ошол учурдагы окуялардын анализин чыгаруу максатында жүргүзүлгөн иш-чара. Быйыл Үркүндүн эскерүү жүрүшү алтынчы жолу өтүп жатат. Үркүндүн 110 жылдыгына арнап, жети күндө 110 чакырым жол басалы деп турабыз. Сөөк ашуусун ашабыз быйыл. Анан кийин бара-бара Беделди да ашып, Турпанга чейин баралы деген ниеттебиз".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Уюштуруучулар жөнөткөн сүрөт-видеолордон катышуучулар сайдан түшкөн муздак сууларды кечип, жаан-чачынга карабай, ашууларды ашып баратышканын көрүүгө болот. Алардын айрымдары жети күн бою колунан кыргыз желегин түшүрүшкөн жок. Трекингге чыккандардын арасында жаштар арбын.

"Мен бул убакка чейин Үркүн тууралуу китеп беттеринен гана окуп жүрсөм, азыр Үркүндү эскерүү жүрүшүнө катышып жатып, ата-бабаларыбыз кандай ашууларды ашканын, кандай кыйынчылык көргөнүн бираз да болсо сезе алдым. Ошондой болсо да эскерүү жүрүшүндөгү кыйынчылык менен алардыкын салыштыруу мүмкүн эмес. Биримдиктин деми бекем болот экен. Бул жактан комуздун күчүн, дараметин сезе алдым. Бул жактан камкордук, тилектештик, биримдикти сезе алдым", - деди студент Умар Эргештегин.

Дагы бир студент Мырзагүл Муктарбек дагы жүрүштүн катышуучулары аны шыктандырганын белгиледи:

"Бул жүрүштө мени адамдардын ак ниеттүүлүгү, бейкайдыгерлиги суктандырды, шыктандырды десем болот. Элестетиңиз, жети күн бою адамдар өзүнүн тиричилигин, жумушун жыйыштырып, эс-тутумубуз сакталсын деп жүрүшкө аттанышты. Анан бул жүрүштө канча кыйын жолдорду басып өтүштү, сууларды кесишти, ашууларды ашышты. Күндүн суугуна, ысыгына карабай, чыдап, бири-бирине жардам берип, кайдыгер болбой, ушул жолду дагы деле басып өтүп жатышат. Мениче, мындай демилге, мындай жүрүштөр адамдардын мындан ары дагы келечекке умтулуусуна, тарыхыбыздын сакталышына, эс тутумубуздун сакталышына өбөлгө түзөт".

Уюштуруучулардын айтымында, жүрүштүн максаты – тарыхый эс тутумду бекемдөө. Үркүнгө байланыштуу жайларды коомдун аң-сезиминде жаңылоо болуп саналат.

"Биз мөңгүлөргө жетип калдык. Бул жерде суук. Дээрлик 4000 миң метр бийиктикке жакындадык. Бизге өтө оор боло баштады, түтөгүп жатабыз. Бирок кишилер жүрүшүн токтоткон жок. Бир нече киши артка кайтты. Антсе да дээрлик 50 киши алдыга токтобой баратабыз. Бири-бирибизди шыктандырып баратабыз. Эч ким кежирленип, чыргоолонгон жок. Биз үчүн бул тур маанилүү, биз үчүн Үркүн маанилүү. Бул өтмүш эмес, бул азыркы учур жана келечек. Башында өткөндү эскеребиз деп ойлогонбуз. Ооба, көбүбүздө Үркүнгө байланыштуу жеке тарыхый окуялар бар. Өтө оор учур болгон. Бирок жүрүштүн бешинчи күндө бул келечек экени жөнүндө сүйлөштүк. Келечек муун өзүн иишенимдүү сезиши керек. Мындан ары мындай трагедия кайталанбасын, Үркүн бүтсүн. Ошондуктан өткөндү эскере жүрушүбүз керек. Ошондо биз акылман жана күчтүү болобуз", - деди "Эсимде" аянтчасынын негиздөөчүсү Элмира Абылбек.

Тарыхчылар 1916-жылдагы колониялдык саясатка каршы Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө падыша бийлиги жергиликтүү калкты ырайсыздык менен жазалаганын белгилеп жүрүшөт. Кытайга качкан кыргыздар жолдо да кырылган. Ар кыл маалыматтар боюнча 200 миңге чукул адам өлүп, түндүк аймактагы калктын саны 40 пайызга кыскарган. Совет доорунда бул окуяга акыйкат баа берилген эмес.